Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Казакстандагы беш институционалдык реформа боюнча президент Назарбаевдин "100 кадам" программасы 20-майда коомчулукка жарыяланды.

Бул программада белгиленгендей, анын максаты - Казакстанды дүйнөдөгү өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошуу.

Нурсултан Назарбаев 29-апрелде алтынчы ирет президенттик кызматка киришип жатып, Казакстанды байдөөлөт мамлекеттердин катарына кошуунун "100 кадамын" же мерчемдүү ишке ашырылчу 100 иш-чараны чукул арада жарыялайм деп убада кылган.

Мындай планды жарыялоо себебин Назарбаев 21-22-майда өткөн Астана экономикалык форумунда глобалдык экономикадагы туруксуздук жана дүйнөлүк коомчулуктун тынчтыкты камсыздай албай калганы менен түшүндүрдү.

Казакстандагы бийлик түзүмүн реформалоо боюнча 20-майда жарыяланган планда жүзөгө ашырылчу 100 конкреттүү иш-чара каралган. Башкы максат - Казакстанды дүйнөдөгү АКШ, Жапония, Норвегия сыяктуу өнүккөн 30 мамлекеттин бирине айлантуу. Ал үчүн беш институционалдык реформа жүргүзүлүшү абзел. Биринчиден, чиновниктер “чү” дегенде эле чоң кызматка отурбайт, эң төмөнкү кызматтан баштап, бардык тепкичтерде иштеп көрүүсү шарт. Мамлекеттик кызматка чет өлкөлүк таланттуу адис-менеджерлер тартылат. Эмне үчүн? Себеби, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, норвегиялык Финн Эрлинг Кидланд Астана экономикалык форумунда айткандай, азыр казак экономикасы туруктуу өсүшү үчүн эл аралык деңгээлдеги адистер жетишпейт.

Экинчиден, сот жана тартип сактоо органдары жеке менчик ээлеринин кызыкчылыгын камсыздап, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргошу абзел.

Үчүнчүдөн, экономиканы диверсификациялоо жана сапаттык жаңы баскычка чыгаруу үчүн тездик менен орто класс калыптандырылат.

Төртүнчүдөн, казакстандыктар чет өлкөлүк адистер менен атаандашкандай болуусу жана бирдиктүү коом түзүү үчүн жогорку класстар менен университеттерде окуу казак, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Институционалдык бешинчи реформага ылайык, мамлекеттик мекемелердин ишмердигин жана чечимдеринин кабыл алынышын эл көзөмөлдөй ала турган система түзүлөт.

Казак парламентинин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр жыйынынын депутаты Турсунбек Өмүрзаков “Азаттык” радиосуна президент Назарбаевдин “100 кадамы” чарба жүргүзүүнүн механизмин өзгөртүүгө көмөктөшөт деген ишенимин айтты:

- “100 кадам” реформасы биздин элге өтө керектүү. Себеби, азыркы кыйчалыш абалдан чыгуубуз зарыл. Ал үчүн экономикада структуралык реформа жасоо абзел. “100 кадам” андай мүмкүнчүлүктү түзөт деп ойлойм.

Ушу тапта Казакстандын экономикасы негизинен жаратылыш байлыктарын өндүрүүгө ыңгайлашып, даяр продукцияларды чыгаруу жакшы өнүкпөгөн.

Кээ бир казакстандык эксперттер Нурсултан Назарбаевдин “100 кадамын” Н.С. Хрущёвдун 1980-жылы СССРде коммунизм курулат деген же Михаил Горбачевдун борборлук пландоодон эркин экономикага өтүүнүн “500 күн” программасы сыяктуу “туулбай туна чөкчү” куру кыял дешет. Ал эми алматылык саясий серепчи Айдос Сарымдын оюнча, береги программаны эл жапырт колдоосу үчүн ал жалпы элдик талкууга коюлуп, жарандардын сунуштары эске алынышы керек болчу.

- Бир нерсени жакшы жасоо үчүн оболу жакшы талкуу болушу керек. Бизде болсо “сунуш кылдык, силерге жагабы-жакпайбы баары бир дегендей болууда. Бул талкуу же диалог эмес. Бул монолог. Монолог болгон соң кайсы бир жарандар Сирияга кетти, кайтып келди деген өңдүү аңгеме болот.

Айдос Сарымдын пикирине макул эместер да бар. Орусиянын “Сбербанкынын” төрагасы Герман Греф Москвада чыкчу бейөкмөттүк “Ведомости” гезитине президент Назарбаевдин “100 кадамын” “Сингапур кереметинин” атасы Ли Куан Юнун программасына салыштырды. Сингапурду 31 жыл башкарган Ли мекенин дүйнөнүн эң өнүккөн 10 мамлекетине кошкон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG