Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Осло: Ашынган оңчул террорчу катары шектелген киши - сотто


32 жаштагы Андерс Беринг Брейвик (Anders Behring Breivik) бир китептеги сүрөттө.

32 жаштагы Андерс Беринг Брейвик (Anders Behring Breivik) бир китептеги сүрөттө.

Бүгүн (25-июлда) Норвегиянын ордо шаары Ослодо бери дегенде 93 кишини кыргынга учураткан террорчу деп шектелген киши сотко алынып келинди. 32 жаштагы Андерс Беринг Брейвик аттуу норвегиялык айыпталуучу полиция сурагы маалында 22-июлдагы ордо шаардагы жардыруу менен Утойа аралындагы кыргынды жалгыз өзү уюштурганын билдирген.


Коомчулук жана маалымат каражаттары үчүн жабык кырдаалда ишин баштаган Ослодогу сотто анын бул кылмышка эмне үчүн баргандыгы тууралуу ою да ачыкталууда.

Ошол эле учурда өткөн аптадагы Норвегиядагы мыкаачылык жөнүндөгү талкуу жалпы эле “террорчу деген ким?” деген суроо жаатында дүйнөлүк коомчулуктун талаш-тартышына жем таштады
.

22-июлда түштөн кийин оболу Осло шаарында кубаттуу жардыруу болуп, 7 киши набыт болду.


Норвегия: Бери дегенде 91 киши набыт кетти

x
Андан соң полициячынын кийимин кийген бир киши Утойа аралында бийликтеги Лейбористтер (Эмгек) партиясынын жаштар канаты уюштурган жайкы лагердин өспүрүм катышуучуларын айоосуз кырып кирди.

Аралда бери дегенде 86 кишинин өмүрү кыйылды.


Лагерде түпкү теги ар кыл улуттан куралган норвегиялык жаш атуулдар эс алууну саясий талкуу менен айкалыштырып, өздөрүнүн көңүлдүү жаштык күндөрүнүн бирин кечирип жатышкан.

Бул эки кылмышты тең өзү уюштурганын полициянын сурагында тастыктаган киши – 32 жаштагы норвегиялык Андерс Беринг Брейвик - дүйшөмбүдө (25-июлда) Ослодогу сотко алынып келинди.

Бишкек убакыты боюнча саат 17:30ден кийин (жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30дан соң) башталган сот жүрүмү Брейвиктин жүзүн ого бетер ачыктады.

Бирок террорчу деп шектелген кишинин ашынган көз карашын ого бетер жайылтууга мүмкүндүк жаратпоо үчүн сот иши коомчулук жана маалымат каражаттары үчүн жабык кырдаалда башталды.

Саал мурдараак, Брейвиктин жактоочусу, адвокат Гейр Липпестад (Geir Lippestad) өзү жактап жаткан киши жума күнкү кыргынды "туура иш болду" деп эсептээрин кабарчыларга мындайча билдирген:

- Брейвик бул кылган иши – мыкаачылык болгонун, бирок өз акылы менен калчап, бул ишти жүзөгө ашыруу зарыл деп аңдаганын жаңы эле айтып берди.

Эгерде сот Брейвикти кылмышкер деп тапса, анда ал эң жогорку жазага кириптер болушу ыктымал. Бул падышалыкта өлүм жазасы жоюлган, ошон үчүн ал 21 жылга, же балким, атайын чечим менен, өмүр бою абаккка кесилиши ыктымал деп жоромолдонууда.


Норвегдер терррор курмандыктарын эскеришти. 25.7.11.

x
Дүйшөмбүдө чак түштө бүткүл Норвегияда калайык өткөн жума күнү жазыксыз набыт болгон мекендештердин арбагына багыштап, бир мүнөттүк тунжуроо жөрөлгөсүн жасады.

Ошол эле учурда норвег коомчулугу эмне үчүн бир террорчу кабагым-кашым дебестен ушунчалык көп кишини кыргынга учуратууга барганы тууралуу байма-бай талкуу кылууда.

Брейвиктин интернет барагында калтырган маалыматтарына караганда, ал өзүн ашынган оңчул христиан экстремисттердин катарында санайт экен.

Ал Норвегиянын жана Батыш Европанын ар кыл маданий кыртыштагы этностук топторду орток атуулдук коомго жуурулуштурган заманбап саясатына жана уламдан-улам мусулмандардын саны Европада артып баратканына нааразы экенин ачыктаган.

Норвегиянын өкмөт башчысы Йес Столтенберг өлкөдө ашынган оңчулдар салыштырмалуу аз экенин, бирок алардын бар экендиги да санааркоо жаратаарын ишембиде (23-июлда) билдирген.

- Башка өлкөлөргө салыштырмалуу, Норвегияда ашынган оңчул экстремисттер менен башыбыз анча ооруган эмес деп айтаар элем. Бирок бизде ушул сыяктуу анча-мынча топтор бар болчу. Алардын сары изине мурда далай эле түшкөнбүз. Полициябыз кээ бир ашынган оңчул экстремисттик топтор өлкөдө дагы эле бар экенинен, же болбосо, жок дегенде, Норвегияда ушул сыяктуу топтор болуп келгенинен кабардар.

Премьер-министр Столтенберг эми полиция ушундай топтордун жума күнкү окуяларды уюштурууга тийешеси бар же жок экендигин кылдат иликтеп чыгышы керектигин баса белгиледи.

24-июлда алты киши Ослодогу жардырууга байланыштуу убактылуу кармалып, сурактан соң кайра бошотулганы маалымдалды.

Эл аралык коомчулук жана террор

Норвегиядагы бул каргалашуу окуяны эл аралык коомчулук, анын ичинде Кыргызстандын коомчулугу да бүйүр кызыта талкуулоодо.

Кыргызстандагы белгилүү саясат таануучу, илимпоз, коопсуздук маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев мырза “Азаттык” үналгысы үчүн маек куруп, террордук аракеттер тээ байыркы доорлордон бери ар кыл коомдордо катталганын айтат. Анын оюнча, террор – бул башка кишилердин тагдырын чымынча көрбөй, алардын тагдырын бийлөө аракети.


Саясат таануучу, илим кандидаты Орозбек Молдалиев. 02.11.2010.
Саясат таануучу Молдалиев мырзанын айтымында, Жакынкы Чыгышта жана айрым башка чөлкөмдөрдө айрым мусулман топторунун өкүлдөрү террорчулукту саясий күрөш аргасы катары колдонгон учурлар өткөн кылымдын экинчи жарымында жана азыркы учурда көп эле катталды.

Бирок андан улам террорчулардын баарын тең эле мусулмандарга “жабыштырган” жосунсуз өнөкөт байкалат, дейт Молдалиев мырза.

- Анан ошол окуяларга (мусулмандардын айрым өкүлдөрүнүн террордук иш-аракетти күрөш жолу катары тандашына) байланыштуу эле "террорчулардын баары эле ушул мусулмандардан экен" деген ой кетип калып атат да.

Тээ Испанияда (кээ бир жардыруу окуяларда) адегенде эле версиялардын көбү "мусулмандар жардырды" деген жоромолдорго жык болгон, бирок ал баск жикчил террорчуларынын иши экен.

(Түндүк) Ирландияда) деле террорчулары бар. Мына Орусияда Борис Савинков (1879-1925) - террорчу болгон.

Орустун революциясына чейин болшевиктердин арасында терррорчулук менен алектенгендер көп болгон
.

Дүйнө коомчулугу, анын ичинде Кыргызстандын жана башка көптөгөн мусулман өлкөлөрдүн мамлекет башчылары, Норвегия падышалыгына 22-июлдагы каргашалуу окуя менен байланыштуу көңүл айтышты.

Террорчулуктун улуту жана дини болбостугу, мындай иш-аракетти түп-тамырынан кыркуу үчүн жалпы адамзаттын орток асыл-нарктарын кеңири жайылтуу керектиги интернеттеги коомдук тармактарда да баса белгиленүүдө.
XS
SM
MD
LG