Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Айсулууну уткан Сакши Индияга майрам тартуулады


Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштөн 58 килограммка чейинки таймашта коло уткан Сакши Малик.
Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштөн 58 килограммка чейинки таймашта коло уткан Сакши Малик.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековадан коло медалды илип кеткен индиялык Сакши Маликтин жеңишин анын мекени түнү бою майрамдады. Бул күрөштөн индиялык кыз-келиндер алган алгачкы медал болду.

18-августка караган түнү кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштөн 58 килограммга чейинки таймашта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованы утуп, коло медал алган Сакши Маликтин жеңишин индиялыктар түндөн тарта майрамдашууда.

Көпчүлүк кыргызстандыктардын ичин ачыштырып жеңген коло медал индиялык кыз-келиндердин күрөш боюнча алган алгачкы медалы болуп калды.

- Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Мен бул жеңишти акыркы 12 жылдан бери күтүп келгем. Күрөш менин жан дүйнөм. Өлкөм менден бул жеңишти күттү, элимдин ишеничин актадым деп ойлойм. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем, - деген 23 жаштагы Сакшинин жеңиши үчүн Индия бийликтери ага 375 миң доллар сыйлык берери белгилүү болду.

Риодогу Олимпиадада 1 милллиард 250 миңден ашык калкы бар Индиянын спортчулары бир да медал ала элек эле. Кызынын жеңишине энеси Судаш Малик да жетине албай турду.

- Индиянын кызы акыры Олимпиадада медал утту, бул жолу куржалак калабызбы деген ойлорго чекит койду. Биз абдан сыймыктанабыз кызыбыз менен, - деди кубанычы коюнуна батпаган Сакшинин энеси Судаш Малик.

Айсулууну уткан Сакшинин ата-энесинин сүйүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

The Indian Express гезитинин жазышынча, Сакшини жеңиши менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди куттуктады.

Казак мушкердин ийгилиги

Ушул эле түнү казакстандык мушкер Данияр Елеусинов Олимпиада чемпиону аталды. Муну менен казак мушкерлери бул жолку оюндарда төртүнчү жолу алтын алышты. Финалда Данияр өзбекстандык 23 жаштагы Шахрам Гиясовду жеңип кетти. Буга чейин ушул эле салмакта Афиныда Бахтияр Артаев, Бээжинде Бахыт Сарсекбаев, ал эми Лондондо Серик Сапиев алтын тагынган.

- Өтө кубанычтамын. Бардык мени колдогондорго, көмөктөшкөн агаларыма рахмат. Атама ыраазымын. Буга чейин алган жараатым бир аз кансырагандай болду. Бирок аягына чейин өтө кыйын болгонуна карабай чыктым. Жеңишимди арийне казак элиме, өз калкыма арнайм -деди кубанычтан көз жашын сүрткөн Данияр Елеусинов.

Олимпиада чемпиону Данияр Елесуинов.
Олимпиада чемпиону Данияр Елесуинов.

Жарым финалдык таймашта Елеусинов француз мушкери Сулейман Сиссоко менен беттешкен. Бул мелдеште казакстандык спортчу кашы айрылып, катуу жаракат алды. Даниярдын атасы, өзүнүн эле машыктыруучусу Марат Елеусинов жараатынан уулу финалга чыкпай калабы деп кооптонгон.

- Жараат чоң эле болчу. Көлөмү 10 сантиметр экен. Көзүнө чейин жетиптир. Катуу сокку алса, жарааты кайра ачылмак. Өзбек мушкери чабуулду жакшы эле жасап жатты. Данияр тез-тез кыймылдап, коргонууга мажбур болду. Эң негизгиси казак элинин үмүтүн актады.

Ушул эле күнү казакстандык балбан кыз да дагы бир медалды капчыкка кошту. Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 69 килограммага чейинки салмакта Элмира Сыздыкова коло медалга татыды.

Жалпысынан 12 медал алган Казакстан жалпы командалык эсепте азырынча 18-орунда турат.

Риодогу Олимпиада оюндарынын 12-күнү Жапония, Кытай жана Кошмо Штаттар үчүн ийгиликтүү болду. Бул күнү жапониялык Каори Ичо кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү ирет Олимпиада чемпиону аталды. 58 килограммга чейинкилер арасындагы күч сынашкан Каори Ичо финалда орусиялык Валерия Коблованы 3-2 эсебинде жеңди.

Ичо төрт олимп оюндарында катары менен алтын уткан жалгыз аял спортчу болуп калды. Ал алгачкы алтынды 2004-жылы Афиныда өткөн оюндарында өз капчыгына салган эле. Ичонун дагы бир жердеши Сара Досо 69 килограммга чейинкилер арасында дагы бир орусиялык Наталья Воробьеваны жеңип, алтын тагынды. Ал эми 48 килограммга чейинкилер арасында Эри Тосака азербайжандык Мария Стадникти жеңүү менен өз өлкөсүнүн капчыгына алтын медал кошту.

Кытай жалпы командалык эсепте 54 медалы менен үчүнчү орунда. Шаршембиде Кытай стол тенниси боюнча абсолюттук чемпион экенин дагы бир ирет далилдеди. Ма Лонг жана Чжан Цзике жапон спортчуларын 3-1 эсебинде утушту.

Кошмо Штаттар 93 медалы менен жалпы командалык эсепте көч башында келатат. Оюндардын 12-күнүндө узундукка секирүү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Тиана Бартолетта жана тоскоолдуктар менен чуркоо боюнча Брианна Роллинс алтын алышты. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Тианна Бартолетта узундукка секирүү боюна өзүнүн мурдагы көрсөткүчүн жаңылап - 7,17 метрге секирди.

Ошентип жалпы командалык эсепте азыр Кошмо Штаттар, Кытай жана Британия азыр алдыңкы үч орунду кармап турушат.

XS
SM
MD
LG