Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Путин АКШнын айыптоосун четке какты


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин АКШнын киберчабуулдар боюнча айыптоосун четке какты. Бул тууралуу Путин Москвадагы бизнес-форумда билдирди.

Орус президенти Владимир Путин АКШнын киберчабуулдар боюнча айыптоосуна шаршембиде Москвада өткөн бизнес-форумда жооп кайтарды. Путин Орусияга каршы билдирүүлөрдү «америкалык аткаминерлердин кыянаттыгы» деп атады. Орус президентинин жүйөсүндө, мунун баары эки тараптуу мамилеге залакасын тийгизип жатат:

- Кайдагы бир хакерлер үгүт кампаниясы маалында Клинтон айымдын айрым кызматкерлеринин каттарын элге жарыялап салышыптыр. Муну Орусия кылды деп ызы-чуу болуп жатышат. Ал жакта Орусиянын эч кандай кызыкчылыгы жок. Ал эми ызы-чуу Америка элинин көңүлүн башка жакка буруу үчүн жасалып жатат. Тактап айтканда, хакерлер жарыялап салган маалыматтан элдин көңүлүн башка темага буруп жатышат. Эмнегедир бул тууралуу эч ким айткан жок. Баары эле муну ким кылды дешет. Ким кылганы ошончолук маанилүүбү? Ошол маалыматтын мазмуну маанилүү эмеспи.

Расмий Вашингтон Орусияны хакердик чабуулга быйыл июль айында айыптаган эле. Анда америкалык саясатчылар жана саясий партиялардын электрондук системасына чабуул жасалган.

Ошондой эле Ак үй он чакты штатта шайлоочуларды каттоо системасына хакердик чабуулдун артында да Москва турат деп шектенип келет. АКШ атайын кызматтары Кремль 8-ноябрда өтчү президенттик шайлоого өз таасирин тийгизүүгө аракет кылып жатат деп кооптонууда.

АКШ президенти Барак Обама Орусиянын хакердик чабуулдарына жооп катары чара көрүлөрүн айтты. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест президент бир катар варианттарды карарын билдирди.

Киберчабуулдарга байланыштуу америкалык мыйзам чыгаруучулар Кремлге каршы санкцияларды киргизүүнү сунуштоодо.

Бир күн мурда АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подестанын Gmail сервисиндеги электрондук почтасынын бузулушун Федералдык Чалгын бюросу (ФБР) иликтери белгилүү болгон. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

- Мен ФБР менен байланыштым, алар бул суроону иликтеп жатышат. Менин жеке электрондук почтамды бузуу бул биздин федералдык мыйзамдарга ылайык кылмыш деп эсептелет. Бийлик бул Демократиялык партиянын серверлерине жасалган чабуулдун бир бөлүгү катары иликтөөгө алынарын билдирди.

Подестанын жеке электрондук почтасындагы кат алышуулардын бир бөлүгү 8-октябрда, бир бөлүгү 11-октябрда "Викиликс" сайтына жарыяланган эле. Сайттын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын айтымында, Клинтондун штабынын башчысынын каттарында көбүнесе өзөктүк-энергетика маселеси, Клинтондун фондуна кошкон каражаттар жана тоо-кен тармагындагы маалыматтар камтылган.

Ошондой эле коомчулукка жарыяланып кеткен каттарда Клинтондун шайлоо штабынын кызматкерлери ортосундагы белгилүү маселелер айланасында журналисттерге кантип жооп берүү керектиги боюнча талкууларды окууга болот.

Июль айында АКШнын Демократиялык партиясынын Улуттук комитетинин электрондук почтасы киберчабуулга туш болгон. Клинтондун штабындагылар муну дароо эле Орусия менен байланышы бар хакерлерден көрүшкөн.

Жума күнү АКШнын Ички иштер министрлиги жана өлкөнүн Улуттук чалгындоо кызматы биргелешкен билдирүү жасады. Анда бул эки мекеменин өкүлдөрү кибер чабуулдар үчүн орус бийликтерин расмий түрдө айыптады. Мекемелердин ырасташынча, сөз DCLeaks жана WikiLeaks сайттарында жарыяланган маалыматтар тууралуу болуп жатат.

XS
SM
MD
LG