Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Иса Өмүркулов КСДПнын коалициядан чыгуу себебин түшүндүрдү


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпөөчүлүктөн улам көпчүлүк коалициядан чыкты. Бул тууралуу социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтуусунда, былтыр коалиция түзүлгөн кездеги ой-максаттар ишке ашпай калгандыктан, ушундай чечим кабыл алынган:

-Кийинки кездеги окуялардан, карама-каршылыктардан улам көпчүлүк коалициядагы фракциялар оппозиция жана позицияга бөлүнүп калды. Андай коалициянын өмүрү кыска болот. Ошондуктан, биз чыгып жатабыз.

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам КСДП менен “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралган. Мындан улам Иса Өмүркулов “атамекенчилерге” коалициядан чыгууну сунуштаган, бирок ал ишке ашкан эмес.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев КСДП өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп коалициядан чыгып кетиши туура эместигин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG