Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

“Ниязаалы Жөргөлөк - суудан аккан дөңгөлөк”


“Азаттыктын” апталык “Талант тагдыры” музыкалык түрмөгүндө кыргыз калкына “Ниязаалы Жөргөлөк” деген ат менен кеңири белгилүү болгон, комузда кол ойнотуп, араларына сөз, ыр кошуп, кооздоп черткен айтым күүлөрдүн негиз салуучусу, Токтогулдай, Коргоолдой залкар комузчулардын “атасы” аталган, алардын улуу насаатчысы Ниязаалы Борош уулунун чыгармачылыгынан кеңири сөз болот.

Ниязаалы Борош уулу тоо булбулу Токтогул, Коргоол баштаган ондогон шакирттерди тарбиялаган, аш-тойлордо ар кандай салтанаттарда айтылуу ак таңдай төкмө акындар Жеңижок, Эсенаман, Нурмолдо, Сары ырчы, Каражолдош, Кержолдош, Сыдык, Эшманбет, Курман, Жаңыбай сыяктуу залкар шайырлар менен бирге жүрүп, бирге туруп, жумурай-журтка күүлөрдүн ырахатын тартуулаган айтыш күүлөрдүн алпы болгон. Ал комузда колун укмуштай түрлөнтө, түрдүү абалда, ар кандай түстө койкоңдото кубулта ойнотуп, чертип жаткан күүлөрүнүн араларына ар кандай маңыздагы сөз, ыр кошуп куудулдана черткен айтыш күүлөрдүн көзгө басар негиз салуучусу.

Кандай гана аттагы, кайсындай гана мазмундагы күүлөрдү чертпесин көргөндөр аң-таң калгандай чеберчиликте кубулта, акчыланта, куудулдана ойнотуп черткендиктен улуу акын Жеңижок “Ниязаалы Жөргөлөк суудан аккан дөңгөлөк” десе, эл Ниязаалы Жөргөлөк деп аташкан.

Ушундай жарык дүйнөгө жарк эте бир келип, жалп этип өчкөн ар тараптуу туубаса шыктагы Ниязаалыны көрүп, сыйкырдуу күүлөрүн өз кулагы менен угуп таалим алган көрүнүктүү акын, таанымал комузчу, маркум Токтосун Тыныбеков менен бир жолугушууда Ниязаалынын кайсыл чөлкөмдөн, айылдан экенин, турган турпатын, кебете-кешпирин билиш үчүн собол узатканымда, ал Ниязаалы менен кантиа таанышканын, ал эмне деген залкар экендигине токтолгон:

- Мен ырга ынак, күү жандуу болуп, күйүп-бышып жүргөн курагымда Нияз акем менен таанышып калдым. Ал 1856-жылы Аксынын Кичи-Акжол айылында туулуптур. Нияз акем 1936-жылы Фрунзеде өткөн эл чыгармачылыгынын биринчи олимпиадасына катышып баш байгени жеңип алыптыр. Ошол кезде ал киши 80 жашта экен. 1942-жылы Кичи-Акжол айылында дүйнөдөн кайтты. Нияз акем карып-арып калса да шыңга бойлуу, чап жаак келген, колдору шадылуу, мүлжүйгөн тиши жок, кара сур, көзү күлмүңдөгөн өтө куудул адам эле. Мойну болсо эңкейиңки тартып, калган кең далылуу. Жаш кезинде балбанга да түшүптүр. Батыркул, Атакул деген эки уулу бар эле. Экөө тең комуз чертчү. Айрыкча, Атакул комузду жакшы чертчү. Мен да Нияз акемен комуз үйрөндүм. Азыр болсо бир топ күүлөрүн чертип жүрөм.

Залкар айтым күүлөрдүн улуу устаты, маркум Шекербек Шеркулов Ниязаалы менен алгач кантип жолуккандыгы тууралуу мындайча эскерген:

- Мен айылда жүргөндө эле таластыктардын ар кимисинен “Аксы” деген жерде Токтогулдун устаты Ниязаалы деген чоң комузчу бар деп көп угуучумун. Аны уккан сайын “Атаганат, ага жолугаар күн болоор бекен деп, дегдеп бир көрүүгө куштарланчумун. “Насипти кайдан” дегендей мына эми насип айтып, туз буйруп Нияз акем менен 1936-жылы Фрунзеде өткөн эл чыгармачылыгынын биринчи олимпиадасында жолугушуп отурам. Мен Нияз акем менен бир бөлмөдө он күн турдум. Ошол кезде кайран киши сексенде экен. Ошончолук жашка чыкса да Нияз акем кебете-кешпиринен, сын-сыпатынан кетпептир. Комузду кадимки жаш кезиндей колун не бир тир укмуштай түрлөнтө ойнотуп чертет экен. Аны көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Нияз акемдин эки сөзүнүн бир сөзү:

Уста менен дос болсоң өнөр кезээрсиң,
Ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың.
Ырчы менен жүрсөң ырын аларсың,
Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт,

-деп макалдаштырып сүйлөйт эле. Аны угуп Нияз акем төрөлгөндө макал-лакап менен оозанганбы дейсиң. Баарынан да мага Нияз акемдин пейилинин кенендиги, билген өнөрүн бүт элге чачып берүүдөн аянбаган марттыгы абдан жакты. Ал комуз черткен шыктуу жаштарга “үйрөнгүн, үйрөнгүн, балам, көзүмдүн тирүүсүндө алып калгын” – деп билегин шымалана түрүп: “Өлмөк бар, тирилмек жок, тирүүчүлүктө күү угууга не жетсин. Мына бул өтөгөн өмүрүмө арнап чыгарган “Өттү, кетти балалык” аттуу күүмдү чертип берейин. Үйрөнүп ал деди. Мен үйрөнүп алдым.


Элдик шайыр кыргыз калкынын көп жактуу, ар тараптуу турмуштарын күүлөрүндө баяндоо менен жаратылыштын кооздугун сүрөттөгөн, айбанаттардын, канаттуулардын кебете-кепширлерин, канаттуулардын сайрагандарын туурап черткен. Алсак, Ниязаалы “Сары барпы”, “Ак куу” аттуу күүлөрүндө айда тууса, айда балапандарын жылаан жеп кеткен Сары барпынын арманын, канаттуулардын чүрөгү аталган Ак куунун сын сыпатын туурап черткен.

Залкар шайыр элдик салт толгоо күүлөрүнүн өзөгүндө да өзүнүн “Кер толгоо” аттуу күүсүн чыгарыптыр. Бул күү көркөм маңызынын байлуулугу, мукамдуулугу менен ар кандай курактагы комузчулардын арасында бүгүнкү күнгө чейин колдон колго өтө чертилип келүүдө. “Кер толгоону” Ниязаалыдан үйрөнүп кийин өмүрүнө өмүр кошуп, угуучулардын арасында багын ачкан Токтосун Тыныбеков эле. Ал “Кер толгоону” Ниязаалы менен бетме-бет, көзмө-көз отуруп үйрөнгөн.

Белгилүү комузчу Асылбек Эшмамбетов да Ниязаалыга жолугуп, кыргыз күүлөрүнүн кенчине айланган “Арсар күүсүн” үйрөнгөн. Ал таланттуу комузчунун өзгөчөлөнгөн өнөрүнө мындай баа берет:

- Нияз акем “Арсар күүсүн” чертердин алдында “ээ, балам, комуз черткенде колуң дуулдап турат экен. “Арсар күүмдү” үйрөнүп алгын,” – деп оң билегин чыкканагына чейин түрүп коюп:

Аксылыктын арсар күү,
Атын таап черткенге,
Абдан жакшы арзан күү,
Черте албаган адамга,
Эң бир зарзаң күү

– деп безилдете чалып, “эң алдыда минтип, малак берип черткин” – деди. Анда мен, ээ, Нияз аке “малак” дегениңиз не, десем, - “ордо атканда Малак бергин”, деп айтат деп, оң колун ийнине чейин көтөрүп шалактата черткенде элдин “комузда колуңду ойнотуп чертсең Ниязаалыдай черт” деп айтышканы бекеринен эмес экен деп айраң таң калдым. Нияз акемдин өзүнөн “Арсар күүсүн” үйрөнүп алдым.


Көрүнүктүү комузчу Асылбектин чертүүсүндөгү “Арсар күүнү” дирижер Р.Миронович менен комузчу Б.Кулболотов К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестри үчүн “Концертинаны” жазышат. Эки музыкант Ниязаалынын классикалык күүсүнүн маңызына, жүрүшүнө айкалыштыра түркүн мукамдуу музыкалык көркөм боекторду табышкан. Күүнүн башкы темасы бирде комузда жекече чертилип, бирде оркестрде таңшып, алым сабакташа кайымдашып, биринин оюн экинчиси толуктап, өнүктүрүп, угуучуларды ырахатка бөлөгөн эле.

Убакыт учкан куштай канат кагып өтө берсе да, Ниязаалынын залкар күүлөрү картайбастан жашарып, жаңы угуучулардын жарптарын жазып, жан шериктерине айлана бермекчи.
XS
SM
MD
LG