Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Чүйдө кулаган учактын “кара кутусундагы” маалыматтар алынды


Авиакырсыктын курмандыктары.
Авиакырсыктын курмандыктары.

КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитети “Манас” аэропортунун жанында кулаган түркиялык My Cargo компаниясынын учагынын «кара кутусундагы” маалыматтарды көчүрүп алды. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, “кара кутуда” Boeing учагынын жерге кулашына чейинки бардык маалыматтар жазылган. Учурда адистер учак кабинасындагы экипаждын сүйлөшүүлөрүнүн транскрипциясын анализдей баштады.

Ошондой эле комитет учак кырсыгын иликтөө боюнча комиссия жеринде иштерди улантып жатат.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адам каза болгон. Алардын ичинде учак экипажынын мүчөлөрү - төрт түрк жараны бар. Ошондой эле 23 үй кыйраган.(BkA)

XS
SM
MD
LG