Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

“Бир дүйнө” фестивалы: Адилеттик жана сүйүү жеңет


Прагадагы "Бир дүйнө" даректүү кино фестивалынын плакаты. 2011-жылдын 12-марты. (Т.Чоротегин). "Азаттык" үналгысы.
Прагадагы "Бир дүйнө" даректүү кино фестивалынын плакаты. 2011-жылдын 12-марты. (Т.Чоротегин). "Азаттык" үналгысы.

Чехиянын ордо шаары Прагада дүйнөдөгү укук коргоо көйгөйлөрүнө арналган даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө” фестивалы өтүп жатат. 17-мартта жыйынтыкталчу бул фестивалга Кыргызстандан да өкүлдөр катышууда. Алар мындагы жаңы даректүү тасмаларды быйыл күздө Кыргызстандын ар кыл дубандарында өтчү “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалына катыштыруу үчүн сүйлөшүү жүргүзүшүүдө.


Тасма жана укук үчүн күрөш

8-мартта расмий ачылган бул “Бир дүйнө” фестивалы Прага шаарындагы көрүүчүлөр үчүн салттык майрамга айланды десек болот.

Фестивалдын ачылыш салтанаты маалында кыргызстандык укук коргоочу, ушул тапта абакта отурган Азимжан Аскаровго “Зардыккан кишилер” бейөкмөт уюмунун “Гомо Гомини” сыйлыгы ыйгарылды.

Сыйлыкты анын уулу, зергер Шерзад Аскаров алганын “Азаттыктын” угармандарына учурунда маалымдаган элек.

“Бир дүйнө” фестивалынын уюштуруучуларынын айтымында, калайыкка тартууланган даректүү тасмаларды Чехияда жыл сайын жүз миңдеген киши көрөт.

Орто жаш – чек эмес

Быйылкы жаш көрүүчүлөрдүн арасында “Азаттыктын” стажеру, кыргызстандык Арслан Канат уулу да болду.

Ал өзүнө британдык режиссер Дилан Уилямстын (Dylan Williams) “Сууда сүзгөн эркектер” (Men Who Swim) деп аталган жана 2010-жылы чыккан тасмасы абдан жакканын айтты.

- Мага "Сууда сүзүп жүргөн эркектер" деген тасма абдан жакты. Бул Швецияда жашап жаткан британдык режиссердун киносу. Тасмада жашы орто жашка келип калган эркектер синхрондук сүзүү боюнча чемпионатта биринчиликти жеңип алышат. Бул тасмадагы эркектер өзүлөрүн турмуш казанында саал жоготуп койгондор, бирок ушул көркөм сүзүү чемпионаты менен алар жашоонун негизги маанисин кайра таап алышат. Чемпионатка катышууга даярдык маалында ар кимиси өзүнүн кимдигин тапканга чогуу аракет кылышат. Менимче, бул тасмада достук маселеси дагы абдан жакшы көрсөтүлгөн.

Сүйүү жеңет

Ал эми шведдик жана даниялык даректүү киночулардын “Согуш маалындагы махаббат” (Love During Wartime) тасмасын көрүп кайткан кесиптешим, “Азаттык” үналгысынын деректири Венера Сагындык кызы мындай пикири менен бөлүштү:

- Биз 5-6 тасманы көрдүк жана ошолордун ичинен мага "Согуш маалындагы махаббат" деген тасма абдан жакты, ал израилдик бийчи Жасмин деген кыз менен палестиналык Осама аттуу жигиттин ортосундагы сүйүү туралуу экен. Тасманы швециялык Габриела Байер деген режиссер алты жыл бою тарткан экен.

Экөөнүн мамилеси кандай өнүккөнүн, кийин экөө үйлөнгөнүн көрдүк. Анан алардын эки атажурту тең аларга Израилде же Палестинада туруктуу жашоого уруксат бербей койот экен.

Жаш жубайларга өз мекенинде жашоого мыйзамдуу жол табылбай, жумушка орношо албай абдан кыйналышканда акыр аягында Германияга иммиграцияга (бозгунга) кетип, ал жактан нөлдөн баштап далай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, экөөнүн мамилеси улам жаңы тосколдуктарга туш болот. Ошентсе дагы махаббат жеңет. Тасманын аягында экөө кыздуу болуп, Венада Осама сүрөтчү, Жасмин бийчи болуп иштеп, айтор, экөө жакшынакай үйдө жашап жатканына күбө болобуз.

Бул тасма - согуш болуп жаткан учурда дагы каршылаш тараптын эки өкүлү – кыз-жигит бири бирин сүйүп калса, “эч кандай тосколдуктарга карабай сүйүү баары бир жеңет” деген ойду камтыйт
.

Барымтачынын катасы

Британдык режиссер Марк Хендерсон (Mark Henderson) мырза Прагадагы фестивалга “Менин барымтачым” (My kidnapper) тасмасын сунуштаган.

Бул тасмада колумбиялык партизандык топ кантип Маркты жана башка эки европалык, үч израилдик туристти 2003-жылы барымтага алышканы, Марктын үч айдан ашуун убакыт чытырман токойдо туткунда жатканы жана андан кийинки окуялар сыпатталат.

Британ режиссеру Марк Хендерсон "Бир дүйнө - 2011" даректүү кино фестивалына катышты. "Люцерна" кинотеатры. Прага шаары, Чехия. 2011-жылдын 12-марты. (Т.Чоротегин). "Азаттык" үналгысы.

Колумбиялык партизандар бул чара аркылуу дүйнө жүзүнүн көңүлүн өз атажуртундагы жакыр жана эзилген катмарлардын азаптуу тагдырына бурдурууга аракеттенишкен.

Алардын бири, өзүн Антонио деген жашыруун ат менен тааныштырган киши кийинчерээк Маркка беш жылдай электрондук кат жазып турган.



Акыры Марк Хендерсон кайра Колумбия чытырманына кайтып барып, Антонио жана анын жөкөрлөрү менен жолуккан.

Тасмада өздөрү адил ниет – асыл максатка багытталган деп ойлогон күрөш үчүн башка кишилерди барымтага алып, алардын эркин жашоо укугун тебелешкени өтө кечиримсиз жаңылыштык болгонун бул барымтачылар аңдашканы жана мурдагы туткундарынан кечирим сурашканы чагылдырылган.

Бул тууралуу режиссер Марк Хендерсон чех көрүүчүлөрү менен 14-марттагы жолугушуусунда мындай деп айтты:

- Кейиштүүсү, Колумбияда барымтага алуу коомдун обочо калган бөлүгүндө жашоо бейнесине айланган. Мен өзүмдү барымталаган Антонио менен эле эмес, Э-Эл-Эн (ELN) партизандык уюмунун башка өкүлдөрү менен да сүйлөштүм. Бул уюмдун мурдагы жетекчилеринин бири мындай барымтага алуучулукту күрөш каражаты катары колдонууну таштап, жаңы багытка илгерилешибиз керек деп айтып жатты.

Колумбияда барымтага алуу аркылуу эркинен ажыратуунун курмандыктары дагы эле сарсанаа кылган көрүнүш экенин Латын Америкасы боюнча чех адиси Надя Заводникова айым да белгилейт:

- "Либерта" кору сыяктуу уюмдардын жана бийликтин расмий маалыматына караганда, Колумбияда болжол менен 120дай киши барымтада кармалууда, алардын 21и такталган. Демек, партизандык топтор бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп, тутулуп жаткандарды кандайдыр-бир жеңилдикке айырбаштагысы келет. Бейөкмөт уюмдардын эсебине караганда, болжол менен 300дөй киши Колумбияда барымтада жатат.

“Бир дүйнөнүн” сапары

Прагадагы быйылкы иш-чаралар аяктаган соң, “Бир дүйнө” фестивалы андан ары Чехиянын 33 шаарын жана шаарчаларын кыдырат. Маселен, Брно шаарындагылар фестивалдагы тасмаларды 22-29-мартта көрүшсө, Микулов шаарында 7-10-апрелде бул тасмаларга карата өз бааларын беришет.

Быйыл 17-20-майда ушундай эле “Бир дүйнө” аталышындагы даркетүү тасмалар фестивалы Белгиянын ордосу Брүсселде да өтүүдө.

Айтмакчы, мурда да кабарлаганыбыздай, “Атуулдар коррупцияга каршы” уюму демилгечиси жана уюштуруучусу болгон “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалы быйыл күздө Кыргызстандын ар кыл аймактарында өтүүдө.

Бул бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Лира Исмаилова жана Аида Байжуманова ушул тапта Прага фестивалына катышып жаткан даректүү тасмалардын режиссерлору жана продүсерлери менен алардын чыгармаларын Кыргызстандагы фестивалга катыштыруу жаатында сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Айтмакчы, жогоруда сөз кылынган режиссер Марк Хендерсон биз менен маегинде күзүндө Кыргызстанга барып, “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалына катышуу ниетин билдирди.

Сапарың байсалдуу болсун, "Бир дүйнө"!
XS
SM
MD
LG