Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Өзбек делегациясы 26-октябрда Кыргызстанга келет


Кыргыз делегациясынын Өзбекстанга сапары учурундагы сүрөт. 1-октябрь, 2016-жыл.
Кыргыз делегациясынын Өзбекстанга сапары учурундагы сүрөт. 1-октябрь, 2016-жыл.

Өзбекстан өкмөтүнүн делегациясы 26-октябрда Кыргызстанга келет. Расмий маалыматка ылайык, коноктор үчүн Ош шаарындагы борбордук аянтта майрамдык иш-чара тартууланат. Коноктор Бабур атындагы театрда “Манастын уулу Семетей” спектаклин көрүшөт жана Сулайман тоодогу тарыхый комплекс менен таанышат. Андан тышкары, Кыргызстан элдеринин ассамблея өкүлдөрү менен сүйлөшүп, айыл чарба азыктарынын жармаңкесине катышат. Күн тартибинде студенттер менен жолугушуулар да пландалган.

Кошуналык мамилени бекемдөөгө арналган сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол коюлат.

Быйыл 1-октябрда Кыргызстан делегациясы Өзбекстандын Анжиян шаарында конокто болушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG