Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Москвада Немцовду эскеришти


Немцовду эскерүү маршына ар кандай маалыматтар боюнча 15 миңдей адам катышты.
Немцовду эскерүү маршына ар кандай маалыматтар боюнча 15 миңдей адам катышты.

Москвада Борис Немцовду эскерүү маршы өттү. Ыктыярчылар тобунун маалыматына караганда акцияга 15 миңдей киши катышты. Кремлдин сынчысы, мурдагы вице премьер-министрди мындан эки жыл мурун баш калаанын борборунда атып кетишкен.

26-февралда эртең менен Москвадагы Пушкин аянтында миңдеген киши чогулуп, Сахаров проспектисине бет алышты. Шаар мэриясынын уруксаты менен өткөрүлгөн акция жергиликтүү убакты боюнча саат 16да аяктап, негизинен тынч өттү.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Кремлге жакын жердеги Замоскворецкий көпүрөсүнөн ок жеп мерт болгон.

Өткөн октябрда кылмыш боюнча сот башталып, айыпталып жаткан чеченстандык беш киши күнөөлөрүн четке кагып келатышат. Немцовдун тарапкерлери болсо аны өлтүрүү буйругун берген кишилер табылбай, сот жообуна тартылбай калат деп чочулашат.

Маркумду эскерүү акциялары Орусиянын бир катар башка чөлкөмдөрүндө Ростов, Санкт-Петербург, Немцов туулуп өскөн Нижний Новгород шаарында да болду.

Москвадагы акция катышуучуларын полиция катуу текшерүүдөн өткөрүп жатты.

Жүрүшкө чогулгандар Орусиянын жана ПАРНАС оппозициялык партиясынын, "Тилектештик" кыймылынын эн-белгилери тартылган желектерди көтөрүп чыгышты. Көптөрү Немцовдун сүрөтүн, “Украинадагы согуш – Путиндин кылмышы”, “Биздин бийликтегилерден артыкчылыгыбыз – чынчылдыгыбыз” өңдүү жазуулары бар плакаттарды кармап турушту.

- Орусиядагы кырдаал бир нерсени өзгөртө турган чекке жетти. Анын ичинде бийликти да өзгөртүү зарыл. 15 жылдан бери бир гана адам бийликте турат. Бул нормалдуу көрүнүш эмес. Бул демократия эмес, - деди жүрүшкө катышкан Юрий Калина деген мугалим.

Ал эми 63 жаштагы пенсионер Юрий Константинов жарандык милдетин аткарып бул иш-чарага катышканын, бирок оппозициянын аракеттеринен майнап чыгарына көзү жетпесин айтты:

- Мен эч кандай үмүт деле арткан жокмун. Бирок өз оюн карманып, ага кызмат кылуу бул ар адамдын милдети деп эсептейм. Ал эми жыйынтыгы кандай болот белгисиз. Менимче дүйнө жүзү туура эмес жолдо бараткандай.

59 жаштагы Ибрагим Османов Москвага Крым жарым аралынан атайын бул эскерүү маршына катышуу үчүн келген. Аны менен кошо 10 чакты киши Крым татарларынын желегин, “ Крымдагы репрессияларды токтокула. Украиналык саясий туткундарга боштондук” - деген ураанды кармап турушту.

- Немцов ар дайым крым-татар элин колдоп келген. Биз анын жаркын элесин эскерүү үчүн келдик. Ал биздин төбөлсүздүгүбүз үчүн күрөшүп, басып алууга каршы чыгып келген - деди Османов.

Чогулган активисттер Немцовду эскерүү тактасын орнотуу үчүн кол топтошту. Кайрылуу Москва шаарынын бийлигине жөнөтүлмөкчү.

Катышуучулар ошондой эле оппозициячы атып өлтүрүлгөн жердеги расмий эмес мемориалдын улам жок кылынышын иликтөөгө чакырышты.

Ал эми маркумдун кичи мекени Нижний Новгороддо эскерүү иш чарасына 400дөй киши чогулганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG