Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Трамптын НАТО тууралуу пикирин Орусия кубаттады


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын "НАТО эскирген уюм" деп аташын Орусия кубаттады. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “НАТО чынында эле эски мезгилдин калдыгы жана биз андай баага кошулабыз. НАТО конфронтацияга багытталган жана анын структуралары мына ошол конфронтация негизинде калыптанганын эске алып, аны туруктуулук, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү идеяларына жооп берген заманбап структура деп атоого болбойт” деп белгиледи.

НАТО өз кезегинде ал конфронтацияны көздөйт деген айыптоолорду четке кагып келатат. Ал эми НАТОнун Чыгыш Европада аскер жайгаштыруусу Москванын Крым жана Чыгыш Украинадагы аракеттерине байланыштуу экенин билдирген.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Дональд Трамптын "НАТО эскирген уюм" дегени ал Пентагон башчылыгына алып келаткан Жеймс Маттистин Сенаттагы сөздөрүнө каршы келерин билдирген. Маттис 12-январда Сенатта анын талапкерлиги каралып жатканда “НАТО азыркы замандагы, мүмкүн бүт мезгилдеги эң ийгиликтүү аскерий бирикме” деп, Орусия саясатын ага коркунуч катары баалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG