Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Өкмөт «Азия MIX» командасына 300 миң сом берди


«Азия MIX» КВН командасы
«Азия MIX» КВН командасы

КВН оюндарын өнүктүрүү максатында кыргыз өкмөтү «Азия MIX» командасына 300 миң сом бөлдү. Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, бөлүнгөн каражат КВНдин Кыргызстандагы “Ала-Тоо” лигасын өркүндөтүүгө жумшалмакчы.

Каражатты берип жатып өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев, «Азия MIX» командасы көптөгөн жаштарга үлгү болуп калганын белгилеп, алдыда дагы көптөгөн жеңиштерди күтөрүн билдирди.

«Азия MIX» командасы Орусияда өтчү Жогорку Лигадагы КВН оюндарынын учурдагы чемпиону. Команда жеңүүчү катары Жогорку Лиганын быйылкы оюндарына катышпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG