Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Путин: Ракетага каршы система Орусияга багытталган


Орус өкмөт башчысы жана президенттикке талапкер Владимир Путин бул тууралуу Биринчи каналдан берилген “Суук саясат” аттуу даректүү тасмада сүйлөгөн учурунда айтты.

Путин белгилегендей, АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн ракетадан коргонуу боюнча Европада жайгаштырып жаткан системасы “Орусиянын өзөктүк-ракеталык кубатын нейтралдаштырууга багытталганы шексиз”.

Путиндин айтымында, антиракеталык система Орусиянын кургактагы өзөктүк күчтөрү жайгашкан Уралга чейинки аймагын камтый алат.

Орус өкмөт башчысы кошумчалагандай, бүгүн “Түндүк Корея менен Ирандан коркунуч жок” жана НАТО ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталбаганы боюнча кагаз жүзүндө кепилдик бербей жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG