Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

“Өңүт” программасында бул ирет Борбор Азиядагы ислам жана анын “радикалдашуусуна” себептер иликтенет.

23-январда Америка Кошмо Штаттарында өзбек жараны “террористтик уюмга иштегенге аракет кылган” деген күнөө менен камакка алынды. Былтыр дагы бир өзбек жараны Америкада президент Барак Обаманын өмүрүнө кол салууга аракет кылган деп камалган.

Тажикстанда эки жыл мурда түрдүү диний куралчан топтор менен атышуулардан кийин чет мамлекеттердеги диний окуу жайлардан өкмөт эки миңдей студентин “өтө эле радикалдашып баратат” деп мекенине кайтарып келди. Милиция мечиттер менен айылдарда балдарды үйлөрүндө окуткан молдолорду катуу текшерүүлөргө, тинтүүгө алып, рейддерди өткөрдү.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн жылдын соңунда Тажикстанга барганда, расмий Дүйшөмбү менен Ташкен дин саясатын кайра карап чыгышы важип экенин, диний эркиндиктин жоктугу акыр аягында бийлик үчүн оор кесепетин тийгизээрин айтты.

Кандай кесепет жөнүндө сөз болушу мүмкүн?

Борбор Азия жаштарынын проблемасынын ушул өңүтү - диний радикализм – бүгүнкү программанын негизги өзөгүн түздү.

Медербек Кадыров учурда Анкара университетинин Коомдук илимдер институтунда ислам агымдарынын тарыхын иликтеп, ал боюнча доктордук ишин жазып жатат.

Медербек Кадыров

Медербек Кадыров

“Өзгөчө, 1990-жылдарга чейин биз сырткы дүйнөдөн бөлүнүп жашаганбыз да. Анан эгемендикке ээ болгонубуздан кийин Борбор Азияга сырттан ушунчалык көп диний агымдар кирип келишти. Алар руханий боштукту толтурууга аракет кылышты. Арасында бул аймактагы элдин салттык диний ишенимине анча төп келбеген агымдардын өкүлдөрү да расмий катталып калышкан жана алардын акыркы 20 жылдагы иши эми жыйынтыгын берип жатат, - дейт изилдөөчү М.Кадыров. - Бул жерде сөзсүз эле ашкере радикалдашкан исламчыл топтордон коркунуч болушу мүмкүн эмес. Маселенин баары ошол радикалдашкан топтор жана аларга каршы турган элдердин ортосунда, адамдарды дин таануу, дүйнө таанымынын ортосунда кагылыш болушу мүмкүн экендигинде турат”.

Медербек Кадыровдун айтымында, ушул тапта Борбор Азия диний мааниден алганда өзгөчө талылуу, астейдил изилдөөгө алынышы зарыл болгон учурда жашап жатат. “Анткени соңку 20 жылдык эгемендиктин учурунда мурда жергиликтүү эл тутунуп келген салттуу исламдын мүнөзү өзгөрдү”.

“Адамдар жашаган географиялык аймагына, ошол жердеги элдин каада-салттарына жараша, исламды ар кандайча тутунуп, шариаттын жолдорун чечмелеп келишкен. Ошондуктан бир эле дин экенине карабай, көптөгөн агымдар пайда болуп кеткен. Борбор Азияга келсек, биздеги исламдын өзгөчөлүгү ушул аймактагы элдердин каада-салттары менен исламды айкалыштыруу аракети болгонунда”, - дейт Кадыров.

Бул жолку берүүдө Борбор Азиядагы “салттык ислам” азыр кантип өзгөрүп жатканы жана ага эмне себеп болуп жатканы иликтенет.

“Өңүт” программабызды толугу менен мына бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG