Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Өмүр бою соттолгондор үчүн абак курууга 114 млн сом керек


Абак.
Абак.

Бул тууралуу Кыргызстандын жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров 27-сентябрда өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтуусунда, каражаттын тартыштыгы алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга тоскоол болууда. Жапаров ошондой эле Жалал-Абад шаарында оор кылмыштары үчүн камалгандарга курулуучу абак-жайдын жана изолятордун курулушуна 75 млн сом каралганын, бирок, каражат бериле электигин билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын башчысы учурда абактардагы уюлдук байланышты өчүрүүгө да акча жоктугун белгиледи.

Кыргызстандагы абак жайларда 11 миң чамалуу киши отурат. Түрмө, убактылуу камоочу жайлардын дээрлик баарынын имараттары Союздун тушунда курулган, көпчүлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргөн эмес. Өткөн жылдары түрмөдө отуруп, уюлдук байланыш аркылуу эркиндикте жүргөндөрдөн акча өндүргөн шылуундар бар экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG