Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Латвия орус ырчыларын "кара тизмеге" алды


Ырчы Валерия күйөөсү жана продюсери Иосиф Пригожин менен.
Ырчы Валерия күйөөсү жана продюсери Иосиф Пригожин менен.

Латвия Орусиянын таанымал ырчылары Иосиф Кобзонду, Олег Газмановду жана Валерияны атайын “кара тизмеге” алып, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө тараткан билдирүүгө караганда, Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана Валерия кирген “кара тизме” дагы узарышы мүмкүн. Министрликтин сайты “аталган үч ырчы Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн ыдыратканга салым кошкондогу үчүн” ушундай чектөөгө кабылганын түшүндүрөт.

Латыштардын тышкы иштер мекемесинин маалымат катчысы Виктор Макаров “Үч ырчы бир нече жолу ачык эле Орусиянын Крымды аннексиялашын колдогон көз караштарын билдиришкен. Бардыгы ошонун айынан” деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге маегинде.

Бүгүн Юрмала шаарында салтка айланган “Жаңы толкун” эл аралык ыр сынагы башталат. Орусиянын популярдуу ырчылары Иосиф Кобзон, Валерия жана Олег Газманов бул музыка майрамына конок катары бармак.

Латыш өкмөтүнүн расмий өкүлү Макаров “эгер аты аталган ырчылар Латвиянын аймагында болсо, өлкөдөн чыгып кетүүсүн суранабыз” деп кошумчалады.

Ал арада советтик доордон бери таанылып, жарым кылымдан ашуун сахнадан түшпөй жургөн ырчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Иосиф Кобзон буга мындайча кыжырланды:

Иосиф Кобзон
Иосиф Кобзон

​- Бул наадандык, бул демократиянын бардык принциптерин бузгандык. Адамдын укугу, сөз эркиндиги бузулуп жатат. Мага сүйлөөгө, ырдоого тыюу салынууда. Ушунун бардыгы демократиялуу Европада, Латвияда болуп жатат.

Ырчы Валериянын күйөөсү жана музыкалык продюсери Иосиф Пригожин болсо Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн негизсиз деп ойлойт.

“Тышкы иштер министри мындай билдирүү жасаганга укугу жок. Бул жөн эле бир бейбаштык. Анын айткандары негизсиз экенин эл аралык юрист, адвокаттар далилдеп бере алат”- деди ырчынын продюсери.

Ал арада “кара тизмеге” илинген ырчы Валерия өзү болсо билдирүү ал үчүн күтүүсүз болгонун айтып “мен эки элдин маданиятына жакшы эле салым кошуп жүрөм, ал гана эмес “Рига-Москва” деген ырым бар. “Жаңы толкун” сынагы Латвиянын экономикасына жакшы эле салым кошуп келет. Бул ирет дагы менин көп күйөрмандарым Юрмалага барып алышкан. Эми алар кайра билеттерди тапшырып, кетүүгө мажбур экенин айтып жатышат” деди.

Орусиянын Маданият министрлигинин өкүлү Латвия бийлигинин бул билдирүүсүнө “саясат менен маданиятты аралаштырбоо керек” деп жооп узатты.

Байкоочулар Орусиянын аттуу-баштуу ырчыларынын Юрмалага киргизилбей калышы эки өлкөнүн саясий мамилелерине зыяны тийбестигин айтышат.

Балтика деңизинин боюнда 12 жылдан бери үзбөй өткөрүлгөн “Жаңы толкун” сынагынын уюштуруучулары “каардуу тизме” жөнүндө эч кандай маалымат бере элек.

Эл аралык сынак эки элге орток болуп калган музыка чеберлери Раймонд Паулс жана Игорь Крутой тарабынан уюштурулуп, ар жылы Латвиянын Юрмала шаарында өтүп келет. Сынактын ачылышына буга чейин бир нече жолу өлкөнүн президенти жана таанымал инсандары катышкан. Бир нече жыл мурда “Жаңы толкунду” Крымдагы Ялта шаарында өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, белгисиз себептерден улам ишке ашпай калган. Алты жылдан бери Балтика боюндагы ыр сынакка кыргызстандык музыканттар дагы катышып жүрөт.

XS
SM
MD
LG