Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

АКШ президенти “Ислам мамлекети” тобун жеңүү үчүн бардык өлкөлөрдү биргелешип сокку урууга чакырды. Ошол эле кезде Обаманын террорчулук менен күрөшүү ишмердигин сындагандар да жок эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын быйылкы жыйынындагы негизги тема Сирия маселеси болууда. Сирия кризисин жөнгө салуу жолдору боюнча кайчы турумду карманган АКШ жана Орусия президенттери Башкы ассамблеяда сөз алгандын эртеси БУУда терроризмге каршы Вашингтон уюштурган саммит өттү. Анда сүйлөгөн кезинде Барак Обама “Ислам мамлекети” тобу акыр-аягында жеңилерине ишеним билдирди, бирок бул убакытты талап кыларын эскертти.

АКШ президентинин пикиринде, “бул - кадимки күрөш эмес, конкреттүү бир эле топко эмес, анын идеологиясына каршы узак мөөнөттүү өнөктүк”.

АКШ президенти өз сөзүндө “Ислам мамлекети” тобунун катарына жаңы адамдарды тартып жаткан түйүндөрдүн ишин токтотууга каршы күрөштү кайра жандандыруу зарылдыгын да белгиледи.

Сириядагы "Ан-Нусра"террордук тобунун катарында согушуп жүргөндөр

Сириядагы "Ан-Нусра"террордук тобунун катарында согушуп жүргөндөр

​“Нью-Йорк Таймс” гезитинин кечээ жазганына караганда, АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде, азыр Ирак менен Сирияда, “Ислам мамлекети” тобунун катарында 30 миңге жакын чет элдиктер согушуп жүрөт.

Барак Обама БУУдагы саммитте сүйлөгөн учурунда дүйнө өлкөлөрүн “Ислам мамлекети” уюшкан тобуна каршы координацияланган глобалдык күрөшкө чакырып, Сириядагы тынчтыкты жаңы лидер менен гана камсыз кылуу мүмкүн деген оюн кайталады:

- Сирияда, кечээ мен айткандай, “Ислам мамлекети” тобун жок кылуу маселеси жаңы лидер жана террорчулукка каршы элди бириктирген жаңы мамлекеттик түзүм менен гана ишке ашат деп ишенем. Бул абдан оор процесс. Мурда билдиргендей, бардык өлкөлөр, анын ичинде Орусия жана Иран менен тынчтыкты камсыздоого багытталган саясий механизмди чогуу иштеп чыгууга даярбыз.

Бирок Орусия АКШнын БУУда өткөргөн саммитин сынга алды. Москванын элчиси Виталий Чуркин АКШ саммити Улуттар Уюмунун “Ислам мамлекети” тобуна каршы стратегияны координациялоо аракеттерин жокко чыгарарына көңүл бурду.

БУУдагы саммит алдында Нью-Йоркто АКШ жана Орусия президенттеринин акыркы эки жылдагы алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү өткөн эле. Анын жыйынтыгын комментарийлеп жатып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүнү “абдан конструктивдүү” деп мүнөздөдү жана анда АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү каралганын белгиледи.

Президенттердин кездешүүсүндө АКШ-Орусия Сирия боюнча кызматташтыктын айрым фундаменталдык принциптерин макулдашканын мамлекеттик катчы Жон Керри да айтты. Бирок Керри Орусия президент Башар Асадды бийликтен кетирмейин Сирияда тынчтык орнобосун түшүнүүсү керектигин кошумчалаган эле.

Жон Керри

Жон Керри

АКШ мамкатчысы 29-сентябрда СNN телеканалындагы интервьюсунда Вашингтондун Асад боюнча азыркы турумун төмөнкүчө чечмелеген:

- Өткөн мезгил аралыгында коалициядагылардын баары Башар Асад токтоосуз кетиши керек деп айтып келди. Бул баштапкы билдирүү артка алынды, биз муну өзгөрттүк. Бизге тартипке салынган, башкарылган өткөөл мезгил керек. Бул өч алуу, өмүр кыйган коркунучтар, вакуум болбошу үчүн зарыл. Бул нерселердин баары негиздүү тынчсыздануулар.

Ал арада Вашингттон администрациясынын терроризмге каршы стратегиясына сындар АКШнын өзүндө да айтылып жатат.

Маселен, Конгресстин 29-сентябрда жарыяланган баяндамасында Обаманын администрациясынын террорчуларга каршы күрөшүү жана террорчул топторго кошулуу үчүн кетип жаткан адамдарды токтотуу боюнча стратегия иштеп чыга албаганы сынга алынган.

Конгресс баяндамасында келтирилген маалыматтарга караганда, жыл башынан бери эле АКШнын 250дөн ашуун жараны Сирия менен Ирактагы террордук топторго кошулган же кошулууга аракет жасаган. Алардын бир нечеси кайра мекенине кайтууга да үлгүргөн.

Терроризмге каршы күрөшүү боюнча БУУдагы саммитти утурлай Обаманын администрациясы “Ислам мамлекети” тобуна Орусия менен Пакистандан байланышкан уюмдарга жана жеке адамдардын тобуна каршы жаңы каржылык санкцияларды жарыялады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG