Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Турсунбеков: Референдумга каршы маанай парламентте да, элде да жок


Чыныбай Турсунбеков, 11-декабрь, 2016
Чыныбай Турсунбеков, 11-декабрь, 2016

Референдумга каршы парламентте да, эл арасында да принципиалдуу каршылык болгон жок. Бул тууралуу бүгүн добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Спикердин белгилешинче, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси парламентте талкууланганда ага өзгөртүү жана толуктоо боюнча "депутаттар орчундуу каршылык билдирген жок, суроолор процедуралык гана мүнөздө болгон".

Апта ичинде төрага бир нече облусту кыдырып чыккан. Анын айтымында, эл менен жолугушуулар учурунда да референдумга каршы пикирлер дээрлик айтылган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG