Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

"Бир дүйнө": демократияга кимдин акысы бар?


Шимон Панек фестивалдын ачылышында, Прага, 6-март, 2012
Шимон Панек фестивалдын ачылышында, Прага, 6-март, 2012

Чехиянын борбору Прагада кечээ Адам укуктары боюнча “Бир дүйнө” документалдуу фильмдердин фестивалы ачылды. Быйыл 14-жолу өтүп жаткан фестивалда 10 күн бою 70 өлкөдөн жүздөгөн тасмалар көрсөтүлөт. Быйылкы негизги көңүл айтылуу “арап жазына” бурулгандай.

Чындап эле, “арап жазы” быйылкы фестивалдын негизги темасы экенин анда көрсөтүлө турган тасмалардан, негизги конкурстук программада атайын “Каршылыктар, тополоңдор жана ыңкылап” деген фильмдер түрмөгүнөн байкаса болот.

Кечээ “Бир дүйнө” фестивалы кыргызстандыктарга “Ала качуу” деген тасма аркылуу кеңири таанымал кинорежиссер Питер Ломдун Египеттеги ыңкылап тууралуу “Кайрадан майданга” деген фильми менен ачылды.

Бул тасмада Египеттеги ыңкылап катардагы жарандардын турмушуна кандай таасир эткени жөнүндө айтылат.

Чех-канадалык режиссер Питер Лом өзү “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, кайсыл гана тасмага киришпесин, ал эң оболу адамдын укугу тууралуу болушу зарыл деп билээрин, бирок ага укук коргоочу же активист эмес, эркин, бейтарап караган журналист катары мамиле кылаарын айтты.

"Мен адам укуктарына кызыгам, бирок ага активист эмес, кино жасоочу катары карагым келет. Ар бир тасмага убакыт кетет. Мен бир теманы, адатта, эки жылда тартам. Чынын айтсам, мен көңүл ачуучу жеңил-желпи кино тарткым келбейт, ишимде мааниси болушу керек деп эсептейм. Тасмаларымдын географиясы аларда көтөрүлгөн проблемага жараша кеңири болушу мүмкүн. Маселен, алгачкы тасмамды - Кыргызстанда кыз ала качуу тууралуу тарткам. Андан кийин Кытайдагы уйгурлардын кысмакталышы жөнүндө тасмам чыкты. Андан ары Иранда Махмуд Ахмединежадга кайрылдым. Эми - Египет", - дейт режиссер.

Гүлбара Төлөмүшева, Прага, 6-март, 2012
Гүлбара Төлөмүшева, Прага, 6-март, 2012
Чехиядагы “Бир дүйнө” фестивалы кыргызстандыктарга кеңири таанымал. Анткени соңку беш жылдан бери ал Кыргызстанда да өткөрүлүп келатат.

Бул ирет “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынан да Чехиядагы окуяга атайын өкүлдөр келишти. Алардын бири, белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева “Азаттыкка” сүйлөп жатып, алар Кыргызстандагы быйылкы фестивалдын эл аралык конкурсуна ушул жактан тасмаларды тандап кетишээрин, “арап жазы” жөнүндө фильмдер кыргыз көрөрмандар үчүн да кызыктуу болот деп ишенээрин айтты.

"Анткени “арап жазы” өзү 2005-жылы бизден башталбады беле. Бул биз үчүн да мааниси бар тасмалар. Элдик нааразылыкты биз коңшулаш Казакстанда да байкадык. Бул өлкөдө азырынча документалдык кино өнүккөн эмес. Алар быйыл майда даректүү тасмалардын фестивалын өткөрүшөт, бирок анын максаты, багыты бир аз башкачараак. Казакстандагы документалдык кино өзүндөгү окуяларды реалдуу чагылдыргыдай деңгээлге чыгышы үчүн ага жардам керек", - деди Г.Төлөмүшева.

Прагадагы “Бир дүйнөнү” көптөн бери “Муктаждыктагы адамдар” деген бейөкмөт уюм уюштуруп келатат. Анын аткаруучу директору Шимон Панек бизге мындай деп түшүндүрдү:

- Бул фестиваль негизинен чех көрүүчүлөрү үчүн өткөрүлүп жатат. Адатта фестивалдагы тасмаларды көрүүгө 100 миңдей адам келет. Негизги эле максатыбыз – чех эли дүйнөдө болуп жаткан маанилүү окуялардан кабардар болсун дейбиз. Бул тасмалар ошол мамлекеттердеги демократияны самаган элге тикелей жардам болбошу мүмкүн. Бирок бүгүнкү глобалдашып кеткен дүйнөдө бир мамлекеттеги адам укуктарындагы проблемаларды башка өлкөлөрдөгү элдер билиши зарыл деп ойлойм. Бирок биз быйыл жалаң эле арап дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө тасмалар менен чектелбейбиз. Бизде постсоветтик өлкөлөрдө тартылган фильмдер болот, экологиялык проблемалар, адам аткезчилиги, кулчулук, иши кылып, 70тей өлкөдөн жүздөгөн фильмдер көрсөтүлөт.

Эрдик үчүн сыйлык

Фестивалдын маанилүү бөлүгүнүн бири – "Хомо Хомини" сыйлыгы. Быйыл “өз өмүрүнө тикелей коркунучтарга карабай, эрдик менен элге жардамын аябай жаткандыгы үчүн” Сирияда иштеген дарыгерлер тобуна берилди. Сыйлыкты алып жатып, сириялык доктор Мухаммад Абдал Хади эл аралык коомчулук анын өлкөсүндөгү абалга көңүл бурушу зарыл экенине басым жасады.

"Мен сиздердин алдыңыздарга бүгүн эркиндикти самап, бул үчүн бүт нерсесин жоготкон жердин элинен келип отурам. Соңку 12 айдан бери Сириянын эли өзүнүн үнү угулушун талап кылып келатат. Миңдеген адамдар набыт болду, канчалары жаракат алып, камакка отургузулду. Бүгүн мен сиздердин алдыңыздарга Сириянын жөнөкөй бир жараны катары келип турган чакта президент Башар ал-Асаддын аскерлери балдарды, аксакалдарды өлтүрүп, аялдарды зордуктап, кыйнап жаткан чагы. Алардын мындай аракетине азырга чейин эл аралык коомчулук жетиштүү жооп кайтара элек", - - деди өз сөзүнүндө доктор Мухаммад Абдал Хади.

Айта кетүүчү жагдай, бул сыйлык былтыр кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго ыйгарылган. Аны Прагада Аскаровдун уулу Шерзоддун колуна тапшырышкан эле. “Муктаждыктагы адамдар” уюму Аскаровго сыйлык “өтө татаал кырдаалда адам укуктары үчүн күрөшүп, өзүнүн адаттан тыш каармандыгын көрсөтө алгандыгы” үчүн ыйгарылгандыгын белгилеген.

Азимжан Аскаров Кыргызстанда 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга катышы бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG