Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Түндүк Корея: чыңалуу жана аракет


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Орусия Түндүк Кореяга чектеш аймагына аскердик оор техникаларын жөнөткөнүн ырастаган да, четке каккан да жок.

Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы жергиликтүү медиа кабарлагандай, Түндүк Корея менен чектеш аймакка поезд менен аскерий техникалар жеткирилип жатканына аймак тургундары күбө болгон.

Интернет сайттардын бирине жарыяланган видеодон аскерий техникаларды, анын ичинде "Тор" зениттик ракета комплексин жүктөп бараткан поездди көрүүгө болот. Кремл өз тарабынан Түндүк Корея менен АКШ ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурга туш келген мындай маалыматтарды комментарийлебей турганын билдирди:

- Өлкө ичинде аскердик күчтөрдүн эки жакка жылдырылышы коом талкуулай турган маселе эмес. Ар бир өлкө өз коопсуздугун камсыз кылуу процессинде эл аралык кырдаалдын өзгөрүшүнө көңүл бурат,-деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

"Тор" ракета комплекси
"Тор" ракета комплекси

Корей жарым аралындагы чыңалуунун күчөшү Түндүк Кореянын өзөктүк жана тынымсыз ракета сыноолоруна байланыштуу. Бул өлкө баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөргөн. Алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты.

Пхеньян ошондой эле жыл башынан бери эле баллистикалык ракеталарын бир нече жолу учуруп, алардын кеминде үчөө Жапон деңизинин аймагына түшкөн. 16-апрелдеги акыркы ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаган.

Аймактагы коңшуларынан Кытай гана Түндүк Кореянын башкы соода -экономикалык өнөктөшү, Пхеньянга кандайдыр бир таасири бар өлкө деп саналат.

Ушул айдын башында Кытай президенти Си Цзиньпин АКШга барганда Түндүк Корея Вашингтон менен Бээжиндин сүйлөшүүлөрүндөгү башкы маселелердин бири болгону айтылган.

Дональд Трамп жана Си Цзиньпин
Дональд Трамп жана Си Цзиньпин

Президент Дональд Трамп бейшембиде Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда Кытай тараптан кандайдыр бир аракеттер жасалып жатканына токтолду:

- Соңку бир нече сааттарда адаттан тыш кадамдар жасалды. Менде Кытай президенти катуу аракет кылат деген ишеним бар. Мен ага эгер Түндүк Кореянын коркунучун жок кылсаң, жакшыраак соода келишимин аласың дедим. Себеби, азыр коркунуч бар.

Бирок Трамп Бээжин кандай чараларды көрүп жатканын ачык айткан жок. Кытай тарап өзү да эч кандай маалымат бере элек. Болгону Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Лу Канг АКШ-Кытай лидерлери соңку жолугушуусунда Түндүк Корея маселесинде бири-бирин түшүнгөнүн ишара кылды:

- Кытай жана АКШнын ортосундагы терең сүйлөшүүлөр, анын ичинде өтө жогорку деңгээлдеги жолугушуулар аркылуу Америкада эми Кытайдын саясаты, позициясы жана аракети тууралуу тагыраак түшүнүк бар. Биз буга канааттанып турабыз.

Түндүк Кореянын ракета сыноосу
Түндүк Кореянын ракета сыноосу

Пхеньяндын аскерий риторикасы адатта АКШ менен катар анын аймактагы өнөктөштөрү Түштүк Корея менен Жапонияга да каршы багытталат. Өткөн аптада Чыгыш Азияны кыдырган учурунда АКШ вице-президенти Майк Пенс Пхеньяндын дарегине бир нече ирет эскертүү жасап, Вашингтон кандай гана чабуул болбосун эффективдүү жооп кайтара аларын баса көрсөттү.

Буга чейин АКШ аскерий кемелеринин тобун Корей жарым аралы тарапка жөнөткөнүн билдирген. Кийин алар Австралияга багыт алганы кабарланса, коргоо министри Жейм Мэттис кемелердин бири Корей тарапты көздөй эле баратканын айтты.

Түштүк Корея болсо учурда АКШ менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүп жатат.

Түштүк Кореянын Биригүү министрлигинин басма сөз өкүлү Ли Дук Хаёнг Корей жарым аралындагы абалга токтолду:

- Азыр Түндүк Кореяда көптөгөн техникалар топтолгон абалда турабыз жана Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгууларынан улам Корей жарым аралына бир топ стратегиялык жабдыктар жөнөтүлдү. Биз абалга тыкыр көз салып жатабыз.

АКШнын аскердик кемеси
АКШнын аскердик кемеси

Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңеши 20-апрелдеги билдирүүсүндө Пхеньяндын акыркы ракеталык сыноолорун айыптап, ага каршы жаңы санкциялар киргизилерин эскертти. Анын мыйзамсыз ракеталык ишмердиги Корей жарым аралынын өзүндө, анын тышында да чыңалууну абдан күчөтүп жатканына көңүл бурулду.

25-апрелде Түндүк Корея улуттук армиянын 85 жылдык мааракесин белгилейт. Адатта бул күн аскердик кудуретти көрсөткөн параддар менен коштолот. Байкоочулар мааракени утурлай сыноолор болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG