Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

АКШ ооган согушунда жеңишке жетишиш үчүн ал жакка кошумча 30 000 аскер жиберет. Бул тууралуу бүгүн президент Барак Обама “ооган стратегиясын” жарыялаганда билдирди.

АКШнын президентинин айтымында, америкалык аскерлер бир жарым жылдын ичинде кайра мекенине кайта башташат. Америкалык жарандардын көпчүлүгү президенттин чечимине канааттанбай турушканы айтылууда, бирок Обама ийгиликке жетишүүдө ал тандап алган багыт туура экенине ишендиргиси келди.

Биз Ооганстанды басып алгыбыз келбейт...
Ал Нью-Йорктогу Вест Поинт аскердик академиясында сүйлөп жатып, “Американын кызыкчылыгы үчүн” ушундай кадамга барып жатканын айтты.

“Бул чечим мен үчүн оңой болгон жок, - деп айтты Обама. – Мындай кадамга барганымдын себеби - биздин коопсуздугубузга негизги коркунуч Ооганстан менен Пакистандан чыгып жатат. Бул аймак “Ал-Каиданын” зөөкүр экстремизминин борбору. Бизге 2001-жылдын 11-сентябрында чабуул да ушул жактан даяралган. Мен буга чейин айткандай, дагы жаңы террор чабуулдары ушул жерде даярдалып жатат”.

Обаманын айтымында, Кошмо Штаттары ооган жеринде бийликке умтулган талиптерди, “Ал-Каиданын” лидерлерин кырып жок кылбаса, бул өңдүү коркунучтар көбөйө берет.

Бирок бул иштеги жоопкерчиликти Кошмо Штаттары жалгыз көтөрбөйт, деп айтты Обама. Келерки жылдын жазына чейин ооган жериндеги америкалык аскерлердин саны 100 миңге жетсе, НАТО башчылыгындагы аскерлер азыркы 40 миңден 45 миңге же 50 миңге чейин өсүшү мүмкүн.

“Америкалык жана эларалык кошумча аскерлер бизге акырындап коопсуздук боюнча жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө өткөрүп берүүгө жана 2011-жылдын июлунан баштап ал жактан өз аскерлерибизди чыгарып кетишибизге мүмкүндүк берет, - деди ал. - Ирактагыдай эле, биз ахыбалга жараша ал жактан аскерлерди чыгарып кетебиз. Ооган күчтөрү өздөрү мекенинде тынчтыкты коргой алышы үчүн аларга жардам беребиз. Жергиликтүү өкмөт да, эл да андан ары өз мамлекети үчүн өздөрү жоопкердүү экенин түшүнүшү зарыл”.

Обама Ооганстанда бейпил турмушка жетишүүнү өзүнүн президенттигиндеги негизги приоритеттерден деп белгилеген
Соңку кездери Хамид Карзайдын жетекчилиги астындагы ооган өкмөтүндөгү коррупция жана начар башкармалыктын айынан иренжий түшкөн америка-ооган алакаларына карабай, Обама азыр Карзайдан да, карапайым оогандыктардан да тилектештикти күтүп жатканын айтты.

Обама Ооганстан ондогон жылдар бою советтик армиянын, граждандык ыңкылаптын азабынан, “Ал-Каиданын” баскынчылыгынан кийин, эми тынч жашоого жетишиши керектигин билдирди.

“Биз сиздердин өлкөнү басып алгыбыз келбейт, - деди Обама. - Ооган өкмөтү зордук-зобундан баш тартып, калган жарандардын да укугун урматтай турган талиптерге да эшигин ачып жатканын колдойбуз. Биз бузукуларды тыйып, өлкөнүн өнүгүшүн каалагандарды колдоо максатында Ооганстан менен ич-ара түшүнүүчүлүккө негизделген шериктештикке жетүүгө умтулабыз. Тезирээк аскерлерибизди чыгарып кетип, Америка силерди калкасына алгандай эмес, сиздер менен өнөктөштүк мамилеге негизделген узак мөөнөттүү достукка жетүүнү каалайбыз”.

Ооганстанда туруктуулукка жетишүүдө Пакистандын мааниси зор экенин да айтып, Обама “Кошмо Штаттары мындан ары да Пакистанды экономикалык, аскерий жактан колдой берээрин” ырастады.

АКШнын президентинин билдирүүсүн Ооганстанда НАТОнун аскер күчтөрүнүн башчысы Стэнли Маккристал колдой турганын айтып, эми аларда “так аскерий миссиясы” бар экенин жана аны аткарууга жетиштүү ресурстар да пайда болгонун билдирди. Дал ушу Маккристал Ооганстанда жеңишке жетишүү үчүн кошумча аскерлер керектигин айткан болчу.

Биз Ооганстанга калкалоочу эмес, дос болууну каалайбыз
Обаманын стратегиясын Ооганстандын жетекчилиги да колдоду.

Бирок Американын өзүндө калктын жарымынан көбү Обаманын “ооган стратегиясын” колдобой жатышкан. Жаңы стратегияны айтып жатып, Обама ооган согушун Вьетнамдагы согуш менен салыштырбоого чакырды: “Вьетнамдагыдан айырмаланып, Америкага чабуулдар Ооганстанда даярдалган, бул аймак азыр деле экстремисттер баш калкалаган жер бойдон калып жатат”, - деп айтты Барак Обама.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG