Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Нобелди германиялык жазуучу утту


Герта Мюллер
Герта Мюллер

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы быйыл германиялык жазуучу Герта Мюллерге ыйгарылды. Теги румыниялык Мюллер румын өкмөтүн катуу сындап, 1987-жылы Германияга көчүп кеткен.

Румынияда төрөлгөн, немис тилдүү жазуучу Герта Мюллер бул абройлуу сыйлыкка өзүнүн мекениндеги карапайыл элдин тоталитардык режим астындагы турмушун сүрөттөгөнү үчүн жетишти.

Нобелди ыйгарып келаткан Швециянын илимдер академиясынын туруктуу катчысы Петер Энглунд жазуучуга 1,4 млн.долларлык сыйлыкты жарыялап жатып: “2009-жылы Адабият боюнча Нобел сыйлыгы “Поэзиядагы ынтызардыгы, прозадагы ачыктыгы менен бечаралардын турмушун таасын сүрөттөгөндүгү үчүн” германиялык жазуучу Герта Мюллерге ыйгарылат”, - деди.

Мюллер 1982-жылы алгачкы ирет майда аңгемелерден турган “Ойдуң” деген китебин басып чыгарган. Румыниядагы немис тилдүү калк жашаган айыл жөнүндөгү ал китепти румын өкмөтү цензурага алат. Бирок эки жылдан кийин аны Батыш Германияга алып өткөнгө үлгүрүшөт да, ошол жакта басып чыгарышкан.

1987-жылы Мюллер күйөө менен бирге Германияга эммиграциялап кетишет. Кийин “Паспорт”, “Дайындоо”, “Жашыл жүзүмдүн жери” өңдүү чыгармаларды жазды. Мына ушулардын ичинде эки чыгарма тоталитардык режим кантип адамдар ортосундагы жеке мамилеге таасир этикени айтылган.

Академиянын катчысы Петер Энглуддун айтымында, Мюллердин жеке тагдырынын уникалдуулугу анын прозасына өзгөчө боек берет.

“Менимче, бир четинен Мюллерди анын окуяны сүрөттөөдөгү өзгөчө стили бөлүп турат, - дейт Энглуд. - Экинчи жагынан, чындап эле диктатордук режимде, башка өлкөдө улуттук азчылык катары өсүп-чоңоюу, өз үй-бүлөңдө чоочун адам катары өсүү жөнүндө Мюллерде айтайын деген аябай күчтүү баяны бар”.

Бул ирет адабият боюнча Герта Мюллердин жеңиши көпчүлүккө күтүлбөгөн окуя болду окшойт. Эксперттер да, журналисттер да “Нобелди утушу мүмкүн” делгендердин катарында израилдик жазуучу Амоса Озаны, америкалык Джойс Кэрол Оутсту, сириялык акын Адонисти жана латын-америкалык Марио Варгас Льосту атап жатышкан эле.

Былтыр Адабият боюнча Нобел сыйлыгын франциялык жазуучу Жан-Мари Гюстав Леклезио утуп алган.

Нобел сыйлыгын 1901-жылы франциялык ишкер жана динамитти ойлоп чыгарган Алфред Нобел түзгөн. 1968-жылы Швециянын Борбордук банкы анын номинацияларынын катарына экономика боюнча сыйлыкты да киргизди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG