Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Жашоону изилдеген окумуштуу Нобелди алды


Принстон университетинин профессору Энгус Дитон.

Принстон университетинин профессору Энгус Дитон.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы керектөө, жакырчылык жана жыргалчылык же байдөөлөт жашоо арасындагы байланышты изилдеген илимпоз Энгус Дитонго ыйгарылды.

Экономика аалымы Британия менен АКШнын букарасы. Окумуштууга 8 миллион швед крону же 950 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык жана диплом Нобелдин туулган күнү 10-декабрда Стокгольмдо тапшырылат. Башка лауреаттарга сыйлык Ослодо берилет.

“Швеция өкүмдарынын Илимдер академиясы Швеция банкынын Альфред Нобелдин урматына берилчү сыйлыгын “керектөө, жакырлык жана жыргал жашоону талдап изилдегени үчүн Энгус Дитонго ыйгарууну чечти”, - деп жарыялады Академиянын туруктуу окумуштуу катчысы Гарон Ханссон сыйлык кимге берилгенине кыскача токтолуп.

12-октябрдагы расмий билдирүүдө "Токпейил жашоого жана кедейликтин азайышына өбөлгө түзчү экономикалык саясатты калыптандыруу үчүн биз адегенде ар бир керектөөчү кантип чечим кабыл аларын түшүнүүбүз керек. Энгус Дитон башкаларга караганда муну түшүнгөнгө көп салым кошту", - деп белгиленген.

Шотландияда туулган Энгус Дитон Англиянын атактуу Кэмбридж университетин бүтүп, ошол жерден 1975-жылы илим доктору даражасын жактайт. Ал 1983-жылы АКШга көчүп, белгилүү Принстон университетинде экономика факультетинде эмгектене баштайт. Профессор азыр 69 жашта. Окумуштуу 1980-жылы чыккан “Дээрлик идеалдуу керектөө системасы” деген эмгегинде оксфорддук илимпоз Жон Мюльбауэрдин идеясын өнүктүрүп, салыктын өлчөмүн өзгөртүү түрдүү буюмдарды сатып алууга кандай таасир этерин, андан кайсы социалдык катмарлар утуп, кайсылар утуларын изилдейт. Бул монография салык саясатын изилдөөгө олуттуу жаңылык киргизет.

Окумуштуу кирешенин күтүүсүз өзгөрүүсүнөн керектөө катуу өзгөрбөсүн илимий жол менен аныктайт. Илимий чөйрөдө “Дитон парадоксу” деп аталган бул усул жеке адамдын кирешесин жана керектөөсүн изилдөөдө кеңири колдонулат.

Ал биринчи болуп экономикалык маалыматтарды элдин сатып алуу жөндөмү жана керектөөсү сыяктуу орточо көрсөткүчтөрдү эмес, индивидуалдык деңгээлде пайдаланат. Ал жакырчылыкты изилдөөнүн жаңы жолун негиздейт. "Адамдар курсак тойгондой иштей албаганы үчүн жардыбы же тоё жебей ачка болгону үчүн жардыбы?" деген суроонун жандырмагын табат. Береги кубулуш экономика илиминде “кедейликтин тузагы” деп аталат. Аны билүү кембагал өлкөлөргө эл аралык жардам көрсөтүүнү долбоорлоо үчүн маанилүү. Эгер экономикалык өсүүгө багытталган жардамдын натыйжасында адамдардын кирешеси көбөйүп, бирок алардын жеген тамак-ашынын сапаты жакшырбаса, берилчү каражат түздөн-түз азык-түлүк жардамына сарпталып жүрөт.

Энгус Дитондун киреше жана калорияны керектөө ортосундагы өз ара байланыш тууралуу изилдөөсү киреше өскөн сайын адамдын тамактануусу (калориясы) чындап эле жакшырганын тастыктайт. Бул бирок жарды-жакырлар калориясы аз тамактарды жейт же сапатсыз тамактанат деген гипотезаны жокко чыгарат. Же тоё тамактанбоонун негизги себеби кирешенин тартыштыгына байланыштуу экенин айкындайт.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы анын негиздөөчүсүнүн осуятында каралган эмес. Ошон үчүн 70 жылдан ашык убакыт Альфред Нобелдин эркине ылайык, сыйлык медицина, физика, химия аалымдарына, жазуучулар менен саясатчыларга гана берилип келген.

Экономика илимдери үчүн сыйлыкты 1968-жылы Швециянын борбордук банкы өзүнүн түптөлгөнүнүн 300 жылдыгынын урматына негиздеп, кийинки жылдан тарта бере баштаган. Ошон үчүн ал расмий түрдө Швециянын борбордук банкынын экономика илимдери боюнча Альфред Нобелдин урматына берилчү сыйлыгы деп аталат.

Дүйнөдөгү эң абройлуу бул экономикалык сыйлыктын туңгуч лауреаттары норвегиялык Ягнар Фриш жана нидерландиялык Ян Тинберген болгон. Эки илимпоз экономикалык жараяндарды изилдөө үчүн динамикалык моделдерди түзүп, биринчи болуп пайдаланышкан.

XS
SM
MD
LG