Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

NI: Грузияда демократия жок


The National Interest басылмасы президент Михаил Саакашвилинин тушунда Грузияда демократиянын ордуна Холбрук атындагы кичинекей көчө пайда болду деп ырастайт.

The National Interest басылмасы президент Михаил Саакашвилинин тушунда Грузияда демократиянын ордуна Холбрук атындагы кичинекей көчө пайда болду деп ырастайт.

Грузин президенти Михаил Саакашвилини Россияда тургай АКШ менен Европада деле олуттуу саясатчы ордуна санашпайт.

Бу тууралуу The Nаtional Interest (АКШ) басылмасында жарыяланган макалада айтылат.

"Тышкы саясат боюнча америкалык таанымал эксперт Ричард Холбруктун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы грузин президенти Михаил Саакашвили үчүн жаман кабар болду,- деп жазат макаланын автору Цотне Бакурия. - Холбрук грузин президентинин бекем жана чечкиндүү тарапкери эле, ал каза тапкандан көп өтпөй Саакашвили Тбилисидеги бир көчөгө анын атын койду".

Wiki Leaks сайтындагы материалдарга таянып, The Nаtional Interest басылмасы Холбрук акыркы ирет Грузияга келерде АКШнын Тбилисидеги элчиси Жон Басс Вашингтонго жашырык маалымат жөнөтүп, Саакашвили азыр өзүнө жеңдеш-теңдеш аттандашы жоктугунан саясий жактан күр болуп турганын, бирок өлкөнүн аймактарын оккупанттарга алдырып жиберген лидер катары тарыхка кирем деген ойдон улам катуу карбаластай баштаганын кабарлаган деп ырастайт. Элчи ошондой эле Саакашвилинин өкмөтүндөгү коррупцияга, тыйылбаган жаңжалдарга да көңүл бурган.

Мындай жаңжалдардын эң акыркы фактысы иретинде The Nаtional Interest Лиссабондо жакында НАТОнун саммитине келген грузин делегациясынын мүчөлөрү мейманканадагы бөлмөлөрүнө шуркуяларды чогултуп алып, түнү менен айыш-аширет уюштурганын, алардын ызы-чуусунан француз президенти Николя Саркози уктай албай, полиция чакырганга аргасыз болгонун атап өтөт.

Элчинин катында Саакашвили "бир чоң ишти" пландай баштаганы айтылат. "Жакында ал Ооганстандагы операцияга абадан колдоо көрсөтүүнү сунуш кылды",- деп көрсөтүлгөн катта. Муну менен Саакашвили өз өлкөсүн аскерий жактан аркалуу, күч-кубаттуу мамлекет, ар кандай согушта Батыш алянсы ага таянса болот деген ойду кыйыткысы келген. Буга кошо Тбилисинин "мындай салымын" эске алып, анын эсесине НАТОдогулар Грузияны алянска алууга тийиш экенин каңкуулаган.

"Деген менен Грузияда Саакашвили президент болуп турганда бул өлкө НАТОго алынбай турганын америкалык элчи ачык айткан эмес",- деп жазат басылма. Кала берсе кенже Жорж Буш деле жакында жарыкка чыккан китебинде Саакашвилини "оргу-баргы, кыялы чукул" киши деп мүнөздөгөн.

Макаланын автору европалык лидерлер да грузин президентин олуттуу саясатчыларга кошпойт, тескерисинче, көп учурда аны "саясий өлүк" катары санаган орус президенти Медведевдин пикирине кошулат деп көрсөтөт.

The Nаtional Interest басылмасы жазгандай, америкалык элчи жабык каттарында ички саясатта Саакашвилинин авторитардык ыкмаларына нааразылык күч алып жатканын, айрым жылыштарга карабастан экономика калкты чоң камтамага салган тармак бойдон калганын, жумушсуздук өсүп баратканын ырастаган.

"Калктын басымдуу бөлүгү 2008-жылдын августунан кийин Саакашвили убада кылган демократиялык реформаларга дале үмүт кылууда",-деп жазган америкалык элчи. Бирок басма сөз эркиндиги чектелип, өлкөдөгү улуттук телеканалдар жалаң Саакашвилини гана жактап-мактап, оппозициянын өкүлдөрүнө сөз бергенди токтотушту. Өз өлкөсүндө эмне болуп жатканы тууралуу грузиндер негизинен россиялык телеканалардан гана билип калышты.

Саакашвили үчүнчү ирет президент болуп шайланбай турганын айткан. Бийликтен кетүүнүн камын көрүп, ал быйыл күздө конституцияга өзгөртүү киргизүүнү, парламенттик-президенттик системага өтүүнү сунуш кылды.

Бул кадамдын маанисин түшүндүрүп, парламенттин вице-спикери Леван Вепхвадзе жаңы системада президент арбитр болуп каларын, бийликтин көбү өкмөткө берилерин, муну менен грузин демократиясы дагы бир жаңы баскычка көтөрүлөрүн айткан эле.

Бирок "Грузияда демократия жок, -деп жазат The Nаtional Interest буга байланыштуу. – Болгону Тбилисиде Холбруктун атына коюлган чакан көчө гана бар".
XS
SM
MD
LG