Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Нобел: физиктер аалам кеңейип жатканын аныктады


Галактиканын өзөгүндөгү MCG 6-30-15 аталыштагы кара тешик. Сүрөт 2001-жылы тартылган

Галактиканын өзөгүндөгү MCG 6-30-15 аталыштагы кара тешик. Сүрөт 2001-жылы тартылган

Физика жаатындагы дүйнөлүк Нобел сыйлыгы эки америкалык жана бир австралиялык окумуштууга космологиядагы жаңы ачылыш үчүн ыйгарылды.

Швециянын Падышалык илимдер академиясы Нобел сыйлыгын үч физикке ааламдын ылдамдыкта кеңейип баратканын тактап, белгисиз энергиянын же массанын бул кубулуштагы маанисин сыпаттап беришкени үчүн ыйгарды.

1 миллион евро сыйлыктын жарымын Сол Перлмуттер алса, калган жарымын Адам Райс менен Броайан Шмидт бөлүп алышат.

Нобел сыйлыгынын жаңы лауреаттары Сол Перлмуттер, Адам Райсс, Брайан Шмидт. Стоколм, 4.09.2011
Эксперттердин айтышынча, Нобел сыйлыгына татыктуу ачылыш физика илиминдеги чоң бурулуш.

Сол Перлмуттер Калифорниядагы Бөркли университетинин, Адам Райсс Балтимордогу Жон Хопкинс унивеситетинин профессорлору. Ал эми профессор Брайан Шмидт Австралия улуттук университетинде эмгектенет. Бул үч физик 1998-жылы аалам тездик менен кеңейип жатканын жаңы пайда болгон жылдыздарды изилдеп жатып табышкан.




Ааламдын улам чоң ылдамдыкта кеңейип баратканы жөнүндөгү бул ачылыш-космология үчүн аябай маанилүү чек

Швециянын Падышалык илимдер академиясы Нобел сыйлыгын мезгил сынынан өткөн гана ачылыштарга бергендиктен, окумуштуулардын 13 жыл мурдагы эмгеги эми гана өз баасын алды.

Нобел комитеттин физика боюнча комиссиясынын төрагасы Борье Йохансон жаңы лауреаттардын ысмын жарыялап жатып, алар жасаган ачылыш жөнүндө мындай деди:

- Ааламдын улам чоң ылдамдыкта кеңейип баратканы жөнүндөгү бул ачылыш - космология үчүн аябай маанилүү чек. Ааламдын кеңейүү тарыхы бизге дүйнөнүн түзүлүш эволюциясы, анын тагдыры жана мүмкүн болчу чеги жөнүндө түшүнүк берет.

Өзгөрүш Шаршекеев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору. Окумуштуу “Азаттыкка” курган маегинде жаңы ачылыш көрүнбөгөн масса тууралуу теориялык болжолдоону практикалык жактан тастыктап, космологияга баа жеткис салым кошот деди:

Профессор Ө. Шаршекеев жаңы илимий ачылыштын мааниси жөнүндө


Профессор Шаршекеевдин айтуусунда, космология фундаменталдык илимге киргендиктен, ачылыштын адамдын жашоосундагы колдонмо мааниси жөнүндө кеп кылуу азырынча эрте.

Ал эми Нобелдик комитеттин физика боюнча комиссиясынын башчысы Борье Йохансондун жаңы ачылыш дүйнөнүн “мүмкүн болчу чеги” же "кыямат кайым болушу ыктымал" деген божомолду төгүндөйт дегенин профессор Шаршекеев берегидей түшүндүрдү:

Проф, Шаршекеевдин "Ааламдын мүмкүн болчу аягы" деген сөзгө түшүндүрмөсү


Илимпоздордун айтышынча, астрономияда аралыкты өлчөө эң чоң машакат. Белгисиз масса аныкталганга чейин узак аралыктар Хабблдын мыйзамына ылайык өлчөнчү. Нобелдик сыйлык алган физиктер алыскы тунарыктагы жаңы жылдыздар бөлгөн жарык нурдун кубатына карай аралыкты аныкташкан. Алардын эсептөөсүнүн жыйынтыгы Хабблдын закону боюнча алынган чен өлчөмгө каршы келет дешет адистер.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика илимдеринин доктору Өзгөрүш Шаршекеевдин айтымында, ааламда көрүнбөгөн кара масса же энергия он жыл аралыгында такталарын орусиялык даркан илимпоз, учурда АКШда жашаган Роалд Сагдеев 2003-жылы боолгоп айткан.

Профессор Шаршекеев кара массанын ачылышы жөнүндө академик Р. Сагдеев айткан божомол тууралуу


Сол Перламуттер, Адам Райсс жана Брайн Шмидт 2007-жылы космология илиминдеги эң кадыр барктуу Грубер сыйлыгын алышкан. Бул үчөөнүн ичинен америкалык Перламуттер менен Шмидтке быйыл Нобел сыйлыгы берилерин өткөн жылы Thomson Reuters агенттиги айткан болчу.

Үч окумуштууга илимий ачылыштары үчүн 10 миллион швед крону же 1 миллион евро жана Нобелдик сыйлыктын диплому 10-декабрда Стокголмда өтчү салтанатта тапшырылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG