Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Эмне үчүн борбор азиялыктар Сирияда согушат?


"Сириядагы 150 казак". Видеодон көрүнүш, 21-октябрь, 2013.

"Сириядагы 150 казак". Видеодон көрүнүш, 21-октябрь, 2013.

Казакстандын УКМКсы Сирияга кеткен казак жарандарын мекенине кайтаруу иши жүрүп жатканын кабарлады. Жакында интернетте пайда болгон видеодо 150 казак жараны Сирияга “жихад” же “дин үчүн ыйык согушка” барышканын айтышат. “Борбор азиялыктар “жихадга” үндөгөн согушка эмне үчүн тартылып жатат?

Сирияда президентке каршы чыккан исламчыл козголоңчуларга кошулганы баргандардын ичинде буга чейин кыргызстандык жана тажикстандыктар жөнүндө айтылган.

Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө акыркы 2,5 жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. 20 миллиондон ашуун калкы бар Сириядагы бул согушка түрдүү саясий, социалдык карама-каршылыктардан сырткары, этно-диний, исламдагы суннилер менен шийилердин карама-каршылыгы да себеп болгону айтылууда. Бирок кантип бир өлкөдөгү конфликт бүтүн дүйнө боюнча радикал исламчыларды өзүнө тартып калды?


Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мурзубраимов: Мен Түркиянын бир топ маалымат каражаттарынан билгениме караганда, Түркиянын өзүнүн коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү Сирияда президенттин режимине каршы күрөшөм дегендерди чек арадан өткөрүп коюшат экен.

Анын үстүнө Сириядагы алавиттердин саясаты буга чейин эл аралык деңгээлде көп деле чочулоону жаратпаганын эске алганда "Кантип акыркы эки жылда Асадга каршы чыккандар көбөйүп кеткени" суроо жаратат. Азыр бул бир эле Сирияга тиешелүү согуш эмес. Ливандагы “Хезболла” Асад тарапта, “ал-Каида” куралчан оппозиция тарапта согушуп жатышат.

Буга кошумча жихаддык идея менен Ооганстанда согушуп келген куралчандар эми Сирияга өткөнү да мында чоң сырткы күчтөрдүн таасиринен кабар берет. Бул жерде дагы бир маанилүү маселе бар. Акыркы кездери карасаңыздар, бул жерде суннилер менен шийилердин гана тиреши эмес, Ирак, Сирия, Түркиянын аймагында күрддөрдүн да активдешүүсү байкалууда. Демек келечекте бул жерде күрд мамлекетин курууга да аракеттер көрүлүшү мүмкүн десек болот.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Шухрат Бобожон: Мен бир апта мурда эле Түркиянын Сирия менен чек арасындагы Хатай, Мерсин деген жерлерде болдум. Азыр дүйнөдөгү моджахеддик идеясы менен жүргөндөр үчүн Ооганстан темасы жабылып, “Сирия магнити” деген түшүнүк пайда болду. Мен ал жерде Түркияга барып, андан ары Сирияга барып согушам деп жаткан норвегиялыктарды, германиялыктарды, анан борбор азиялыктарды көрдүм.

Түркиянын чек арасынан Сирияга өткөрүп кое турган адамдар бар экен. Алардан: “Мен да журналист катары барып келсем болобу?”, - десем болбой коюшту. Жалаң гана ал жакка президент Башар ал-Асаддын режимине каршы күрөшөм деген ниетте барсаң жардам беришет экен. Намангандык бир өзбек жигит менен ооруканада көрүштүм. Ал бутунан жаракат алганын айтты. Ал мага Сириядагы согушка акча үчүн барбаганын, жихадчылык идеясы менен барганын айтты. Бирок аларда “ганимат” деген идея бар экенин айта кетиш керек, бул – аскерий баскынчылык жол менен алынган мүлк. Алар өзүнүн чыгашасын жабыш үчүн басып алган жерлердин мүлкүн ээлейбиз дешет.

“Жабхад ан-Нусра фронту” деген радикалдык топ бар (бул террористтик уюмду көпчүлүк маалымат каражаттары “ал-Каиданын” Сириядагы өкүлчүлүгү катары аташат – ред.). Ошол топтогулардын ичинде 50гө жакын өзбек бар экен. Алар эмне үчүн суннилер басымдуулук кылган өлкөнү президенттин кичинекей алавилер тобу башкарат деп, ошого каршы күрөшүп жатышканын айтышты.


“Азаттыктын” казак редакциясынын кабарчысы Эржан Карабек: Азыр Казакстандын бийликтери кантип эле 150дөй жараны Сирияга согушка аттанса, ошону алдын ала билбей калды деген суроо жаралып жатат. Чынында, казак бийлигиндеги түрдүү топтор бийлик талаш, таасир үчүн күрөш менен алек болуп жатышканда төмөнкү катмарда эмне болуп жатканы менен иши болбой калган болушу мүмкүн. Калың элдин катмарындагы идеологиялык боштукту эмне менен толтурабыз деген ой жоопсуз калгандай. Казакстанда соңку 15 жылдын ичинде байкалган радикалдашууга каршы күрөш катары бийликтер аларды кысмактоону гана тандашты. Аларга “сыртка чыгып кеткиле” деген өңдүү саясат жүргүзүлдү. Мындай учурда ошол радикалдык идеялар менен сугарылган катмарда кабыл албоо, каршылык көрсөтүү сезими пайда болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG