Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Абулгазиев: учактын калдыктарын чогултуу иши эртең уланат


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев 16-январдагы маалымат жыйын учурда билдирди. Анын айтымында, атайын түзүлгөн ыкчам штаб кырсык болгон аймактын көпчүлүк бөлүгүндө учак калдыктарын чогултуп бүттү. Калган иштер эртең уланат.

Кыйраган учакка ээлик кылган компаниянын жана Эл аралык авиация борборунун өкүлдөрү Бишкекке 17-январда келишет.

"Боинг-747" үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган. (NT)

XS
SM
MD
LG