Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Өмүркулов: Батыровдун ЕККУну колдонгону кыжыр кайнатат


КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов ушул күндөрү Македонияда өтүп жаткан ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынында Кадыржан Батыровго мүмкүндүк түзүлгөнү үчүн аталган уюмга нааразылык билдирди. "Бул көрүнүш ЕККУ Кыргызстанды сыйлабастыгын көрсөттү" деп кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстанда жүздөгөн адам өмүрүн кандуу калабаны уюштурганы үчүн күнөөлүү деп табылган адамдын ЕККУну аянтча катары колдонгонун "акылга сыйгыс" деп атады.

- Батыров сыяктуу адамдар провокация жана жеке кызыкчылыктары үчүн ЕККУну колдонгону кыжыр кайнатат. Анын сөзү Кыргызстанда жасаган оор кылмыштары үчүн жооп берүүдөн качуу аракети. Мындан тышкары биз Батыров өңдүү улут аралык кастыкты козуткан кылмышкердин батышта ээн-эркин жүргөнүнө жана айрым мамлекеттер менен уюмдардын бул багыттагы позициясына нааразыбыз.

Македониянын Скопье шаарындагы ЕККУ жыйынына Жогорку Кеңештеги КСДП, "Өнүгүү", "Ата Мекен" фракцияларынын лидерлери катышууда. 29-сентябрда башталган отурум 2-октябрда аяктайт.

Өткөн аптада Кадыржан Батыров ЕККУнун Варшавадагы отурумунда сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып, кыргыз бийлигин сындаган. Кыргызстан буга нааразылыгын билдирип, Кадыржан Батыровду ЕККУнун бардык иш-чараларына катышууга укугу жок адамдардын тизмесине кошууну талап кылууда.

Батыров жүздөгөн адамдын өмүрүн алган июнь коогасын уюштурган деп айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген, алты жылдан бери издөөдө жүрөт. Ага Швеция башкалка берген. (NT)

XS
SM
MD
LG