Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Өткөн аптада Нью-Йоркто нааразылык акциялары өттү. Алар шаардын Сент-Луис райондук соту июль айында кылмышкер деп шектелген афроамерикалыкты муунтуп койгон ак терилүү полиция кызматкери Даниэл Панталеону күнөөсүз деп актаганына нааразылык билдиришти.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдердин билдиришинче, Эрик Гарнердин өлүмү боюнча атайын иликтөө жүргүзүлөт.

43 жаштагы Эрик Гарнердин акыркы көз ирмемдерин жолоочулардын бири видеого тартып алган. Чымыр денелүү Гарнер аны мыйзамсыз чылым сатты деп шектенип, камакка алмак болгон полиция кызматкерлерине моюн бербей койгондо алардын бири Даниэл Панталео Нью-Йоркто 1993-жылы тыюу салынган муунтуу ыкмасын колдонуп, аны тротуарга сүйрөп чыккан. Астмасы бар Гарнер бышылдап жатып жан берген. Ошого 4-декабрда Нью-Йорктун ортосуна нааразылыкка чыккандар “Дем алалбай жатам” деген ураанды кыйкырышты.

Ушундай эле көчө жүрүштөр Вашингтондо жана башка бир катар шаарларда да болду.

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Панталео акталгандан эки жумадай мурда Миссури штатынын Фергюсон шаардык соту кеч көчө кагылышында ынды кара өспүрүмдү атып салган ак терилүү полиция кызматкерин актаган. Бул чечимге каршы Фергюсондо чоң тополоң чыккан. Жакында Огайо штатынын Кливленд шаарында ак терилүү полиция кызматкери оюнчук тапанчасын булгалап жаткан 12 жаштагы афроамерикалыкты атып салган.

Даниэл Панталео 3-декабрда жасаган билдирүүсүндө “Гарнер мырзанын өлүмүнө терең кайгырып, эч кимге атайлап жамандык кылайын деген ниети болбогонун" айтты.

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Нью-Йорктун мэри Билл де Бласио полиция кайра даярдыктан өткөрүлөрүн маалымдап, бардык расадагы жарандардын өмүрүн бирдей баалоого жетишүү жетекчилердин тарых алдындагы милдети экенин баса белгиледи:

- Эл билсин: каралар менен сары-кызылдардын өмүрү актардын өмүрүндөй эле баалуу. Биз ушуга дале умтулушубуз керек. Муну мен кечээ айттым. Мен буга ишенем. Бул жалгыз Нью-Йорктун эмес, Американын да проблемасы. Бул Американын көйгөйү. Башаты республика түптөлгөн кезге кеткен маселени биз ушул күнгө чейин чече элекпиз. Муну биздин муун сиздер менин айланамда көргөн лидерлер жөндөшү керек. Биз жооптуу эмеспиз. Тарых бизди кечирбейт.

Америкалык адам укугун коргоочу Реверенд Жесси Жексон 4-декабрда Вашингтондо журналисттер менен жолугушууда Нью-Йорктун соту - чоң жюринин Даниэл Панталеону актаган чечими өлкөнүн сот системасындагы кризисти көрсөтөт деген оюн айтты:

- Cиз ырасында эле кирпич менен окко каршы согуша албайсыз. Нью-Йорк сотунун чоң жюрисинин Сент-Луис райондук гранд жюрисин каалагандай калчаган Боб МакКулок менен чогуу мыйзам бузууга жол коюусу Американын сот түзүмдөрү кризисте экенин даана ашкерелейт. Биз маршка чыгып, протест билдирип, бойкот жасап, өз нааразылыгыбызды билдиришибиз зарыл.

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Нью-Йорктогу акциядан бир көрүнүш

Бейшемби күнү АКШ президенти Барак Обама ак терилүү полиция кызматкеринин акталышына байланыштуу сүйлөп, соттун чечими тууралуу мындай деди:

- Тилекке каршы, биз акыркы күндөрү көргөндөй, көпчүлүк америкалыктар чоң адилетсиздик бар экенин сезишет. Анткени кылмыштарды териштирчү юридикалык системабыз да мыйзамдар күнүгө кандай пайдаланып жатканына кайрылсак, анын биз аздектеген идеалдарга төп келбегенин көрүшүүдө.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер артында алты баласы калган Эрик Гарнердин өлүмү атайын иликтенет деп убада кылды.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ак үйдү полициянын жоопкерчилигин катуулатуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү жасоого чакырды. "Пан Ги Мун соттун чечимине каршы демонстрацияга чыккан бардык адамдарды нааразылыгын тынч билдирип, ар кандай забын-зордуктан карманууга үндөйт" деп билдирди 4-декабрда баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжарик.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG