Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Саддам Хуссейндин сарайы музейге айланды


Басра шаары
Басра шаары

Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хуссейндин Басра шаарындагы сарайы музейге айланды. Эми музей бул аптадан тарта искусство сүйүүчүлөрүн кабыл ала баштайт.

Ага 1991-жылы Перс булуңунда чыккан согуштан бери жабык турган шаардык музейдин экспонаттары коюлду. Бул шаардык музей Басранын байыркы райондорундагы эски имаратта эле. Согуштун кесепетинен ал имарат кыйрап, музейдин иши токтоп калган.

Саддам Хуссейн 2003-жылы бийликтен кулатылган. Британ күчтөрү Басра шаарынан чыгып кеткенден беш жыл өткөндөн кийин анын сарайы Ирактын маданий мурастар боюнча агенттигине берилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG