Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүнө окуткан эки гана мектеп калды. Спорт адистерин даярдаган Дене тарбия жана спорт академиясы да кышкы спорттун түрлөрүнө багытталган адистерди даярдоону 20 жылга жакын убакыттан бери токтоткон.

Уран Алиев лыжа менен чуркап жарышуу адистиги боюнча Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясын 1995-жылы аяктаган.

Андан кийин Нарын шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр мектебинде кесиби боюнча үч жылга жакын машыктыруучу болуп эмгектенген. Кийин спорттун кышкы түрлөрүнө мамлекет көңүл бурбай, каражат аздыгынан ийрим жабылып, көпчүлүк адистер кетип калганын айтты:

- Убагында СССРдин спорт чебери наамына ээ болгон спортчулар бар эле. Азыр алар өз кесиби боюнча иштей албайт. Бири теннистен, бири волейболдон сабак берип жүрөт. Мен да үч жыл иштедим. Лыжа жарышы - кымбат спорт. Ага керектүү шаймандарды сатып алууга көп каражат керек.

Нарын шаарындагы Ала-Мышык тоо лыжа базасы. 16-январь,2015-ж.

Нарын шаарындагы Ала-Мышык тоо лыжа базасы. 16-январь,2015-ж.

Уран Алиев учурда Нарын облустук балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору. Ал жетектеген мектепте өспүрүмдөр 10дон ашуун спорттун түрү боюнча машыгат. Анын ичинен тоо лыжасы менен хоккей боюнча ийримди тандагандар да бар.

- Союздан калган Тоо лыжа базасы спорт мектебинин балансында. Учурда ал жакта 100гө жакын өспүрүм машыгат. Хоккей секциябызда да өспүрүмдөрдү даярдайбыз.

Спорттун кышкы түрлөрү боюнча мамлекетке караштуу спорттук мектеп Каракол шаарында да бар. Анда өспүрүмдөрдү тоо лыжасы боюнча даярдашат.

Жогорудагы эки мектептин тарбиялануучулары тоо лыжасы боюнча ич ара мелдештерге катышып турат. Бирок бул спорттун түрүнөн өлкө чемпиондугу өткөрүлбөйт. Тажрыйбалуу адистер да бул тармакта жетишсиз экендиги буга чейин айтылып келген.

Кышкы спорттун кайсы түрлөрү жанданууда?

Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы кышкы спорттун түрлөрүн окуткан мектептер жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда жеке менчик мектептен сабак алгандар тоо лыжа базаларында инструктор болуп иштеп жүрүшөт.

1995-жылга чейин Дене тарбия жана спорт академиясында тоо лыжасы жана лыжа менен чуркап жарышуу боюнча адистиктер даярдалып келген. Аталган окуу жайдын ректору Токтобек Иманалиев бул спорттун түрүнө керектүү инвентарлардын кымбаттыгынан жана аталган адистиктер боюнча каалоочулардын жоктугунан адистер даярдалбай калгандыгын айтты:

- Бизде СССР кезинде кышкы спорттун түрү боюнча атайын кафедра бар эле. Каржы тартыштыгынан улам ал жоюлуп кеткен. Учурда бизде окуган студенттерге кайсы адистик болбосун лыжа тебүү боюнча кыскача курс окутулат. Алар тоого чыгып, лыжаны туура тебүүнү үйрөнүшөт. Алар кааласа кийин өзүнүн кесибинен сырткары лыжа тебүү боюнча машыктыруучу болушса да болот.

Кыргызстанда акыркы учурларда тоо лыжасынан сырткары хоккей, сноуборд, муз үстүндө бийлөө боюнча спортчулар машыгып жүрөт. Бул спорттун түрлөрүнөн мектептер жок болсо да, аталган саамалыктар айрым бир адистердин жеке демилгеси менен ишке ашып келет. Муз үстүндө бийлөө өлкөбүздө 2010-жылдан кийин жанданган. Ал учурда Бишкек шаарында жыл бою иштей турган жабык имараттагы жасалма муз майдандары ачылып, Казакстандан келген машыктыруучулар өспүрүмдөрдү машыктырып башташкан. Алардын шакирттери учурда эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке жете баштады.

Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон көлүндөгү музмайдандагы хоккей оюну. 2006-ж.

Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон көлүндөгү музмайдандагы хоккей оюну. 2006-ж.

Шайбалуу хоккейдин Кыргызстандагы жаралуу тарыхы 1997-жылдан башталат. Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыповдун айтымында, ал кезде алгачкы оюндар Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон көлүнө тоңдурулган табигый муз майданда өткөрүлүп жүргөн. Кийин бул саамалык Кыргызстандын башка аймактарына да таралып, учурда хоккей ойноочулардын катары көбөйүүдө.

- Учурда Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал райондорунда жана Ысык-Көл облусунун бир нече айылдарында кышкы мезгилде муз тоңдуруп ойноп жүрүшөт. Андан сырткары Бишкек шаарындагы жабык имараттагы эки муз майданында жылына 10 айга жакын убакытта хоккей ойноого болот. Бул муз майдандарда өспүрүмдөрдүн хоккей командасы бар. Хоккей боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өткөрүлүп турат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорт массалык иштер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Канат Арпачиев кышкы спорттун түрлөрү акыркы учурда Кыргызстанда жанданып бараткандыгын белгиледи:

- Мурда сноубордчулар жок эле. Бул спорттун түрү Азия, Олимпиадалык оюндардын программаларына киргизилип, аны менен машыгып, ийгиликке жете баштаган мекендештер бар. Кытайда өткөн Азия оюндарында улуттук кураманын мүчөлөрү алтынчы орунду алышкан. СССР жоюлгандан кийин мамлекетке караштуу бир катар тоо лыжа базалары менчикке кетип, иштетилбей калган. Акыркы жылдары тоо лыжа базалары иштерин жандантып, жарандар тоого лыжа тепкени массалык түрдө барып жатканын байкоого болот. Кыргызстандын 94 пайызы тоолуу район болгондуктан кышкы спортту өнүктүрүү өзүнчө тармак болуп эсептелет. Бул багытта иштер азыр жасала баштады.

Кышкы спорттун түрүнө арналган мектеп ачуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан демилгеленип жатканын аталган агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешов маалымдады:

- Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө арналган мектепти ачуу менен хоккей, муз үстүндө бийлөө, лыжа тебүү өңдүү спортторду өнүктүрүп, аларды мамлекет тарабынан каржылоого шарт түзүлөт.

Учурда спорттун кышкы түрлөрүнө арналган мектепти ачуу үчүн долбоор даярдалып, өкмөттүн кароосуна жиберүүгө аракеттер жасалып жаткандыгын агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG