Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

"Ислам мамлекети" тобуна каршы стратегия сүйлөшүлөт


ИМ тобунун согушчандары туткун Сирия аскерлерин атканы айдап баратат. Августтун аягы, 2014-жыл.
ИМ тобунун согушчандары туткун Сирия аскерлерин атканы айдап баратат. Августтун аягы, 2014-жыл.

14-октябрда президент Барак Обама 20 чакты мамлекеттин коргоо министрлери менен Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети”, кыскача ИМ тобунун согушчандарына каршы стратегияны талкуулайт.

Жыйын АКШ башындагы коалиция “Ислам мамлекети” тобунун алга жылуусун токтотсун деген талап күчөп турган тушта өтүүдө.

Аталган жыйынга АКШ менен бирге Сириядагы согушчандарга абадан сокку урууга катышкан Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги катышат. Андан тышкары Түркия, Австралия, Бахрейн, Бельгия, Канада, Дания, Египет, Франция, Германия, Италия, Иордания, Кувейт, Ливан, Нидерландия, Жаңы Зеландия, Катар жана Испаниянын өкүлдөрү да келет.

Вашингтондун сыртындагы Андрю авиабазасында өтчү кездешүүгө АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын зардалы, генерал Мартин Демпси төрагалык кылат.

Бул чогулуш, АКШ күчтөрүнүн Биргелешкен штабынын өкүлү полковник Эд Томастын билдиришинче, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” тобунун проблемасын, аны менен күрөшүүнүн жолдорун талкуулоо алдында тараптардын өз ара таанышып-билишип алуусун көздөйт.

17-сентябрда президент Обама АКШ жана өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин “ар тараптуу жана стабилдүү контртеррордук стратегияны” пайдаланып, кыйратып жок кылат деген.

Бирок Ак үйдүн согушкерлерге каршы өнөктүгү өлкө ичинде катуу сындалууда. 12-октябрда Обаманын кажыбас сынчысы, республикачыл сенатор Жон МакКейн “алар жеңүүдө, биз жеңилүүдөбүз” деп, Ак үйдү келекеге алган.

Жихадчылар 13-октябрда Ирактын Анбар провинциясындагы Хит шаарчасындагы өкмөттүк күчтөрдүн базасын басып алып, танкт жана башка техникаларын тоноп, өзүн өрттөп жиберишкенин расмий Багдад бышыктады. Талдоочулар Анбар провинциясы толук ээленсе эле согушчандар Багдадга чабуулга өтүүгө камдана баштайт дешет.

БУУнун маалымдашынча, Хит жана анын айланасын 180 миңден ашык адам калтырып кетти.

Ушул эле күнү (13-октябрь) британ тышкы иштер министри Филип Хэммонд Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна АКШ, Британия жана башка өлкөлөр урган авиасоккулар согушчандарды жеңгенге жетишсиз экенин эскертти. Бул өнөктүк августтун баш ченинде башталган.

Байкоочулардын билдиришинче, “Ислам мамлекети” уюмунун жихадчылары Сириянын Кобани шаарынын ортолугундагы маданий борборду ээлешип, күрт ыктыярдуу күчтөрүн артка сүрүүдө.

Ирак күрттөрүнүн тышкы иштер министри Фолаа Мустафа дүйшөмбү күнү “Азаттык” радиосуна берген интервьюда алар менен халифатчылар ортосундагы согуштук линия миң чакырымдан көп экеннине токтолду:

- Биз Кобанини коргоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасоого даярбыз, бирок биздин “Ислам мамлекети” тобу менен согуштук линиябыз 1035 чакырым экенин жадыбызга тутушубуз абзел. Июнь айында Ирактын территориясынын үчтөн бирин - батыш бөлүгүн басып алгандан бери биз алар менен согушуп жатабыз. Августтан бери алар менен күн сайын салгылашуудабыз.

Мустафа Анкарага ишара кылып, Кобанини коргоого умтулган күрттөргө коридор ачууну да суранды.

Түркияга чек аралаш Кобанинин чет-жакасында АКШ башындагы коалиция абадан сокку уруусун мурдагыдай эле улантууда.

Бу тушта Түркия түштүктөгү инжирлик авиабазасын жихадчыларга сокку урууда пайдалануу боюнча Анкара-Вашингтон арасында мунаса табылды деген маалымат жокко чыгарылды.

- Инжирлик авиабазасында терроризмге каршы күрөштөгү кызматташуудан бөлөк эч кандай жаңылык жок. Биз кээ бир объекттерди “темир жол жана камсыздоо” долбоорлору үчүн берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатабыз, бирок бир бүтүмгө келе элекпиз. АКШ чиновниктери менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы кабыл алынчу чаралар, анын ичинде учууга тыюу салынган жана буфердик зонаны орнотуу боюнча сүйлөшүү жакынкы күндөрү улантылат,- деп билдирди Түркиянын вице-премьери Бүлент Арынч 13-октябрда Анкарадагы маалымат жыйынында.

XS
SM
MD
LG