Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Обама менен Кэмерон Каддафиге кысымды бошоңдотпойт


Премьер-министр Дэвид Кэмерон жана президент Барак Обама. Лондон, 25-май
Премьер-министр Дэвид Кэмерон жана президент Барак Обама. Лондон, 25-май

Лондондо мамлекеттик сапарын карытып жаткан АКШ президенти Обама 25-майда Британ премьери Кэмерон менен кездешти.

Жолугушууда Ооганстандагы кырдаал, эл аралык коомчулуктун Ливиядагы оппозициячыл күчтөргө көмөктөшүү жолдору жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды.

Каддафиге Лондондо жасалган үндөө угулары күмөн...

Президент Обама менен премьер-министр Кэмерон бир жарым сааттык сүйлөшүүдөн кийин маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Ливия
лидерине кысым
бошоңдобосун эскертишип, Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө кайрадан чакырышты.

НАТО үстүбүздөгү жумада Каддафинин бийликтен кетүүсүн тездетүү үчүн аскердик жана дипломаттык кысымды күчөттү. Коалициянын учактары 24-майда Каддафинин жабыты - Триполини катма-кат бомбалай баштады. Ак Үй болсо ливиялык көтөрүшчүлөр Вашингтондо өкүлчүлүгүн ачаарын жарыя кылды.

Кошмо Штаттар үч ай мурда ливиялык жарандарды Каддафиге ишенимдүү күчтөрдөн коргоо өнөктүгүнүн баштаганда авиаоперацияны НАТО жетектеп, а биз көмөктөшөлү деген шарт койгон. Деген менен учурда айрым британ парламентарийлери Британия менен Франция согуштук операциянын жүгүн көтөрүүдө дешип, Вашингтонду Ливияга кошумча согуштук тикучарларды жиберүүгө чакырышууда.

Ошол эле кезде Кошмо Штаттарда жана Европада парламенттарийлер арасында Каддафи качан бийликтен кетет деген тынчсыздануу өсүүдө.

Президент Обама(солдо), падыша Елизавета(ортодо) жана АКШнын биринчи айымы Мишел Обама(оңдо) Букингем сарайындагы Портреттер галлереясыны кыдырып жүрүшөт. 24-май

Британияда америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу планына да кызыгуу чоң. Барак Обама аскерлердин биринчи тобун чыгаруу мөөнөтүн жакынкы эки-үч күндө жарыялайт деп болжолдонууда.

Азыр Ооганстанда 100 миң америкалык аскер жайгашкан. Ооган жериндеги аскерлеринин саны боюнча британдар экинчи орунда турат же 10 миң колу бар.

Британ падышасы АКШ президентине дасторкон жайды

Падыша Елизавета-II шейшемби күнү Букингем сарайында президент Обамага дасторкон жайнаган сый тамак берип жатып белгилегендей, Британия үчүн АКШ эң маанилүү союздаш саналат:

- Бүгүн Кошмо Штаттар биздин абдан маанилүү союздашыбыз жана биздин эки өлкөнүн элинин, ошондой эле дүйнөнүн коопсуздугуна жана жыргалчылыгына чогуу салым кошот.

Президент Обама өз кезегинде Британия АКШнын тышкы саясаттагы ишенимдүү ынагы экенин баса айтты:

- 11-сентябрдагы чабуулдун 10 жылдыгы алдында Британ падышалыгына акыркы он жылда Америкага көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер ошол күндөн ушу бүгүнгө чейин чоң жоготууларга карабай биздин элибизди дүйнөнүн чар тарабындагы террордук чабуулдардан жана агрессивдүү экстремизден коргоодо эң жакын өнөктөшүбүз бойдон калуудасыздар.

Падыша Елизавета берген сый тамакка 170 саясатчы, анын ичинде өлкөдөгү эң ири үч партиянын лидерлери, падыша бүлөсүнүн мүчөлөрү жана көрүнүктүү адамдар да чакырылды.

Үч күндөн бери Лондондо мамлекеттик сапарда жүргөн АКШ президенти 25-майда кечинде Британ парламентинде сөз сүйлөйт. Андан соң Барак Обама Парижге сапар алат.

Обаманын жардамчыларынын айтышынча, ал Британ парламентиндеги сөзүндө Кошмо Штаттардын Европадагы союздаштары - Вашингтон Кытай жана Индия менен мамилесин бекемдөөгө умтулганына карабастан дүйнөлүк саясаттагы баа жеткис өнөктөшү экенине көңүл бурат.

Обама Лондондогу маалымат жыйынында билдиргенге караганда, ал эртең Францияда болчу саммитте Чоң Сегиздин лидерлери менен Жакынкы Чыгышта демократияны жайылтуу маселесин талкуулайт. Кэмерондун айтымында, Британия береги саммитте демократиячыл козголоң каптаган Арап өлкөлөрүнө “экономикалык жана саясый колдоо көрсөтүүнүн үлкөн программасын” иштеп чыгууну сунуш кылмакчы.

Президент Обама ошондой эле израилдиктер менен палестиндерди Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын алга жылдыруу үчүн “олуттуу компромисске барууга” да үндөдү. Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху шейшемби күнү АКШ Конгрессинде сүйлөп, Барак Обаманын жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө 1967-жылкы арап-жөөт согушуна чейинки Израилдин территориясы негиз болушу шарт деген болчу.

XS
SM
MD
LG