Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Депутат аэропорт жетекчилигин күнөөлөдү


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу 16-январдагы учак кырсыгында “Манас” аэропортунун жетекчилигин шалаакылык кылды деп күнөөлөдү.

Эл өкүлү аэропорттогулар окуяга дароо реакция кылбаганын, кырсык тууралуу тиешелүү органдарга жөнөкөй тургундар кабарлаганын мисал келтирди. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Бирок аэропорт өкүлү Улугбек Рахманкулов бул дооматты четке кагып, убагында эле чара көрүлгөнүн белгиледи. Ал “учак коно албай, аэропорттун үстүнөн айланып учкан” деген маалыматтын да туура эместигин айтып, дароо эле конгонго аракет кылганын кошумчалады.

Акыркы маалыматтарга ылайык, апааттан өлгөндөр саны 38ге жетти. Куткаруу-тазалоо иштери уланууда. 16-январда Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк учагы май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конууга аракет кылганда Дача айылына кулап түшкөн. Курман болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айыл тургундары. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG