Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Супер компьютер жасоонун жолу табылды


Серж Арош менен Дэвид Вайнлэнддин 2012-жылдагы Нобель сыйлыгына арзыган илимий эмгектеринин графикалык көрүнүшү.
Серж Арош менен Дэвид Вайнлэнддин 2012-жылдагы Нобель сыйлыгына арзыган илимий эмгектеринин графикалык көрүнүшү.

Нобель сыйлыгы боюнча комитет физика жана химия илимдеринде албан ачылыштарды жасаган окумуштуулардын ысымдарын жарыялады.

Аалым-физиктердин табылгалары гравитациялык кубулуштарды так ченеп, кыпындай дүйнөнү көрүүнү мүмкүн кылып, өтө кубаттуу жаңы компьютерлерди жасаганга жол ачат. Эмгектери Нобель сыйылыгына татыган илимпоз-химиктер тирүү клеткалардагы G протеининдердин рецепторун аныкташкан.
Cерж Арош жана Дэвид Вайнлэнд
Cерж Арош жана Дэвид Вайнлэнд

Франциялык Серж Арош менен америкалык Дэвид Вайнлендге кванттык физикадагы табылгасын Нобель комитети 2012-жыл үчүн даркан илимий ачылыш деп тапты. Серж Арош эмгеги эң кадыр-барктуу эл аралык сыйлыкка татыктуу болгонун 9-октябрда чөнтөк телефонуна Швециядан келген коңгуроодон билген.

-Мен көчөдө аялым менен баратсам, уюлдук телефонум шыңгырады, - деди профессор кечээ Эл аралык француз радиосуна. - Карасам Швециядан чалып жатышыптыр. Ошо замат түшүндүм. Мен бир кезде Нобель сыйлыгына татыган көй кашка илимпоздорго суктанып жүргөм. Эми ошол көрөсөн окумуштуулардын катарына кошулганымды сезип жатам. Анын маанисини түшүнгөнгө убакыт керек.

Серж Арош менен Дэвид Вайнленд Нобель комитети берчү 1 млн. 200 миң долларды бөлүп алышат.

Профессор Арош акыркы он жылда Нобель сыйлыгына татыктуу болгон төртүнчү француз физиги.

Кээ бир аалымдардын айтымында, өткөн XX кылымдын 20-30-жылдарынын ортолугунда физика илимий ачылыштарга бай болсо, Серж Арош менен Дэвид Вайнленд жүргүзгөн эксперименттердин натыйжасында бүгүн кайра физика илиминде маанилүү изилдөөлөр арбын жасалууда.
Роберт Лефкович жана Брайан Кобилка
Роберт Лефкович жана Брайан Кобилка

Швециянын Падышалык илимдер академиясынын алдындагы Нобель сыйылыгы боюнча комитеттин маалымдашынча, Серж Арош менен Дэвид Вайнленд жүргүзгөн илимий эксперименттер “кээ бир кванттык системаларды түздөн-түз байкоого жана аларды кыйратпай туруп, башкарууга жол ачты. Бул эки илимпоз айрым бир иондорду өзүнчө бөлүп алып, алардын кванттык абалын фотондордун жардамы менен өлчөгөн; кээ бир фотондорду тутуунун жана аларды атомдор менен өлчөгөндүн усулун да иштеп чыгышкан.

Абройлуу Нобель сыйлыгы ыйгарылган эки физиктин ишинин пайдасы жөнүндө Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Гүлмира Шаршекеева мындай деди:

- Бул ачылыштардын практикалык мааниси абдан чоң. Анткени мурдакы принцип менен иштеген компьютердин мүмкүнчүлүгүн бирге барабар деп эсептесек, кванттык механикага негизделген жаңы принципке таянып жасалган компьютердин кубаты 1 млн. эсеге көбөйөт. Андай компьютерлер жасалса, транспортту оптималдуу бөлүштүрүүнү, финансылык жана техникалык процесстерди автоматташтыруу алда канча жеңил болуп калат.

Француз жана америкалык физиктердин эмгектери гравитациялык кубулуштарды мурдакыдан да так эсептеген саат-хронометрлерге эшик ачат. Бул жер кыртышынын жылышын жана жер тербетүүлөрдүн күчүн билгенге өтө маанилүү.
Роберт Лефкович менен Брайан Кобилканын адамдын клеткасынын рецепторун мүнөздөгөн эмгегинин графикалык сүрөтү.
Роберт Лефкович менен Брайан Кобилканын адамдын клеткасынын рецепторун мүнөздөгөн эмгегинин графикалык сүрөтү.

Нобелдик комитет 2012-жыл үчүн химия илиминдеги эң мыкты табылга деп, тирүү клеткалардын рецепторунун иштөө өзгөчөлүгүнү аныктаган америкалык илимпоздор Роберт Лефкович менен Брайан Кобилканын эмгектерин тапты.

- Швециянын падышалык илимдер академиясы 2012-жыл үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгын АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Дарем шаарындагы Дьюк университетинин Хьюз (Howard Hughes) атындагы медициналык борборунун профессору Роберт Лефковичке жана АКШнын Калифорния штатындагы Стенфорд шаарындагы Стэнфорд университетинин медицина факультетинин профессору Брайан Кобилкага клеткалардын чөйрөнү сезип жана ага ыңгайлашуу жөндөмүн камсыздоочу рецепторду изилдегени үчүн берилди,- деп жарыялады 10-октябрда Швециянын падышалык илимдер академиясы.

Роберт Лефкович менен Брайан Кобилка да 1, 2 млн. долларды тең бөлүп алышат.

Кеселдер ичкен дарылардын теңине жакынында эки лауреат изилдеген рецепторлор пайдаланылат. Адамдын денесинде адреналин өңдүү химиялык сигналдарга жооп берген 1000ге жакын андай рецептор бар. Ошондуктан жаңы табылга дарынын мурдакыдан да күчтүү түрлөрүн жасаганды, анын ичинде ракты дагы эффективдүү дарылоону мүмкүн кылат.

XS
SM
MD
LG