Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Жакынкы жылдары автоунаалар жолдо баратканда өз ара маалымат алмашып, кыймылын координациялай алышат.

Айнек буюмдар алгач Месопотамияда эмес Египетте жасалганын археологдор аныкташты. Адамдын денесиндеги жылуулуктан кубат алчу суперконденсатор жасалды. Кызылчанын ширесинин спортсмендер менен карылар үчүн пайдасы чоң экенин илимпоздор аныкташты.​

"Сүйлөшчү" автоунаалар

Келечекте автоунаалар жолдо баратканда өз ара маалымат алмашып, кыймылын координациялай алышат. Бул автомобилдер кумурскадай аркы-терки каттаган кан жолдордо коопсуздукту жакшыртып, бөөдө кырсыктарды азайтат. Кан жолдордогу кыжылдаган автоунаалардын өз ара маалымат алмашуусун 5G коммуникация түйүнү камсыздай алат. Андай 5G түйүнү Түштүк Кореянын Инчхон (Incheon) шаарына чукул жердеги 240 миң чарчы метр полигондо сыналды. Сыноо көрсөткөндөй, маалымат берүүдөгү эң көп алмашуу бир милли секундага да жетпеди. Ал эми маалыматты берүүдө эң чоң ылдамдык 20 гигабит/cекунд болду.
5G түйүнү сыяктуу автомобиль-автомобиль (Vehicle-to-Vehicle,V2V) мобилдик байланыш технологиясы ушу тапта эл аралык Амстердам-Вена кан жолуна орнотулууда. Мындай башкаруу системасын пайдаланган робот-автокөлүктөр бурулушка жакындаганда же жолдо тоскоолдукту көрсө, тормозду басып, ылдамдыгын азайтканга удаа эле артындагы автоунаага тийиштүү сигналды жиберет.

Бул автомобиль-автомобиль жана автомобиль-инфраструктура (V2X) коммуникация системасы Корея Республикасынын Седжон (Sejong City) жана Дейжон (Daejon) шаарлары арасындагы 87.8 км жолдо да сыналууда. Бир жылдык эксперимент келерки жылы июлда аяктайт.
Расмий Сеул 2018-жылкы Кышкы Олимп оюндарына камданып, жол коопсуздугун жакшыртуу жана автотыгындарды болтурбоо үчүн акылдуу транспорт технологияларын улуттук жана жергиликтүү жолдорго орнотууда.

Кореянын улуттук полиция агенттигинин маалыматы боюнча, жылына жол кырсыгында беш миңден көп адам өлөт жана 300 миңден көп адам жараат алат. Жолдогу тыгындардан улам Түштүк Корея жылына 25 миллиард евро чыгым тартат. Корея Транспорт институнун эсебинче, 5G сыяктуу алдыңкы технология колдонулса, бардык жол кырсыктарын 76% чейин кыскартуу мүмкүн. (Булагы:http://spectrum.ieee.org, https://globenewswire.com, http://www.dailytechinfo.org)

Айнек буюмдар алгач Египетте жасалганбы?

Байыркы Месопотамияда мындан 3600 жыл мурда биринчи айнек идиштер жасалган деп эсептелчү. Бирок Чыгышты изилдөө боюнча америкалык аалымдардын 19-ноябрдагы жылдык жыйынында айтылгандай, айнек идиштер оболу Египетте жасалган, ал эми Месопотамияда айнек буюмдар египеттик айнек идиштерди туурап жасалган же алардын көчүрмөсү болушу ыктымал. Месопотамия айнектин мекени болгон деген теорияга бир кылым илгери бүгүнкү Ирактын аймагындагы Нузи шаарындагы археологиялык табылгалар, ошондой эле айнек идиштер жана ар кыл өңдөгү шуру-мончоктор негиз болгон.

Нуридеги табылгалар байыркы Месопотамиялык жана биздин заманга чейин 1800-жылдар ченде жасалган айнек буюмдар экенин Англиянын Кренфилд университетинин илимпозу Эндрю Шортлэнд (Andrew Shortland) жетектеген археологдордун эл аралык тобу аныктаган. АКШнын Гарвард университетинин Көркөм өнөр музейинин илимпозу Катерин Ёреминдин (Katherine Eremin) билдиришинче, чыныгы месопотамиялык айнек заттар мурда ойлогондон эки кылымдай кийин же 3400 жылдай мурда жасалган.

Байыркы египеттик айнек буюмдардын өңдөрү кызыл, жашыл, сары, тунук көк жана күңүрт көк болуп, айнек өзү толкун сызгандай көрүнөт. Айнек буюмдарды салыштырып көргөндө нузилик усталардын чеберчилиги жана жасаган идиштеринин сапаты Египеттикине караганда начар, ал эми шуру-мончоктору негизинен күңүрт көк экени байкалат. Ушундан келип, нузилик айнек усталар “айнек өнөр жайында жаңы көчтү баштабастан, егиепттиктердин стилин көчүрүү менен чектелген болушу мүмкүн” экенин Катерин Ёремин белгилейт.

Айнек алгач Египетте же Жакынкы Чыгыштын башка жеринде жасалганын билүү үчүн, археологдордун айтуусунда, башка да жайлардан табылган айнек буюмдарды изилдеп көрүү зарыл. (Булагы: https://www.sciencenews.org,https://www.msn.com)


Адамдын денесиндеги жылуулуктан кубат алчу суперконденсатор

Сиз жакын арада айфонуңузду жана башка өзүңүз менен такай кошо алып жүрчү электрондук приборлоруңузду жаңы суперконденсатордун жардамы менен денеңиздин жылуулугун гана пайдаланып заряддап аласыз. Электр энергиясын сактоонун жаңы концепциясына негизделген мындай суперконденсаторду FRIysy Техас университетинин профессору, Чунго Ю (Choongho Yu at Texas A&M University) жетектеген изилдөөчүлөр менен студенттер иштеп чыгышкан.

Мындай инновациялык суперконденсатор (Thermally Chargeable Solid-state Supercapacitor) салттуу электр зарядкасына катар эле адамдын денесиндеги жылуулукту же дагы башка булактарды пайдаланып, приборду кызытып же заряддап алганга мүмкүнчүлүк берет. Мындай суперконденсатор токту аз керектечү электрондук приборлор үчүн Күн сыяктуу түбөлүктүү электр булагы болуп калышы ыктымал.

“Катуу полимер электролит түз эле жылуулуктан электр энергиясын өндүрө аларын биз биринчи таптык. Жылуулук полимер электролиттин ичинде жогорку чыңалуудгы электр талаасын пайда кылат. Бул чыңалуу суперконденсаторду заряддачу электрохимиялык реакция үчүн катализатор болуп берет,”- дейт доктор Чунго Ю.

Жылуулуктан заряддалчу суперконденсатор энергиянын тышкы булактарын зарылдыгы жок пайдаланбай же батареяны улам алмаштырбай эле электрондук приборлорду электр энергиясы менен камсыздоону мүмкүн кылат.

Профессор Чунго Ю жана анын докторанты Сук Ким Лаэ (Suk Lae Kim) жасаган ичке жана ийилчээк суперконденсатор термо диффузия кубулушунун негизинде иштейт. Бул термодинамикалык кубулуш физика илиминде Соренин эффекти деп аталат. (Булагы: http://indianexpress.com, http://www.snaxzer.com, http://www.energyharvestingjournal.com)

Кызылча ширесинин пайдасы

Кызылчанын ширесин ичкен адам тезирээк жүгүрө баштайт жана спорт менен машыгып жатканда чечимди тез кабыл алат. Британиянын Экзерт университетинин (University of Exeter) изилдөөсү көрсөткөндөй, кызылчанын таза ширеси регби жана футбол сыяктуу бирде жайлап, бирде чымын-куюн түшүп аракеттенүүнү талап кылган спортто спортсмендин жүгүргөнүн жана чечим кабыл алуусун жакшыртат.

Экзерт университетинин командасынын такай кызылчанын ширесин ичкен оюнчулары аны ичпегендерден 16% көп машыгышкан. Акыркы изилдөө маалында эркектер командасынын 16 оюнчусу жети күн катар Beet It Sport деп аталган жогорку нитраттагы 140 грамм кызылча ширесинин ичип турушкан. Бул 16 оюнчу футболист, регбичи же хокейчи эле. Алар эки мертебе 2 мүнөттүк тыныгуу менен 40 мүнөттөн тез машыгышкан. Ал убакытта оюнчулардын баары велосипедди 6 секунда ылдам тебишкен, 100 секунда жай тээп мурдагы ритмине түшүшкөн жана 20 секунда эс алышкан. Ошол учурда алар кылдат жана тез чечим кабыл алуу боюнча тестке жооп беришкен.

Бул машыгуу жана тест бир жолу спортсмендер кызылчанын нитраты жок ширесин ичкен соң өткөрүлгөн. Андай шире даамы жагынан нитраттуу ширеден айырмаланбайт. Нитрат кызылчанын маанилүү ингредиенти болуп саналат жана булчуң клеткаларына берилчү энергияны көбөйтөт.

Изилдөө нитраты көп кызылча ширесин ичкен спортсмендер тез машыгууда көрсөткүчүн 3.5% жана чечим кабыл алууну 3.0% жакшыртышканын көрсөткөн.

"Биздин изилдөө аныктаган жакшыруу анча чоң эместей көрүнгөнү менен мелдеш маалында спортсмендин көк майданда маанилүү артыкчылыгын камсыздоого жарайт. Бул деген оюнчулар татаал чечимдерди тез кабыл алып, атаандаштарына караганда майдандын көп бөлүгүн контролдой алат дегенди билдирет, " –дейт изилдөөнүн жетекчиси Крис Томпсон (Chris Thompson).

Адистердин айтышынча, кызычанын ширеси спортсмендерден башка дагы улгайган курактагылар үчүн пайдалуу. Анткени булчуң клеткаларына кошумча кубат берип, улгайган курактагы адамдардын автобус же тролейбуска кирип чыгуусун, тепкич менен көтөрүлүүсүн бир кыйла жеңилдетет.

Биологиялык активдүү нитраттардын пайдасы акыркы жылдары дүйнөнүн 150дөн ашык университеттеринин лабораторияларында изилденген. Бул изилдөөлөр нитраттар шилекейдеги ферменттер менен аралашып, канда азоттун оксиди (ачкылы) пайда болуусуна өбөлгө түзөрүн аныктаган. Азоттун ачкылы болсо кан тамырды кеңейтип, булчуңдарга кан менен кислороддун келүүсүн көбөйтүп, спортсменге кошумча күч-кубат берет.
(Булагы: http://medicine.exeter.ac.uk, http://www.exeter.ac.uk, https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pubmed/25846114)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG