Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Саламаттык сактоо жааты качан оңолот?


Деги кыргызстандык карапайым дарылануучулар өз укугун биле турган күн болобу?

Медицина тармагында көптөгөн гранттар бар, гуманитардык жардам катары аппараттар келип турат. 5 жашка чеийнки балдарга медициналык жактан тейлөө акысыз деп коюп, аны караганга 200-500 сомго чейин талап кылышат.

Көрүп дары жазып берүү, же ооруканага жолдомо жиберүү, 5 жашка чейинкилердин акысыз жатышы үчүн, же өйдө жактан тааныштарга чалдыртып дайындатып, же акча бергенде гана жаткырат. Антпесең орун жок деген шылтоону айтышат. "Бош орундар бар го" десең "ал абдан оор абалдагыларга" деп коюшат.

Рентген жана башка аппаратка акы төлөйсүң, ооруканага жаткан күндө да баласы үчүн дарыларды ата-энеси сатып келип бериш керек. Кээде ийнеден бери аласың. Оору тууралуу китепче ачтырганга (история болезни) 100 сомдон өйдө алышат. Массаж жасаган дарыгерлер ар бир баладан 1 самын, 1 крем же вазелин алышат.

Палаталарды дарыгерлер ич ара бөлүшүп алган, аларга да акча карматпасаң 3 күндөн кийин эле бошотуп, "калганын үйүңдөн дарылан" деп ачык эле талап кылышат. Тыйын берсең дагы 1 жума жатасың.

Эмне үчүн ошол бекер көрсөтүлчү процедуралар тууралуу эч бир жаран билбейт, же эч жерде жазылбайт? Тамак-аштары өзгөчө болгон балдар бөлүмдөрүндө сууга бышкан тамактар, нанды кээде берет, кээде бербей деле койот. "Жок окшойт" деп айтайын десең текшерүүчүлөр келээрде таттуу тамак, нан жайнап калат. Мына ушундай учурда текшерүүчүлөр да бир күн мурда айттырбай, күтүүсүз келсе жакшы болмок.

Ошондой эле ооруканаларда жада калса полду ата-энелерге жуудурат. Аткаминерлер алдын ала телефон чалып келгени үчүн аларга мындай көрүнүштөр алыс болсо керек. Ошон үчүн алар буларды көрбөйт. Эгер ушуларды өз көзү менен көргүлөрү келсе, анда бир эле баланы текшертип койгулачы.

Эч бир жерден ОМС жардамын көрө элекпиз. Ошон үчүн өкмөт айлыктан Социалдык фонд үчүн кармабай эле койсо жакшы болмок. Андан көрө ал акчаны дарыгерлерге эле берели.

Азырынча эмдөөдөн башка эч бир нерсе акысыз эмес. Дарыгердин даражасына ылайык, 1 жолу текшерүү 200 сомдон 500 сомго чейин турат. Ал эми сен жок дегенде 3-4 жолу барасың.

Эмне үчүн ушул балдардын оорусунан акча жасайсыңар? Өзгөчө Жал районундагы Балдар ооруканасына сөз жок! Жашыруун камера менен барып көрсөңөр. Ыйлаган ата-энелерди, талап кылган дарыгерлерди көрөсүңөр. Сиздер ушул маселелерди өкмөткө жеткирип койсоңор. Жок дегенде ушул балдарды дарылоодо жеңилдиктер болсо экен.

Айгүл Чолпонбаева
XS
SM
MD
LG