Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Түндүк Корея америкалык эки журналистти кечирди


Клинтон америкалык журналисттерди өзү алып келди, 5-август, 2009
Клинтон америкалык журналисттерди өзү алып келди, 5-август, 2009

Билл Клинтон Түндүк Кореяда чек-араны бузганы үчүн 12 жылга камалган эки америкалык журналистти мекенине алып келди. АКШ бул окуя Пхеньяндын өзөктүк курал программасы боюнча талкууларга таасирин тийгизбейт дейт.

Азыр баары эле мындан Түндүк Корея эмне утту деген суроо беришүүдө. Пхеньяндын негизги утушу – Билл Клинтон өзү Түндүк Кореяга барганы болду. АКШнын мурдагы президенти - азыр да дүйнөдө аброю жогору саясатчылардын бири. Андыктан эки журналистти кечиришин сурап, Ким Чен Ирге Клинтон өзү барып турганы дүйнөдөн обочолонуп клаган коммунисттик бул режим үчүн чоң ийгилик.

Билл Клинтон Түндүк Кореяга кокустан барып калгандай эле болгону менен, ал сапардын чоо-жайы бир топ айлардан бери такталып келгени кабарланды.

Түрмөдөн бошотулган журналисттердин биринин атасы Дуглас Линг америкалык жетекчиликке ыраазычылык билдирип жатып, көшөгө артындагы мына ушул машакаттуу сүйлөшүүлөрдү белгилеп өттү. “Мен бул ишке таза ою, ыкчам аракеттери менен аралашкан баардык адамдарга рахмат айткым келет. Американын мамдепартаментине, өкмөткө колдон келген баардык ишти жасашканына ыраазычылык билдирем”.

Түндүк кореялыктар ал журналисттерди бошотуп алууга Америкадан белгилүү адамдардан бирөө-жарым келишин каалашкан экен. Анан өздөрү Билл Клинтонду тандап алышыптыр. Клинтон Ким Чен Ирдин көптөн берки душманы эле. Америкалык мурдагы президент болсо журналисттерди толук чыгарып кетүүгө кепилдик берилсе гана барам деп айткан. Андан сырткары, Клинтон ал жакта Пхеньяндын атомдук программасы боюнча да сүйлөшкүсү келген эмес.

Ошентсе да АКШ-Түндүк Корея ортосундагы эң талылуу бул тема козголбой койбосо керек. Президент Барак Обама Америка тараптан Түндүк Кореяга эч кандай убадалар берилбегенин айтты. Жапония Клинтондун сапарына заматта билдирүү таратты.

“АКШнын мурдагы президентинин сапары Түндүк Корея менен эки тараптуу жана алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кайра тезирээк жанданышына жол ачат деп үмүттөнөбүз. Сүйлөшүүлөрдө биз жапон жарандарынын жоголуп жатканы жана Түндүк Корея менен мамилелерди жакшыртуу өңдүү башка да маселелерди көтөрө алабыз деп ойлойбуз”, - деди жапон өкмөтүнүн өкүлү Такео Кавамура.

Түндүк Корея ядролук сыноолорун экинчи жолу өткөргөндөн кийин, алты тараптуу сүйлөшүүлөр токтоп калган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG