Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Бүгүн Норвегияда орточо эмгек акы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу 50 процентке жогору.

Биримдикке мүчө эмес Норвегиянын байлыгынын сыры - ал дүйнөдөгү бешинчи ири мунай экспорттоочу жана экономикасы көп тармактуу. Ошол эле учурда норвегиялыктар кара майдан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн урпактар үчүн сакташат.

Норвегия 65 жыл мурда Батыштын ортозаар өлкөлөрүнүн бири болсо, азыр элинин жашоо деңгээли бийик, атүгүл Европанын локомотиви саналган Германиянын жарандарынын көзүнөн учкан “көк жээк”.

- 1960-жылы Норвегияда жашоо деңгээли Швеция же Данияга салыштырмалуу 30 же 40 проценттей төмөн болчу. Азыр Норвегиянын жашоо стандарты береги эки өлкөгө караганда бир кыйла бийик, - дейт Осло шаарындагы Норвегия бизнес мектебинин (университет) экономисти Бруно Жерард.

Жан башына өндүрүлгөн ички дүң жыйым (продукция) боюнча алганда Норвегия дүйнөдө бешинчи орунда турат. Бала бакчадагы балдардын чыгымынын 80 проценти казынадан каржыланат. Байлар менен жардылар ортосундагы киреше ажырымы да дүйнөнүн башка өлкөлөрү, анын ичинде мунай менен газга карк Азербайжан, Орусия, Казакстан же Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндегидей чоң эмес.

Норвегия кара майдан жылына 40 миллиард доллар киреше алат. Ал акчанын негизги бөлүгү болочок муундун татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн пенсия фондуна чегерилет. Бирок кол тийбес фонддогу акча мунай кендери какшыгандан кийинки өлкө муктаждыгына керектелет. Ставангер шаарындагы Мунай музейинин санариптик сааты секунд сайын көрсөтүп тургандай, болочок муун үчүн чогултулуп жаткан акча ушу тапта 890 миллиард доллардан ашты. Ал сумманы 5 миллион норвегиялыкка бөлсөк, жан башына 170 миң доллардан туура келет.

Норвегиянын мунай-газ ассоциациясынын жооптуу кызматкери Вйорн Видар Лорин табигый байлыктан түшкөн кирешени келерки муундар үчүн сактап коюу жетекчилердин акылмандыгы жана адилеттик деп эсептейт:

- Норвегиянын саясатчылары абдан даанышман, абдан тартиптүү. Ошондуктан мунай доору бүткөндөн кийин өлкөдө башка иштерге жумшаганга жетерлик акча болот. Менин оюмча, мунайдан түшкөн кирешени бир нече муунга бөлүү концепциясы - кирешени азыр эле коротуп салганга караганда адилеттүү.

Эгерде Норвегия өкмөтү кара майдан тапкан кирешени урпактарга сактап жатса, Орусия пенсия фондунун акчасын күнүмдүк керектөө үчүн сарптоодо. 1998-2013-жылдар аралыгында Норвегия жана Орусияда кара майдан түшкөн киреше ички дүң жыйымдын 15 процентин түзгөн. Норвегиянын борбордук банкынын маалыматына ылайык, былтыр кол тийбес корго топтолгон каражат өлкөнүн жылдык ички дүң жыйымынан 200 процентине жакын суммага жетти. Орусияда болсо ички дүң жыйымдын 20 процентине араң тете болот.

Кээ бир серепчилер норвегиялыктардын теңир берген байлыкты көздүн карегиндей сактап, ысырапкерчиликке барбасын бир жагынан викингдер доорунан (VIII—XI) башат алган эгалитардык (теңчилдик) салты менен түшүндүрүшөт. Атап айтканда, викингдер соодадан жана жортуулдан тапкан дүйнөсүн өздөрү шайлаган лидердин жетеги астында калыс бөлүшкөн.

Экинчи жактан, табигый байлыктардан түшкөн кирешени социалдык программалар аркылуу жалпыга тегиз бөлүштүрүү жарандардын өздөрү шайлаган өкмөткө болгон ишенимин да тастыктайт. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Норвегия жарандары бийлик органдарына ишеними жогору өлкөлөргө кирет.

Талдоочулар Норвегиянын модели бардык эле өлкөлөрдө иштеп кетет деп ишенишпейт. Бирок экономикасы тез өсүп бараткан өлкөлөр кара майдан же газдан тапкан кирешесин “сары майдай” сактабай, инфраструктураны өнүктүрүүгө, стабилдештирүү фондун түзүүгө жана экономиканы диверсификациялоого жумшоосу абзел экенин айтышат.

Айрым эксперттер Норвегиянын мунайы дагы 50 жылдан соң, газы 100 жылдан кийин байыйт дешсе, экинчилери анча убакка жетпей эле соолуп жок болот деп жоромол кылышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG