Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Таарынгандар менен өз кызыкчылыгын ойлогондор оппозицияга улам кирип-чыга берип, анын кедерин абдан эле кетиришти.

Ушундай пикирдеги талдоочулар, бүгүнкү күндө оппозиция дагы түп-тамырынан өзгөрүүсү керектигин айтышууда.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары оппозицияда жүргөн айрым саясатчылар бүгүн да бийликке каршы чыккандардын катарын толуктап жүрүшөт. Алардын топ башында Топчубек Тургуналиев, Өмүрбек Текебаев өңдүү таанымал саясатчылар бар. Араларында кечээ эле Бакиевдин башкаруусун мактап жүргөндөрү да жок эмес. Ошол эле Т. Тургуналиев деле мындан бир-эки жыл мурда Бакиевге каршы чыккандарды бийик трибунадан “бузукулар” деп тилдеп турган.

Өткөн айдагы президенттик шайлоодо Бакиевдин негизги атаандашына айланган Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев деле борбордук аянтта президентти тилдеп атып, капысынан премьер-министрге айланып кеткен жайы бар. Учурдагы режимдин элдешкис душманындай болгондору деле кызмат сунушталса ары өтө калып, бир тобу бүгүн да чоң кызматтарда отурушат.

Талдоочулардын пикиринде, оппозиция аттуу саясий институтту дал ошондой туруксуз, эски, тажатма, көчө саясатчылары бузуп, эл алдында да жаман көргөзүп коюшту.
Оппозиция стратегиялык жактан дагы, тактикалык жактан дагы азыр уттуруп атат. Бекбосун Бөрүбашев


Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, бул жерде бийликтин да күнөөсү бар. Анткени, бул институттун өнүгүшү үчүн мурдагы бийлик да, азыркысы да кылдай иш кылышкан жок. “Керек болсо оппозиция тууралуу атайын мыйзамдарды кабыл алып, алардын системалуу иштешине шарт түзүү керек болчу”,- дейт ал:

- Оппозиция стратегиялык жактан дагы, тактикалык жактан дагы азыр уттуруп атат. Мына, 2005-жылдагы оппозицияны алалы дагы, анан бүгүнкү, төрт жылдан кийинки оппозицияны алып көрөлү. Алардын эч кандай иштери, күрөшүү жолдору, пландары, уюштуруу иштери дагы өзгөргөн жок.

Негизи оппозицияга эң негизги эки нерсе жетишпей жатат. Биринчиси, оппозициянын укуктук негизи жок. Эки жыл мурда өз сунушубузду киргизгенбиз. Саясий оппозиция боюнча өзүнчө бир мыйзам кабыл алынса деп. Оппозиция тууралуу мыйзамдар демократиялык өлкөлөрдө бар. Экинчиси, уюштуруу жагы начар.


Талдоочулардын баамында, бүгүнкү оппозиционерлер бардык жагынан эскирип, жаратмандык жагы калган жок. Андыктан, бийликтин башкаруу системасы гана эле эмес, бүтүндөй оппозиция институту түп-тамырынан өзгөрсө жакшы болот эле дешет. Себеби бүгүнкү оппозиция уюштуруучулук, жаңычылдык жагынан да аксап, коомдук процесстерден артта калып аткандай түр көрсөтүүдө.
Оппозиционер болом деген адамдар эмес, Кыргызстанды өнүктүрөбүз, жаңы баскычтарга көтөрөбүз деген көз караштагылар керек. Нурмат Жумаканов

Жаш саясий серепчи Нурмат Жумакановдун пикиринде, ушул турган абалы менен оппозиция күзүндө деле бийликти солкулдатчу күч боло албайт. Анүчүн коомду жаңы баскычтарга көтөрө алууга көздөрү жеткен, даяр программалары, бекем позициялары бар жаш, жаңы саясатчылар керек:

- Жаңы көз караштагы, жаңы ой пикирдеги адамдар керек болуп турат оппозицияга. Оппозиционер болом деген адамдар эмес, Кыргызстанды өнүктүрөбүз, жаңы баскычтарга көтөрөбүз деген көз караштагылар керек.

Ошол жаңы адамдар өздөрүн “оппозициябыз” деп көрсөтпөй, “биз өлкөнү өнүктүрө турган адамдарбыз” деген маанайда көрсөтүп, эл ошондой кабыл алыш керек да. Ошондо, кээ бир жерлерде алардын пикирин бийликтики менен бир чыгып калышы мүмкүн, тескерисинче башка жерлерде каршы болуп калышы мүмкүн.

Ошентип, президент да башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү ниетин айтып, жаңы кадамдарга барып аткан чакта, режимдин каршылаштары да жаңы баскычка көтөрүлчү мезгил келгени айтылууда. Бирок ээрге бекем отурган бийлик төбөлдөрү оңой менен өздөрүнө олуттуу каршылаш боло алчу, жаңы, жаш, акылдуу, позициясы бекем атаандаштардын топтоло коюшуна жол бербейт дешет. Анткени сыры, өнөрлөрү белгисиз жаңы күчтөн көрө, кыйкырып-кыйкырып тим болчу эски атаандаштардын кала бергени ынгайлуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG