Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

АКШда шайлоо айтышуулары күч алды


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама менен Республикалык партиянын талапкери, миллиардер Дональд Трамптын ортосундагы кайым айтыш күч алды. Шейшембиде Обама Трампты президенттике татыктуу эмес деп сындаса, Трамп ага жооп кайтарды. Республикачылардын талапкери Обаманы АКШ тарыхындагы эң начар мамлекет башчы деп атады.

2-августта Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама республикачылар партиясынан президентикке ат салышып жаткан Дональд Трампты сынга алган. АКШ президенти Трампты мамлекетти башкарууга эл аралык мамилелер жаатында билими жетишсиз экенин айткан эле:

- Анын Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азиядагы көйгөйлөр тууралуу жөнөкөй да маалыматтарды билбестиги анын бул кызматка даяр эместигин көрсөтөт, - деген Обама шейшембиде Ак үйдө журналисттер алдында сүйлөп жатып.

Барак Обама буга чейин Республикачылар партиясынан шайланган президенттер же талапкерлер менен пикир келишпестиктер болуп келгенин моюнга алды. Анын айтымында, бирок алардын баары идеялык карама-каршылыкка карабастан өлкөнү башкарууга даяр эле. Ал эми Трамп жөнүндө андай ойдо эмес экенин учурдагы президент дагы бир ирет кайталады.

Трамптын жообу

Дональд Трамп Обаманын сынына көп күттүрбөстөн жооп кайтарды.

Ал учурдагы бийликтин Жакынкы Чыгыш жана Сириядагы азыркы саясатын кескин сынга алып, президентти чечкинсиз саясатчы деп мүнөздөдү. Трамптын ачуу сынынан президенттик шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтон да куру калган жок.

Республикачы талапкер “Клинтон мамлекеттик катчылыкта турганда кабыл алынган чечимдер улуттук коопсуздукка доо кетирип, карапайым америкалыктарга зыянын тийгизди" деген жүйөнү келтирди.

- Берни Сандерс Хиллари менен келишим түзбөй эле койсо болмок. Муну менен ал жаман ишке барды. Ишенип койгула, ал өтө өкүнөт. Эгер ал эч нерсе кылбай эле үйүнө барып жатып алса, чоң пайда кылмак. Ал "шайтан" менен келишим түздү. Хиллари - шайтан, - деди ал буга чейин Демократиялык партиядан президенттике ат салышкан экинчи талапкер Берни Сандерс тууралуу айтып жатып.

АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон
АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон

Трампты сындаган партиялаштары

Бир гана президент Обама эмес Трамптын өзүнүн партиялаштары да анын билдирүүлөрүнө ичтери бышпагандай. Бир күн мурда Республикачылардын эң ири демөөрчүсү деп эсептелген ишкер айым Мег Уитман да Трампты эмес, Хиллари Клинтонду колдоорун ачык жарыялады.

Уитман өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына “Республикачылар партиясынан чыккан үчүн эле Дональд Трампты колдоо - бул жек көрүүчүлүктү, ксенфобияны жана рассалык бөлүнүүнү өз кызыкчылыгында колдонгон талапкерди колдоо дегенди билдирет. Бийликти Трамптын колуна тапшыруу биздин өнүгүүбүздү жана улуттук коопсуздугубузду коркунучка калтыруу дегенди билдирет” деп жазды.

Андан мурун дагы бир республикачы, нью-йорктук конгрессмен Ричард Ханна Клинтонго жан тартаарын билдирген. Трамптын Иракта каза тапкан мусулман аскери Хумаюн Хандын үй-бүлөсүнүн дарегине айткан сөздөрү бир катар республикачылардын кыжырын келтирди.

Каза тапкан жоокердин ата-энеси Хизра менен Газалу Хан Демократиялык партиянын съездинде сүйлөгөндөн кийин Трамптын сынына кабылышкан.

Хизра Хан Кошмо штаттар үчүн кызмат кылып, өз өлкөсү үчүн жанын берген уулун эске салуу менен, Трамптын мусулмандардын Америкага кирүүсүнө убактылуу тыюу салыш керек деген демилгесин айыптаган. Трамптын көп партиялаштары маркум офицердин ата-энесин ачык колдоп чыгышты, ал эми айрымдары миллиардерди бул билдирүүсү үчүн ачык сынга алышты.

Алардын арасында Вьетнам согушунун ветераны, 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болгон Жон Маккейн да бар.

Шайлоодо ким утат?

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген. Учурда шайлоодо ким жеңишке жетиши мүмкүн деген сурамжылоого көпчүлүктүн көңүлү бурулуп турган чак. Акыркы сурамжылоолор боюнча экс-мамкатчы Хиллари Клинтон Трамптан озуп өтүп, алдыга чыкты.

Америкалыктардын көбү Клинтонго 100 пайыз ишенишпесе да Трампка салыштырмалуу өлкөнү жакшыраак башкарат деген ишенимде.

CNN каналы маалымдагандай, учурда Клинтон Трамптан 9% алдыда баратат. CBS News телеканалынын сурамжылоосу боюнча Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн алгачкы аял талапкер Дональд Трамптан 7% алдыда.

XS
SM
MD
LG