Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүбүздүн алкагында Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын ырчысы, Республиканын эмгек сиңирген артисти Нуржамал Табалдиева менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашты.

Нуржамал Табалдиеванын ата-тегинде ырчы, комузчу ж.б. шайырлар болбосо да мектеп босогосун аттаган күндөн балдар ырларын ырдайт. “Көч жүрө, жүрө оңолот” дегендей Нуржамал ак-караны айра таанып, бойго жеткенден тартып элдик, айтылуу ырчылардын аткарган ырларын ырдай баштайт.

Айрыкча ал залкар ырчылардын ичинен эл артисти Мыскал Өмүрканованын үнүн, аткаруучулук чеберчилигин, ырдаган ырларын жактырып “эжедей ырчы болсом” – деп, айтылуу ырчынын ырдоосундагы Бектемир Эгинчиевдин “Алымканы” баштаган элдик ырлар “Кызыл гүл”, “Жүрөгүмдөн”, Токтосун Тыныбековдун “Катка жооп”, “Гүлжан”, Осмонкул Бөлөкбаевдин “Таалайлуу элдин бир кызы” аттуу ырларын өзгөчө сүйүү, артыкча кумарлануу менен аткарат.

Ошондой эле обончулар Керим Жакшылыковдун “Жолугабыз аз күндө”, Султан Мамбетбаевдин “Бат эле келсең болбойбу” аттуу ашыктык ырларын да бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип, эргип ырдайт.

Анда эмесе Нуржамалдын жалындай жалбырттаган жаштыгын эстей ырдаган обончу Султан Мамбетбаевдин “Бат эле келсең болбойбу” аттуу ырынын үзүндүсүн угалы да, баардашуубузду баштайлы.

Бат эле келсең болбойбу

Сөзү А.Айталиевдики. Обону С.Мамбетбаевдики

Толкунга денем термелип,
Саат сайын сансыз эскерип,
Сагынып жүрөк бук болуп,
Сага арнап жазган эстелик.

Караймын тиктеп алысты
Сен иштеп жүргөн багытты
Жаракөр качан келет деп
Жаш жаным сен деп камыкты.

Тагдырым сага байланат,
Саат жылбай жылга айланат,
Жолуга турган кайсы күн
Жүзүңдөн сүйүп аймалап.

Мен ойлоп жүргөн ойлорду,
Сенин да көөнүң ойлойбу,
Кызматың бүтсө кыйнабай,
Бат эле келсең болбойбу.

Азыркы сиздер уккан шекилдүү ашыктык ырларын Нуржамал күйүп жана ырдап жүрүп, Улуттук филармониянын босогосун кандайча аттаганы жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

- 1969-жылы орто мектепти окуп бүткөндөн кийин филармониянын алдына эки жылдык музыкалык студия ачылды деген жарыяны окудум да, секелек кезимен ырдаганды жакшы көрүп, Мыскал эжедей ырчы болсом, кийин филармонияда иштесем деген тилек, чоң үмүт менен студияга документтеримди өткөрдүм. Ал кезде студиянын завучу Асылбек Бегалиев эле. Ал баштаган агайлардын алдында экзаменде обончу, ырчы Канымгүл Досмамбетованын “Чабандын болдум эрмеги” аттуу ырын комуздун коштоосунда ырдадым. Эшикке чыксам чачы тармал бир киши келип эле: - Кызым Мыскалдын кызы эмессиңби? Кай жерлик болосуң, - деп сурап калды. Кийин сураштырсам ал киши төкмө ырчы, обончу Токтосун Тыныбеков экен. Мен 23-августта студияга өттүм. Ал эми 1-сентябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданий күндөрү, Латвияда болсо Кыргызстандын маданий күнүнүн жумалыгы өтмөк экен. Ошентип, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестри эки жарым айга командировкага чыкмак экен. Бак айтып мен да оркестр менен үч ай гастролдо болдум. Оркестрдин коштоосунда ырдадым.

- Нуржамал айым, комузду чертүүнү кимден үйрөндүң?

- Гастролдон келгенден кийин студиядан окуп да, иштеп да жүрдүм. Эл шайырлар тобунда Сүйдүм Төлөкова, Гүлжан Сейиткулова, Бурулча Какишова деген эжелерибиз иштейт экен. Алардын баары тең эле мага: - Сен аккордеондун коштоосунда ырдабагын, үн болсо маркум Мыскалдын үнүнө окшошураак экен. Ошондуктан, Мыскал эжеңдин репертурарындагы ырларды ырдап көрбөйсүңбү” дешти. Мен макул болдум. Комузду черткенди Сүйдүм эже үйрөтө баштады. Бир эле мезгилде эже “Алымкан”, “Кызыл гүл” деген ырларды үйрөттү. Бул ырларды биринчи жолу Таласта командировкада жүргөндө эл алдына ырдап чыктым.

Бул дүйнө

Сөзү, обону Н.Абдракмановдуку

Жарыкчылык өмүргө,
Кимдер келип кетпеген,
Жаркыраган Ааламга ай,
Кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу татаал жол,
Бирөөлөргө кеп кенен,
А бирөөгө азап менен
Арман болуп кетпеген
Тункуйукка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө
Жаңсалып ыйламай
Улуу урматка келгенче,
Ата-энени кыйнамай.
Терезеге тепкендей
Эл мүдөөсүн сыйлабай.
Жаман адат күтөбүз
Көр оокатты жынамай ай.
Кара жанды кыйнамай
Бул дүйнөнүн байлыгын ай,
Жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл журтун
Курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар
Убалына калчу бар,
Арабызда болбосун
Адамдыкты танчулар.

- Нуржамал айым, өздүк репертуарыңда элдик ырлар баш болгон толгон токой ырлар бар экен. Ошолордун ичинен өзүңдүн бүтүндөй жан дүйнөңдү таштап коюп аткарган ырларың барбы? Болсо кимдин ырлары?

- Өзгөчө мен Ашыраалы Айталиевдин сөзүнө чыгарган Керим Жакшылыковдун “Жолугабыз аз күндө” деген ырын ушунчалык жүрөгүм менен берилип, сүйүп ырдайм. Ырлардын баары эле баягы бала сыяктуу болот. Өзүңө жакпаса, ал ырды аткара албайсың. Менимче мен ырдап жүргөн ырлардын сөзүн, обонун жактырганымдан ырдап жүрөм. Өткөндө чыгармачылыгымдын 30 жылдык концертимде бир топ жаңы ырларды ырдадым эле. 1969-жылдан бери оркестрдин коштоосунда эмес, жалаң комуз менен ырдап жүрдүм. 30-жылдык концертимде К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыктым. Ошондо акын Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган обончу Камчыбек Букалаевдин “Жаштыгыма” аттуу ырын аткардым. Камчыбек биринчи жолу обонун угузганда мага сөзү абдан жакты. Өзүмдүн балалык, анан жаштык күндөрүмдү эстеп, эл алдына ырдап чыгууга түрткү берди деп ойлойм.

Жаштыгыма

Сөзү С.Жусуевдики, Обону К.Букалаевдики

Өтпөсө да менден айып кылчалык,
Өчөшкөнсүп сен таарындың мынчалык
Кеңпейилдүү кереметтүү жаштыгым
Келчи кайра, келчи мага кылчайып.

Сен билесиң пейилимдин кандайын
Сен жайнасаң мен да кошо жайнайын
Кайың өскөн суу боюнда
Сейилдеп калак шилтеп,
Көлдө кайык айдайын.

Кайтар мага толукшуган жай айын,
Кайтар өткөн таттуу күндүн далайын
Жанбай калган отко түшүп жанайын
Канбай калган махабатка канайын.

- Нуржамал айым, ырчы аталып, филармониянын босогосун аттаганыңа эмдиги жылы 40 жыл толот экен. Ушул жылдардын аралыгында эл алдына – сахнага чыкканда ырдай турган ырыңдын сөзүн, же обонун унутуп калган учурлар ж.б. окуялар болду беле?

- Бак айтып мен залкар шайырлар, атап айтсам Токтосун Тыныбеков, Асангул Шаршенов, Эстебес Турсуналиев, Гүлжан Сейткулова, Бурулча Какишова, Сүйдүм Төлөковалар менен замандаш болуп, бирге иштешип калдым. Командировкада жүргөндө артисттик турмушумда көп эле окуя болду. Анда эмесе бир жолу белгилүү куудул Асангул агайдын мени ыйлатканын айтып берейин. Казакстанда командировкада жүрөбүз. Концерт башталардын алдында эмнегедир тамагым ооруп, ырдайын десем такыр үнүм чыкпай калды. Ошентип, ал концертте ырдаган жокмун. Концерттен кийин бизди тигил же бул жетекчилер сыйлашат. Үйдүн ээсинен сүт сурап, бышырып, сары май салып акырын ичип отурсам, Асагул агай: - Жана ырда десе үнүм чыкпайт деди эле. Эми кара сүттү кулкулдатып жутуп жатканын. Тамагым буулуп калды дебедиң беле, тамагың буулбай эле ачык турбайбы, карачы сүттү ичип жатканын – деп, тамашалаганда аябай буркурап ыйлаган элем. Дагы бир окуяны айта кетейин. Биринчи жолу Таласта комуздун коштоосунда эл алдында “Алымканды” ырдаганы сахнага чыктым. “Алымкандын” “Алымкан атка бир салган дилдейсиң” – деп, биринчи куплеттин биринчи сабын баштасам эле кийинки саптары эмнегедир таптакыр эсиме келбей койду. Токтоп калдым. Экинчи жолу “Алымкан атка бир салган дилдейсиң” деп, ырдай баштасам эле калган саптары дагы оозума кирбей койду. Бир пастан кийин дагы чыктым. Дагы “Алымканды” ырдайын десем эсиме келбей койду. Ошентип эмне кыларымды билбей, жүгүрүп чыгып кеттим. Ар жака барып ыйлап атсам, Асангул агай басып келип – Бол уят болот. Башка ырды ырдап кой, - дегенде кайра сахнага чыгып элдик ыр “Кызыл гүлдү”, андан кийин намыстана “Алымканды” ырдадым. Артисттик турмушта ар кандай окуялар көп эле кезигет.

Н.Табалдиева кыргыздын ар кандай темадагы, түрдүү обондордогу ырларын аткаруу менен бирге казак, өзбек, жапон ж.б. элдердин да ырларын ырдайт. Айрыкча ал жапондордун кары-жашы ооздорунан түшүрүшпөй ырдашкан “Актомбо” аттуу элдин ырын кыл кыяк менен комуздун коштоосунда бүтүндөй жан дүйнөсү менен ырдайт.

Белгилүү ырчынын ырдаган ырлары, аткаруучулук чеберчилиги менен КМШ жана Жапония, Швеция, Швейцария, Белгия, Франция, Тунис, Вьетнам ж.б. чет өлкөлүк бейтааныш угуучулар да угушуп, таазим этишет.

Тилекке каршы “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей Табалдиеванын көп жылдык кыргыздын элдик музыкасынын кооз үлгүлөрүн калк арасына жайылткан эмгеги бааланбай эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылбай келет. Бул жөнүндө филармониянын жетекчилиги, Маданият жана маалымат министрилиги билишсе да билмексенге, көрүп турса да көрмөксөнгө салып келишүүдө.
XS
SM
MD
LG