Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Түндүк Корея өзөктүк куралын коргонуу үчүн колдонот


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, "Эмгек" партиясынын съездинде, 7-май, 2016
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, "Эмгек" партиясынын съездинде, 7-май, 2016

Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ын ядролук куралды өз өлкөсүн коргоо үчүн гана биринчи болуп колдонорун билдирди. Ын 8-майда “Эмгек” партиясынын съездинде сүйлөгөндө “душман” өлкөлөр менен мамилени оңдоого даяр экенин айтты.

6-майда башталып беш күнгө созулчу “Эмгек” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын анын өлкөсү ядролук куралды жайылтпоо боюнча өз милдеттемелерин так аткарарын билдирди.

- Өзөктүк куралы бар жана ага жоопкер өлкө катары Түндүк Корея төбөлсүздүгүнө башка өзөктүк куралы бар душмандардан коркунуч туулмайынча куралын колдонбойт. Биздин партия жана Корей Элдик Демократиялык Республикасы мурда душман болсо да, азыр биздин суверинитетти сыйлаган, бизге достук мамиле жасаган мамлекеттер менен алака-катышты жакшыртууга даяр - деген Ындын саясатын Түндүк Кореянын жашоочулары жапырт колдошот.

Алардын бири Ким Ун Гюн лидеринин жүргүзүп жаткан саясаты аны толук канаттандырарын айтат:

- Өзөктүк программа “Бионжин” деп аталган саясаттын бир бөлүгү. Бул саясатты биздин улуу урматуу Ким Чен Ын сунуштаган. Мамлекетибизге көп санкциялар киргизилгегине карабастан биз ядролук программаны колдошубуз керек. Мен “Бионжин” программасын колдойм.

Ким Ун Гюн айтып жаткан “Биожин” - Ын өткөн жылы сунуштаган ядролук курал менен экономикалык өсүштү айкалыштырган программа.

Ал тапта курултайдын катышчууларынын арасында съезд маалында Пхеньян өзөктүк сыноо өткөрүшү мүмкүн деген айың-кептер айтылууда.

Соңку ирет Түндүк Корея 6-январда суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн шардана кылган. Андан көп узабай эл аралык адистер Пхеньяндын суутек бомбасын жасоого мүмкүнчүлүгү жоктугун белгилешкен.

Мындай чагымга жооп ирети Улуттар Уюму 2-майда Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдатуу чечимин чыгарган. Тактап айтканда Түндүк Кореяга ядролук өнөр жайда колдонууга мүмкүн болгон бардык металлдарды экспорттоого тыюу салынган.

Жакында эле Түндүк Кореяга барып келген үч окумуштуу, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, израилдик химик Аарон Чехановер, британиялык медик Ричард Робертс менен норвегиялык медик Финн Кидланед айрым санкцияларды кескин сынга алышты. Илимпоздор эл аралык айрым чектөөлөр илим менен саламаттыкты сактоо тармагына олутту зыянын тийгизип жатканын айтышты.

Илим демекчи, съезд өтүп жаткан маалда дүйнөнүн ар тарабынан келген журналисттерге Пхеньяндагы окмуштуулар үчүн курулган жаңы көчөнү көрсөтүштү.

Мирае деп аталган келечектеги окумуштуулар көчөсүнүн курулушу 2013-жылы башталган. Көчөгө негизинен асман тиреген бийик имараттар жана көп кабаттуу үйлөр түшкөн. Ошондой эле жаңы райондун жашоочуларына мектеп, оорукана сыяктуу мекемелер курулган.

67 жаштагы Канг Юн Хи жаны коңушка бир жыл мурда көчүп келген.

- Биздин лидер Ким Чен Ын Тэдон дарыясынын жээгинде бул үйлөрдү атайын окумуштуулар, профессорлор үчүн куруп берди. Ал бүт өмүрүн илим, билимге арнаган профессорлорго кам көрүп жатат. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөн улам биз жаңы үйгө көчүп келдик.

Байкоочулар болсо муну менен Пхеньян санкцияларга карабай өнүгүү жолундабыз дегенди көрсөткүсү келет деп баамдашууда​.

"Эмгек" партиясынын съезди беш күнгө созулат
"Эмгек" партиясынын съезди беш күнгө созулат

Жума күнү башталган “Эмгек” партиясынын курултайы беш күнгө созулат. Партиянын буга чейинки съездин азыркы жолбашчы Ким Чен Ын төрөлө элек кезде, 1980-жылы анын чоң атасы Ким Сен Ир өткөргөн. Анда Ким Сен Ирдин уулу Ким Чен Ир бийлик мураскору болуп жарыяланган.

1994-жылы атасы өлгөндө бийликти алган Ким Чен Ир курултай чакырган эмес, ал өлкөнү 15 жылдай башкарып, 2011-жылы дүйнөдөн өткөн. Андан кийин коммунисттик режим өкүм сүргөн өлкөдө бийлик анын уулу, 34 жаштагы Ким Чен Ынга өткөн.

XS
SM
MD
LG