Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

"Уолл-стритти ээле!" кыймылы конушсуз калды


Нью-Йорктун полициясы Зукотти сейил багын "Уолл-стритти ээле!" кыймылы курган чатырлардан тазалап жаткан учурдан бир көрүнүш. 15-ноябрь 2011
Нью-Йорктун полициясы Зукотти сейил багын "Уолл-стритти ээле!" кыймылы курган чатырлардан тазалап жаткан учурдан бир көрүнүш. 15-ноябрь 2011

Нью-Йорктун полициясы Зукотти сейил багындагы “Уолл-стритти ээле!” кыймылынын чатырларын жыйнап кетти.

Шаар жетекчилиги Кошмо Штаттарга жана тыш өлкөлөргө жайылган "анти-капиталисттик" акцияга түрткү берген кыймылдын конушун бузууну тазалыктын жана адамдардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүрүштү.

17-сентябрда башталган “Уолл-стритти ээле!” акциясы ири корпорациялардын суктугуна жана экономикалык теңсиздикке каршы багытталган.
Полиция бизди ал жерге жолотпогонго аракет кылат. Алар бизди канча айдабасын, биз кайра келебиз.Ян Клоузен

Нью-Йорк полициясы шаардын финансылык борборуна чукул жайгашкан Зукотти паркындагы “Уолл-стритти ээле!” акциясынын чатырларын жана тамак-аш бышырчу очокторун жыйноо операциясын түнкү 1:00 ченде баштап, 4:30да аякташты.

Буга чейин Портленд, Орегон, Денвер, Колорадо, Солт Лейк Сити, Юта, Окленд шаарларындагы анти-капиталисттердин конуштары чогултулган болчу.

"Уолл-стритти ээле!" кыймылынын мүчөлөрү Нью-Йорк полициясынын кызматкерлери менен тирешүүдө. 15-ноябрь 2011
"Уолл-стритти ээле!" кыймылынын мүчөлөрү Нью-Йорк полициясынын кызматкерлери менен тирешүүдө. 15-ноябрь 2011
Кабарчылардын билдиришинче, полиция 17-сентябрдан бери чатырларда жаткан демонстранттарды он мүнөттө тарап кетүүгө чакырып, болбосо камаларын эскерткен. Андан соң чечкиндүү аракеттенген.

Нью-Йорктун мэри Михаел Блюмберг нааразыларды конуштарын убактылуу таштап кетүүгө үндөп, сейил бак тазалангандан кийин алар кайра келсе болорун айтты. Бирок бийлик сейил бакта чатыр тигип, жылуу-жумшак капта уктаганга жол берилбесин эскертти.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, бийлик “Уолл-стритти ээле!” кыймылынын АКШнын ар кайсы шаарларындагы чатыр конуштарын талкалоо үчүн тегин жерден тазалык жана адамдардын коопсуздугу деген жалган жүйөнү ойлоп табышкан.

Полиция бүгүнкү түндү өлкөнүн ар кайсы жерлериндеги полиция күчтөрү менен бирдикте нааразыларды парктардан тез тазалоо үчүн тандап алды,- деди Жонни Саган деген активист Sky News телеканалына курган маегинде. - Алар өз ишин жасады. Полиция камоого алган аянтта эмне болуп жатканынан бейкабарбыз. Полиция нааразылардан тазаланып жаткан сейил бакка кабарчыларды же калаалыктарды өткөрбөдү”.

Полиция 14-ноябрда таңга жуук Калифорния штатынын Окленд
"Окленди ээле!" деп аталган демонстрация учурунда анын катышуучулары байрактарды булгалап, автомобилдин дөңгөлөктөрүн өрттөшүүдө. Калифорния, Окленд. 3-ноябрь 2011
"Окленди ээле!" деп аталган демонстрация учурунда анын катышуучулары байрактарды булгалап, автомобилдин дөңгөлөктөрүн өрттөшүүдө. Калифорния, Окленд. 3-ноябрь 2011
шаарындагы лагерин жыйнап, баш ийбеген отуздан ашуун демонстрантты кармап кеткен.

Оклендин мэри Жин Квиндин кабарчыларга билдиришинче, мындай чарага барууга чатыр конуштарга танапташ жердеги адам өлтүрүү негиз болду:

- Лагерь зобун-зордуктар болчу жайга айланды. Бул жайда ушул жумада бир адам өлтүрүлдү. Биз дагы башка адамдар зыян тартканга жеткирбей, лагерди жабышыбыз керек.

Окленд шаардык өкмөтүнүн аракетин мэрдин юридикалык кеңешчиси, адам укуктары боюнча адвокат Дан Сигел колдогон жок жана өз ыктыяры менен кызматынан кетти.

“Уолл-стритти ээле!” кыймылынын колдоочусу, Нью-Йорктун тургуну Ян Клоузен АКШнын финансылык борборундагы Зукотти сейил багындагы лагерь баары бир кайра тургузулат, адамдар анти-капиталисттик акцияны жалгыз калтырбайт деп ишенет.

«Мен үйдө интернеттен Окленддеги репортажды көрүп жаткам. Анын жашоочулары: "Биз бүгүн кетебиз, бирок эртең кайра келебиз!” деп, кыйкырып, ызылдап жатышты.

Менимче, Нью-Йорк шаарындагы жана башка жерлердеги бул акция керемет рухту көрсөтөт. Ошого биз аларды таштап кете албай жатканбыз. Биз кайра келебиз. Полиция бизди ал жерге жолотпогонго аракет кылат. Алар бизди канча айдабасын, биз кайра келебиз,-
дейт Ян Клоузен.

Дүйнөдөгү эң ири телекоммуникациялык Verizon Communications компаниясынын кызматчылары "Уолл-стритти ээле!" кыймылына тилектештик билдирип, Зукотти сейил багында демонстрация өткөрүшүүдө. Нью-Йорк, 21-октябрь, 2011
Дүйнөдөгү эң ири телекоммуникациялык Verizon Communications компаниясынын кызматчылары "Уолл-стритти ээле!" кыймылына тилектештик билдирип, Зукотти сейил багында демонстрация өткөрүшүүдө. Нью-Йорк, 21-октябрь, 2011
Зукотти сейил багындагы чатырда жашагандардын бири Натан Стив “Уолл-стритти ээле!” кыймылынын кеңири кулач жайуусуна алардын лагерине полициянын дембе-дем келип жатып, адамдардын кыжырын келтиргени, андан улам көчө жүрүшүнө улам жаңы адамдардын кошулганы себеп болду деген пикирде:

- Окленддин полиция башкармалыгы чындыгында өз максатына жетпеди. Анткени нааразылык акциясына көп адамдар кошулду, ал бир кыйла согушчан, өтө эле чечкиндүү жана чоң болуп кетти.

Быйыл 17-сентябрда Нью-Йорктун Зукотти сейил багында башталган “Уолл-стритти ээле!” акциясы жумушсуздук жана турак-жайды күрөө коюп алуудагы кризис үчүн ири финансылык мекемелер менен корпорацияларды күнөөлүү деп эсептешет.

Алар Вашингтонду банкирлердин 2008-жылкы экономикалык кризисти алып келишине бөгөт койбоду деп санайт жана Жакынкы Чыгышты олку-солку кылган Арап жазынан илхам алганын айтышат.

Ошондой эле АКШ калкынын бир пайызын түзгөн бизнес жана саясий элита улам байып, элдин калган бөлүгү жарды болуп баратат дешип, турмушту жакшыртууга коомдун көңүлүн бурууну өз алдыларына максат кылып коюшкан.

XS
SM
MD
LG