Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Гумжардамды иргөөгө ыктыярчылар керек болууда


Авиакырсыктан жабыркагандарга чогултулган гумжардам
Авиакырсыктан жабыркагандарга чогултулган гумжардам

Өткөн жумада Бишкектин четинде болгон авиакырсыкта жабыркагандарга чогултулуп жаткан гуманитардык жардамды иргегенге кутулар жана ыктыярчылар керек болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабыл алуу пункттарынан билдиришти.

Каалоочулар Бишкектеги Үсөнбаев көчөсү-2 дарегине, “Вечерний Бишкек” редакциясынын короосуна барып жардамдашса болот.

Гуманитардык жардам өлкөнүн бардык аймагынан жана Алматы шаарынан топтолууда.

Жабыркагандарга өкмөт банктан ачкан атайын эсепке өткөн аптанына соңундагы маалыматка караганда, 20 миллион сомго жакын акча түштү.

16-январда Дача СУ айылына кулаган учак 39 адамдын өмүрү кыйды. Бир канча адам жараат алды.

Каалоочулар акциянын уюштуруучусу Элима Жапарова менен байланышса болот (телефон номуру 0 770 050939). (SE)

XS
SM
MD
LG