Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Пхеньян-Вашингтон тиреши күчөдү


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскерлердин курчоосунда.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскерлердин курчоосунда.

Түндүк Кореянын айрым интернет серверлери тогуз сааттык үзгүлтүккө учураган соң кайра иштей баштады.

Американын Dyn Research киберкоопсуздук фирмасы билдиргендей, бул өлкөдөгү интернет Пхеньян-Вашингтон арасындагы хакердик чабуул боюнча араздашуудан улам иштебей калган.

Айрым аналитиктердин айтымында, Түндүк Кореянын интернет серверлеринин иштен чыгуусу киберчабуул же техникалык проблема менен түшүндүрүлүшү ыктымал. АКШ өткөн жумада Sony Pictures фирмасына жасалган чабуул үчүн Пхеньянды күнөөлөгөн.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги медиа-каражаттарында тарап кеткен Түндүк Кореядагы интернет байланышынын үзгүлтүккө учуроосу үчүн Бээжин күнөөлүү деген маалыматтарды “жоопкерсиздик” деп атады.

"Маек" тасмасынын жарнагы.

"Маек" тасмасынын жарнагы.

Sony Pictures компаниясынын “Маек” аттуу комедиясында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды өлтүрүүнү уюштурган кутум чагылдырылган. Юмор аралашкан тасма Рождествонун алдында жарыяланмак. Компанияга жасалган киберчабуул жана коркутуулардан кийин фильм көрсөтүлбөй калды.

Пхеньяндын окуяга тиешеси жок экенин билдирген Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү киберчабуул боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүүнү АКШга сунуштаган.

Кореялык аткаминер ошондой эле Вашингтон бул сунушту четке какса, аны эмне күтүп турарын кыйыткан.

Киберчабуул боюнча суроолорго жооп берип жатып АКШ президенти Барак Обама жыл соңунда берүүчү маалымат жыйынында “Пхеньянга өзүндөй жооп берилерин” убада кылды.

- Биз албетте жооп беребиз. Биз керектүү жерде, керектүү убакытта тиешелүү жоопту өзүндөй кылып беребиз, – деген Обама бул окуя боюнча Пхеньянга башка өлкөлөр көмөк көрсөткөндүгү тууралуу маалымат АКШда жоктугун кошумчалады.

Ким Чен Ын жана анын аскерлери.

Ким Чен Ын жана анын аскерлери.

Обама "Sony Pictures" жеке компаниясынын комедияны элге көрсөтпөй коюу чечимин катачылык деп эсептейт.

Түндүк Кореядагы айрым интернет серверлердин иштен чыгышы БУУнун Коопсуздук кеңешинин бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу биринчи талкуусуна туш келди.

Бул жыйындын өтүшүнө Улуттар уюмунун февраль айында жарык көргөн Түндүк Кореядагы адам укуктарынын массалык бузулушу боюнча отчету себеп болду.

- Бүгүн биз Коопсуздук кеңештин ооз ачпай турушун буздук. Биз үрөй учурган окуялардын бетин ачтык жана бул көрүнүштөр өтө коркунчтуу, - деп билдирди БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү Саманта Пауэр.

Элчи Түндүк Кореядагы элдин жашоо-шарттарын “адам чыдагыс” деп сыпаттады.

Пауэр ошондой эле Пхеньяндын "Сони Пикчерс" компаниясына болгон хакердик чабуулду биргелешип иликтөө боюнча сунушун четке какты.

- Пхеньяндагы режимдин өз элине каршы жүрүзгөн карасанатайлыгы Түндүк Кореяны бейстабилдүү, сүрдүү аскер машинеси бар өлкөгө айлантып салган, - деп билдирди Австриянын БУУдагы өкүлү, Коопсуздук кеңеште жетекчилик кылган Гари Квинлан.

Кытай жана Орусия Түндүк Кореядагы адам укуктарынын маселесин жыйында кароого каршы чыгышкан, бирок бул процедуралык суроо болгондуктан, вето коюу укугун пайдалана алышкан жок. Ошол себептен Батыш өлкөлөрүнүн бул демилгеси Коопсуздук кеңешиндеги он бир мүчөнүн колдоосу менен өтүп кетти.

Пхеньян бул суроонун Коопсуздук кеңешине каралышынын мыйзамдуулугун тааныбасын жана мындай демаршка кантип жооп берүүнү өзү чечерин билдирди.

Ушул күнгө чейин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасы гана талкууланып жүргөн.

Өткөн жумада БУУнун Башкы ассамблеясы Коопсуздук кеңештин Түндүк Корея боюнча иликтөөсүнүн досьесин Эл аралык сотко өткөрүп берүүсүнө макул добуш берип, Пхеньян адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек деп түшүндүрдү.

Досьени сотко берүү Коопсуздук кеңешинде вето коюуга укугу бар туруктуу өкүлдөрүнүн бири тарабынан токтотулуп калышы мүмкүн.

Түндүк Корея - дүйнөдөгү эң жабык өлкөнүн бири, интернет калктын аз гана бөлүгүнө жеткиликтүү.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG