Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Францияда президенттикке талапкер Фийонго кылмыш иши козголду


Франсуа Фийон.
Франсуа Фийон.

Француз прокуратурасы мурдагы премьер-министр, президенттикке талапкер Франсуа Фийонду мамлекет каражатын ыксыз сарптаган деп кылмыш ишин козгоду.

Саясатчыга байланыштуу жаңжал январда тутанган. Француз медиасы Фийон депутат кезинде өз жубайын жардамчы катары каттап, чынында иштебесе да ага жүз миңдеген евро маяна бөлдүргөнүн жазып чыгышкан. Бул маалыматтардан соң француз прокуратурасы алдын ала иликтөө баштаган.

Республикачыл талапкер жубайын ишке алганы үчүн кечирим сураганы менен кандайдыр бир кылмышка барды деген айыптарды четке кагууда.

14-мартта анын партиялаштары шайлоо кампаниясы улана берерин билдиришти. Мурдараак Фийон тергөө башталса, шайлоого катышпасын айткан эле.

Талапкерлер рейтингинде эң алдыда келаткан Фийон азыр ашынган улутчул Элдик фронттун лидери Марин Ле Пенден кийинки экинчи орунга түштү. Франциядагы шайлоонун биринчи айлампасы 23-апрелге, экинчиси 7-майга белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG