Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Давос форуму: Эртең мунай кааласаң, өндүрүштү азыртан инвестицияла!


Мунайдын баасы өндүрүштү инвестициялап, келечекте кара майга болгон талапты канааттандырууга мүмкүндүк бербейт. Ошон үчүн бир баррель мунайдын эл аралык базардагы наркы азыркыдай 40,5 доллар эмес, кеминде 60-80 доллар болуш керек. Давосто аяктаган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда энергияга бай өлкөлөрдүн лидерлери жана өндүрүштүн капитандары айткан бул пикирлер энергетикалык коопсуз- өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөр чогуу чеччү маселе экенин айкын кылды.

Мунайдын азыркы баасы- келечекте өндүрүшкө кедерги болорун Давос форумунда Бритиш Петрелиум - БП компаниясынын башчысы Тони Хейуорд эскертти. 1 баррел мунай азыркыдай 40,5 доллар эмес, 60-80 доллар турса, ОПЕК өлкөлөрү өндүрүштү инвестициялай алат жана ушу таптагы кризистен соңку кара майга болгон талапты канааттандырууга жарайт.

-Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө экономикалык өсүү токтоп калганга байланыштуу баа ылдый түшүп кетти. Керектөө кыска мөөнөткө азайды. Экономика оңоло баштаганда, керектөө ылдам өсөрүн мойнубузга алуубуз керек. Ошон үчүн өндүрүштү ушу азыртан инвестициялоо зарыл жана баа инвестицияга мүмкүндүк бергендей болгону өтө маанилүү.

Мунайдын арзандоосунан улам киреше өндүрүштүк жабдууларды жаңылоого жетпей жатканына ОПЕКтин башкатчысы Абдалла Салем эл-Бадри да көңүл бурду:

- Эгер биз азыр өндүрүшкө инвестиция салбасак, проблеманы үч-төрт жыл кийинге калтырабыз. Экономика өсүп, керектөө күчөй баштаганда - талапты жапканга өндүрүштүн кубаты жетпей калат.

ОПЕК менен БП компаниясынын жетекчилиги өткөн жайда чайкоочулуктун кесепетинен мунай 150 долларга чыгып кеткени натуура болгонун, чайкоочулукка жол бербес үчүн эл аралык жобо иштеп чыгуу зарыл экенин айтышты.

- Өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөр ылайыктуу бир бааны бычып алуусу жана ОПЕК өлкөлөрүнүн кирешеси өндүрүштү кеңейткенге жеткендей болуусу үчүн эки жакты өз ара кызматташууга жана диалогго чакырам.


Президент Гейдар Алиев Азербайжан жети куур аркылуу тышка гидрокарбонаттарды жөнөтүп жатканын белгилеп, Каспийди Европа менен бириктирчү Набукко долбооруна кызыкдар тараптарды чечкиндүү аракеттенүүгө үндөдү:

- Набукко өлкөлөрү жана долбоорду колдогон өлкөлөр чечкиндүүрөөк болушу зарыл деп ойлойм. Алар долбоорго киреше булагы ирети гана карабаш керек. Бул - энергия коопсуздугун камсыздайт. Энергия коопсуздугу жалпы коопсуздукту, эгемендикти бекемдейт.

Алиев, ошондой эле, Набукко кууру бүтмөйүн, Каспий жана Кавказ аркылуу Европага энергия ташууну көзөмөлдөө боюнча геосаясый күрөш токтобойт деп кошумчалады.

Давос форумунда дүйнөдө көмүр жана мунай керектөө азайып, газды жана башка энерегиянын түрлөрүн керектөө өсө баштаганы да белгиленип, мунай-газга болгон көзкарандылыктан чыгуу үчүн ядролук энергияга өтүү сунуш кылынды. Жыйында айтылган кептер, энергия коопсуздугу жалгыз мунай-газ өндүрүүчүлөргө эмес, керектөөчүлөргө да таандык маселе экенин көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG