Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Жапондордун Komatsu компаниясы жасаган робот-самосвалда айдоочу отурчу кабина жок. Innovative Autonomous Haulage Vehicle (IAHV) деп аталган мындай робот-көлүк сентябрдын аягында Лас-Вегаста өткөн "MINExpo 2016" эл аралык жармаңкесинде көрсөтүлдү.

Робот көлүктүн узундугу 15 метр, туурасы 8.5 метр жана кубаты 2700 аттын күчүнө барабар. Дөңгөлөгүнүн чоңдугу 59/80R63. Ал 64 км/саат ылдамдыкта жүрүп, 230 тонна жүк көтөрөт. Дөө көлүктүн 930 Е тиби 2008-жылдан бери Чили жана Австралиянын карьерлеринде сыналып, 1 миллион тоннадан көп шагыл ташыган. Ага артка кетүү үчүн кадимки автомобилдерге окшоп алдыга, артка жүрүп туруп, анан барчу жагына бурулуу зарыл эмес. Анткени ал үчүн алдыга же артка жүрүүнүн айырмасы жок.

Робот-самосовалга жүк жүктөлүп же түшүрүлүп жатканда салмак төрт дөңгөлөккө бирдей түшөт. Жүрүп баратканда ар бир дөңгөлөгү кыймылдаткыч менен чогуу иштеп, жүк бардык дөңгөлөктөрүнө тегиз бөлүнгөндүктөн жамгырда же тайгак жолдо ынтыкпай ишенимдүү кетет.

Ошого адистер жапондордун IAHV cамосовалынын техникалык мүнөздөмөсү Tesla жана Google компаниялары жасаган бул типтеги дөө көлүктөрдөн алда канча мыкты.

(Кеңири маалымат үчүн караңыз: http://newatlas.com, http://www.techtimes.com, http://www.komatsu.com/, http://www.digitaltrends.com)

“Көздүү”- учактарды көрүп туруучу радар

Көзгө көрүнбөгөн “көздүү”- учактарды көрүп, таап алчу радар чыкты. Андай кванттык радарды жасаганын Кытай электротехнологиялык корпорациясы (China Electronics Technology Group Corporation (CETC)) жарыя кылды. Аскер техникасын жасоочу корпорациянын маалымдашынча, кванттык радар 100 километр радиусунда көрүп, учуучу аппараттарды байкоого алат; америкалык, британиялык жана германиялык атаандаштарына караганда 500 эсе мыкты. Бул теориялык жактан алганда, кванттык радар стелс-технологиясы менен жабдылган жана кадимки радардык станцияларга көрүнбөгөн көздүү учактарды жана башка учма аппараттарды 100 чакырымдан да алыс аралыкта көрүп таба алат дегенди билдирет.

Кадимки радарлар учма объекттерди радио толкундун жардамы менен табат. Ошондуктан бутаны табууда радиотолкундарга самолеттун аянтын аз кылып көрсөтчү өзгөчө формасы же радио жыштыктын диапазонун сиңирип алчу сыртын каптаган материал тоскоол болот. Ал эми кванттык радар системасы радиотолкундун ордуна чырмалышкан фотондорду пайдаланат. Чырмалышкан фотондор бута объекттен кайра секирип, кванттык радарга келет жана анын турган ордун (позициясын), электромагниттик талаасынын кубатын, ылдамдыгын, багытын, көлөмүн дагы башка параметрлерин аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле каршы тараптын радарында калган чырмалышкан фотондорду өзгөртүү же алмаштыруу (кванттык корреляциялоо) аракетин кванттык радар ошо замат билет. Анын дагы бир артыкчылыгы кадимки радардык станциялар сыяктуу сырттан келген сигналдарды кабыл албайт. Бул сапаттары абадан сокку уруудан коргонуу күчтөрү үчүн абдан баалуу. Себеби ядролук дүрмөттү үйлөмө муляждар менен алмаштырып койгонго мүмкүндүк бербейт. Береги кабар Кытайда илимий-техникалык изилдөөлөр чоң масштабда жүрүп жатканын жана кванттык радардай алдыңкы технология тез арада кубаттуу куралга айланышы мүмкүн экенин жышаана кылат.

(Булагы:http://www.popsci.com, http://www.popularmechanics.com, http://www.dailygalaxy.com, http://www.extremetech.com)

Кыңыр иш 40 жылдан кийин билинет...

Канттын жүрөк-кан тамыр оорулары менен байланышы тууралуу маалыматты жаап-жашыруу үчүн АКШнын кант индустриясы 1960-жылдары атактуу Гарвард университетинин эксперттерине акча төлөгөн. Акча алган профессорлор 1967-жылы New England Journal of Medicine журналына жазган жыйынтыктоочу макалада канттын жүрөк оорулары менен байланышы тууралуу маалыматтарды ишенимсиз дешип, бирок жүрөккө майдын зыяны бар экенин жазышкан жана жүрөк илдетине каршы күрөшүү үчүн кандагы май менен холестролду азайтууну сунуш кылышкан. Калифорниядагы Сан-Франциско университетинин (University of California, San Francisco, UCSF) илимоздору китепканалардын фондуларында сакталган документтерди, анын ичинде окумуштуу-эксперттердин каттарын, илимий симпозиумдардын программаларын жана жылдык баяндамаларды изилдөөнүн негизинде ушундай тыянакка келишкен. Алардын изилдөөсү JAMA Internal Medicine журналынын сентябрдагы санына жарыяланды.

Алмурут жүрөк оорудан сактайт

АКШнын Колорадо мамлекеттик университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөөгө 45-60 жаш курагындагы 50 адам катышкан. Аларга эксперимент маалында ар күнү орточо эки алмурут же алмуруттун ширесинен жасалган 50 грамм таблетка берилген. Эксперимент бүткөндөн кийин ага катышкан 36 адамдын кан басымы жана көк тамырдын (артериянын) согушу базалык деңгээлге салыштырганда төмөн болгон.

“Бул эмне үчүн бүгүн маанилүү? Кант өнөр жайы изилдөөнүн багытын бурууга көмөктөшкөн. Гарварддык окумуштуулар командасындагы фаворитизм изилдөөлөрдү жана саясатты май менен холестролго бурууда роль ойногон. Ырасында эле, АКШнын федералдык өкмөтү 1980-жылы жарыялаган диета - мүнөз тамак боюнча сунуштамада канттын жүрөк илдетин жаратары тууралуу ынанымдуу далилдер жок, кантты көп жегендин чоң зыяны- тишти бузат, кариести пайда кылат”, - дейт жогорудагы изилдөөнүн авторлорунун бири, аталган университеттин Саламаттык саясатын изилдөө институтунун (UCSF’s Institute for Health Policy Studies) стоматологу Кристин Кернс (Cristin Kearns).

Гарвард университетинин аталган баяндамасынан кийин ондогон жылдар бою илимий изилдөөлөрдө май жана холестролго көп көңүл бурулуп, майы аз, атүгүл кант кошулган азык-түлүк пайдалуу экенин далилдегенге тырышкан изилдөөлөр көбөйгөн. Ошентип отуруп, Кернс айткандай, 2015-жылы гана кантты пайдаланууну чектөө тууралуу диетологдордун билдирүүсү жасалган. Жүрөк дартын изилдеген окумуштуулардын быйылкы изилдөөлөрү такай кантты көп пайдаланган адамдарда жүрөк кан-тамыр оорусуна чалдыгуу коркунучу үч эсе жогору болорун көрсөттү. Американын Кант өндүрүүчүлөр ассоциациясы (Sugar Association) Гарвард университетинин окумуштуу-диетологдору менен жашыруун келишим болгонун моюнуна алды.

(Кеңири маалымат үчүн караңыз: http://www.usatoday.com, http://archinte.jamanetwork.com, http://www.sciencenews.org, https://www.sciencedaily.com)

Tайфун Жапонияга 50 жылдык энергия берет

Шамал генератору тропикалык циклонго каршы гана турбастан, анын кубатын электр энергиясына айлантат. Жапониялык инженер Ацуши Шимузи (Atsushi Shimizu) жасаган шамал генераторунун трубинасы кадимки электр трубинасына окшош эмес. Анын формасы соку таштай болуп, жерге тигинен орнотулат. Ал эми бири-бирине шакектелген соку таш формасындагы үч калак-батпареги мамынын төбөсүнө орнотулган жана тайфун айдаган шамалда жарыша айланып, тилсиз табияттын кыйратуучу күчүн электр энергиясына айлантып турат. Тайфун менен таймашчу трубинанын эксперименталдык үлгүсү сынак маалында шамалдын күчүн электр энергиясына айлантуудагы эффективдүүлүгү 30% жеткен. Роторлуу жана калак-батпаректүү классикалык турбиналардын эффективдүүлүгү 40% тете. Бирок Ацуши Шимузинин шамал генераторунун артыкчылыгы: ал тегерегиндегинин баарын жексен кылчу тайфун менен көкүрөк тирешип, анын күчүн “соруп” алат.

Флоридадагы Атлантика океан таануу жана метеорология лабораториясынын изилдөөсүнө ылайык, кемелине жеткен тайфун болжол менен дүйнөдө өндүрүлгөн бардык электр энергиянын теңине жакын кинетикалык энергияны жаратат.

Жапония 2011-жылы Фукусима АЭСинде болгон кырсыктан бери керектеген электр энергиясынын 84% сырттан сатып алат. Апааттан кийин жапон өкмөтү күндүн кубатын пайдаланууга көңүл буруп, шаарларда үйлдүн чатырларында күн панелдери пайда боло баштаган.

Windpower Intelligence изилдөө борборунун билдиришинче, 2013-жылкы Usagi тайфуну кезде Кытайдын чыгышындагы Гуандун провинциясындагы Хонгхаиван (Honghaiwan) жел тегирмендер станциясынын шамалдан иштечү сегиз генератору кыйрап, дагы сегиз генератору катуу зыян тарткан. Usagi ал жылы Азиядагы экинчи кубаттуу тайфун болгон.

Быйыл эле Жапонияда алты жолу тайфун болду. "Жапонияда күндүн кубатына караганда шамалдын кубаты мол, бирок ал пайдаланылбайт. Ошого Жапонияда шамалдын энергиясын пайдаланчу супердержава болуу мүмкүндүгү бар", - дейт Ацуши Шимузи Cи-эн-эн телеканалына берген маегинде. Ал ошого тийиштүү сандагы шамал генераторлору орнотулса, бир тайфун Жапонияны 50 жылдык энергия менен камсыздай алат деп ишенет. Инженер Ацуши Шимузи Challenergy компаниясынын негиздөөчүсү.

(Булагы: http://www.cnn.com, http://www.dailymail.co.uk, http://inhabitat.com, https://www.engadget.com)

XS
SM
MD
LG