Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Нидерланд: ЕБдагы сыноо ийгиликтүү болду


Марк Рютте.
Марк Рютте.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте парламенттик шайлоодо маанилүү жеңишке жетишти. Сурамжылоолор шайлоону ашынган улутчул, мусулмандарга каршы билдирүүлөрү менен белгилүү популист саясатчы Гирт Вилдерстин партиясы жеңээрин көргөзүп келген. Европа биримдигинен чыгууну колдогон улутчулдардын популярдуулугу өсүп жаткан европалык лидерлер бул өлкөдөгү шайлоого өзгөчө байкоо салып турушту.

Добуштардын 90 пайызы саналып бүткөн маалда өкмөт башчы Марк Рюттенин борборчул-оңчул Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы 150 орундуу парламентте 33 орун алганы белгилүү болду. 2012-жылкы шайлоодо партия мындан көп - 41 мандат жеңсе да, бул – күтүлгөндөн көп болду.

- Бул түнү Нидерланд Брексит, Америкадагы шайлоодон кийин жаңылыш популизмге жол жок деп жооп берди.

Ашынган улутчул Гирт Вилдерстин Эркиндик үчүн партиясы парламент орундары үчүн жарышта экинчи болуп келди. Аларга мурдагыга караганда көбүрөөк, атап айтканда 20 мандат тийди. Христиан демократтар менен борборчул демократтар ар бири 19 орундан утушту.

Европалык бир катар лидерлер, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Рюттени куттукташты.

Юнкер шайлоо жыйынтыгын "бул – Европа үчүн, экстремизмге каршы добуш берүү болду” деп комментарийледи.

Өз эркин билдирүүнү каалаган добуш берүүчүлөрдүн саны рекорддук 81 процентти түздү. Салыштыруу үчүн - мындан беш жыл мурунку өнөктүккө шайлоочулардын 75 проценти катышкан.

Шайлоонун алдындагы бардык сурамжылоолор Вилдерстин утаарын боолголоп, Рюттенин партиясы мындай ийгиликке жетишет деп күткөндөр аз болгон. Эми премьер 2010-жылдан бери 3-ирет өкмөт куруу мандатын алмакчы.

Рюттенин коалиция боюнча шериги – Жумушчу партия болсо, болжолдонгондон да начар көрсөткүчкө жетиштип, тогуз гана орун алып калды.

Вилдерс болсо шайлоонун алдын ала жыйнытыктары белгилүү болгодон кийин бул анын “акыркы сөзү эместигин” айтты:

- Рютте мырза менден кутулган жок. Патриоттук жаз уланууда жана жаңы башталат. Мени, партиябызды дагы сүйлөшүүлөргө чакырышат. Андай болбосо, макул, бирок менден оңой кутула албайт. Бизге дагы 19-20 киши кошулат жана өкмөткө каршы оппозиция түзөбүз, алардын абалын күндөн-күнгө татаалдаштырабыз.

Нидерланддагы шайлоо Европа биримдигиндеги истеблишментке каршы маанайдын канчалык күчтүү экенин көргөзгөн биринчи сыноо болуп калды. Ошондой эле Британиянын шаркеттен чыгууну колдоп добуш бериши, Дональд Трамптын АКШдагы шайлоодо жеңишинен кийин 28 өлкөнү камтыган блоктун жашап кетүү шанстарын аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири катары каралууда.

Нидерланддан кийин көңүл чордонунда май айындагы президенттик шайлоого даярданып жаткан Франция болмокчу. Ашынган оңчул, улутчул "Улуттук Фронт" партиясынын төрайымы Марин Ле Пен, элдин пикирин сурап билүүлөр боюнча, ат салышуунун экинчи айлампасына чыгып, бирок утулуп калышы мүмкүн.

Ал эми биринчилерден болуп Нидерландды ийгиликтүү шайлоо менен куттуктаган Германияда сентябрдагы парламенттик шайлоодо мигранттарга каршы платформадагы евроскептиктердин “Германия үчүн Альтернатива партиясы” федералдык парламентке биринчи жолу кирүүгө аракеттенмекчи.

Рютте добуш бергенден кийин бул шайлоо “терс популизмдин домино эффектисин токтотуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болмокчу” деди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG